Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Премьер өз өкмөтүнө "3+" деген баа койду


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 14-май, 2013.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 14-май, 2013.

Кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке бир жылдык иши боюнча отчет берүүгө камданууда.

Анын алдында төрт ай мурда дайындалган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”:
Урматтуу өкмөт башчы жакында парламентте өкмөттүн отчетун берет экенсиз. Ошого байланыштуу кыргыз экономикасынын абалы тууралуу кризис болуп кетти, жок, ички дүң өнүм көтөрүлдү деген сыяктуу ар кандай пикирлер айтылып атат. Деги бүгүнкү жагдай кандай?

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул эми өкмөттүн отчетунун алдында оппозициянын, “достордун”, оппозициялык маанайда турган гезиттердин маалыматтары болушу мүмкүн. Ушундай сын болгондо мен дайыма сандар менен жооп берем. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 8,2% өстү. Былтыркыга салыштырмалуу 7,2% кошумча булактар чогулду. Кризис болсо андай акчалар кайдан чогулат эле? Инфляция 1% тегерегинде болуп атат. Төрт айда эле биз стабилдүү жолго түштүк деп айтканга эрте, бирок, ушундай жыйынтыктар бар. Бул - статкомдун жыйынтыгы. Кээ бирөө статком менен сүйлөшүп алды деши мүмкүн. Башка убакта болгондур, азыркы шартта кандай сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес. Башка булактар да бар. Айлык акыларды, пенсия, пособиелерин айдан айга берип атабыз. Буюрса биз алдыга өтө чоң дымактуу план коюп атабыз.

Ал - ички дүң продукцияны 7 %га өстүрүү, былтыркыга салыштырмалуу каржыны ички булактардын эсебинен 12 млрд. сомго көп чогултуу. Мына төрт айдын эсебинен 2 млрд. сомдон көбүрөөк чогулттук. Дагы 10 млрд. сом чогултушубуз керек.

“Азаттык”: Кайсы булактардын эсебинен?

Жантөрө Сатыбалдиев: Салыктардын эсебинен, мына былтыркыга караганда 1 миллиарддан (сом) ашыгыраак чогулттук, бажы төлөмдөрдөн да ошончолук чогулду. Андан тышкаркы булак - салыксыз төлөмдөр деп коёт, мамлекеттик ишканалардын дивиденддери. Былтыр бул убакта капиталдык салымдар баштала элек да болчу. Биз каржылоону апрелде баштадык. Ички жолдорду жамап-жаскаганга былтыркыдан көбүрөөк каражат берип атабыз.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр узакка созулат

“Азаттык”: Ошол ички дүң продукциянын өсүшүнө себепчи - Кумтөр. Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ишканасынын ортосундагы 2009-жылкы келишимди кайра кароо сунушу боюнча сүйлөшүүлөр башталдыбы, 13-14-майда башталат деген сөз болду эле?

Жантөрө Сатыбалдиев: Биринчиден, мамлекеттик комиссия жыйынтыгын парламент бергенден бери эле карап жатабыз. “Центерранын” жетекчилери менен жолугушуп, позицияларды такташтык. Биз Кумтөрдү Кыргызстан толук көзөмөлгө алышы керек десек, алар жок, 2009-жылы келишим түзгөнбүз дешти. Анан эки жак тең көз карандысыз кеңешчилерди алалы дегенге келиштик. Биз тандап жүрүп, майдын башында алдык. Алар иштеп жатышат. Кудай буюруса, бүгүн кечинде дагы жолугушууларды улантабыз. Бул экинчи раунддун башталышы. Эки жак тең: биздин да, “Центерранын” да консультанттары 60 күн мөөнөт сурап атышат. Ушул убакыт ичинде эки жакты тең канааттандыра турган сунушту беребиз.

Айрымдар мени адвокаттык кылып атат деши мүмкүн, бирок өкмөт үчүн Кумтөрдүн стабилдүү иштеши өтө зарыл. Биз биринчи раундда эле “кандай сүйлөшүү болбосун, канча жылга созулбасын Кумтөр иштеши керек” деп сүйлөшкөнбүз. Анткени ал жерде 3500 миңден ашык кыргыз жарандары жумуш менен камсыз болот. Төккөн салыгы 7 миллиард сомдон ашык. Анын баары токтоп калса, алдыдагы максаттарга жетпей калабыз.


Кумтөр алтын кени түнкүсүн, февраль, 2013.

Кумтөр алтын кени түнкүсүн, февраль, 2013.



“Азаттык”: Үч айда бүтүшү керек деген шарт коюлган. Экинчиден, 2009-жылкы келишимди кайра кароо деген өкмөттүн принципиалдуу маселеси болушу керек. Эгер орток пикир таба албай калсаңар, анда кандай болот? Мисалы денонсация деген маселе көтөрүлүп атат. “Ата Мекен” фракциясынан Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз деп айтып жиберди.

Жантөрө Сатыбалдиев: Мамлекеттик комиссия 8 ай иштеди. Депутаттык комиссия 6 ай иштеди. Өкмөткө 3 айдын ичинде жыйынтык чыгаргыла деп тапшырма беришти. Ошол жерден депутаттарга деле объективдүү болгула, бизге деле көбүрөөк убакыт бергиле деп кайрылдым. Эки комиссияда оппонент жок болчу, бизде оппонент бар, ар бир цент, тыйын үчүн талаш-тартыш болот. Үч ай ичинде отчет бергенге даярбыз, бирок келишимге келе албайбыз. Эксперттер “Центерранын” бизден башка жерлердеги кирешелерин иштеп чыгышы керек, биздин 33 пайыз үлүшүбүз бар. Убакыт керек.

Эсиңизде болсо 2009-жылкы келишим боюнча сүйлөшүү 2007-жылы башталып, эки жылга созулган. Маселе оор. Бирок биз консультанттардын маалыматтарына таянып, ишти негиздеп бере алабыз.

“Азаттык”: Эки жылга чейин созулуп кетиши ыктымалбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Андайды биздин өкмөт каалабайт. Бирок бул чоң маселелер андан да узакка созулушу ыктымал. Эсиңизге сала кетейин, мына улутташтырган объекттер бүгүнкүгө чейин аягына чыга элек.

"Азаттык": Бир жактуу денонсация деген маселени өкмөт эске алдыбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Ал боюнча дагы иштеп жатабыз, бирок негизги маселе катары караган жокпуз. Бул эң акыркы арга. Такыр эле сүйлөшүүлөргө жетише албасак, бир жактуу денонсацияга барабыз. Бул өтө оор маселе. Анда экинчи жактын эл аралык сотторго берүүгө толук укугу бар.


Кумтөр менен Жерүйдүн киндиги туташ


“Азаттык”: Кыргызстанды бага турган дагы бир кен - Жерүй. Жарыяланган тендердин мөөнөтү 13-майда бүттү. Бир эле компания арыз берди деп жатышат. Демек бул мыйзам боюнча тендер өтпөй калды дегенди түшүндүрөбү?

Алтын - иштетилгенде гана алтын, жердин алдында жатканда жер байлыгы болуп эле эсептелбесе өкмөткө, мамлекетке жардам бербейт.

Жантөрө Сатыбалдиев: Биринчиден, Жерүй маселеси өтө эле саясатташып кетти. Эл жер байлыгын толугу менен сатып жиберишти деп ойлоп атат. Өкмөттүн жер байлыктарын колдонуу укугу үчүн биринчи берген сунушу 100 млн. доллар болчу. Анан 20 жылдан бери берип-алып койгон лицензиялар боюнча сот чыгымдарын жеңип алган компания төлөмөк. Биздин оюбузча, бул жакшы эле компания болчу.
Өтө эле саясатташып кеткенден кийин өкмөт ошол 300 миллион долларга макул болдук. Ага макул болбой, эксперттер айткан 150 млн. долларга макул болсок, Сатыбалдиевди сатып алышты деп айтып чыгышмак. Же өз кызыкчылыгы бар деген кинелерди коюшат эле. Ошондуктан комиссиянын чечимин макул болдук
.
“Азаттык”: Бирок сиз макул эмес болчусуз да?

Жантөрө Сатыбалдиев: Эми ишенбөөчүлүк шайтандын иши дейт, кандайдыр бир деңгээлде болуп калабы деген үмүт бар болчу.


Жерүйдү иштетүүгө каршы митинг. Талас, 15-май, 2013.

Жерүйдү иштетүүгө каршы митинг. Талас, 15-май, 2013.



“Азаттык”: Өзүңүздүн позицияңызга туруп алсаңыз эмне болот эле?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен өзүмдүн позицияма турсам, мага коюлуп жаткан кинелердин үстүнө дагы кошулат эле. Бирок акыркы жагдай Жерүйдү иштетүү дагы бир жыл же алты айга кечикти дегенди билдирет.

Ошон үчүн мен калайык-калкка алтынды иштетүүдө эксперттердин, адистердин сөзүнө макул болсо деп кайрылат элем. Азыр бардык эле жерде биздин алтыныбыз, биздин жерибиз, 50 жылга чейин мораторий коёбуз дешет. Анда алтын чыккан жердин элине пенсия, пособия бербешибиз, мектеп, жол салбашыбыз керекпи? Таза суу чыкпашы керекпи? Алтын - иштетилгенде гана алтын, жердин алдында жатканда жер байлыгы болуп эле эсептелбесе өкмөткө, мамлекетке жардам бербейт.

“Азаттык”: Президент Атамбаев өткөндө айтты го, такыр эле инвестор табылбаса Жерүйдү өзүбүз иштетебиз деп. Ошондой мүмкүнчүлүктөр барбы, финансылык башка камылгалар дегендей...

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул Кумтөргө байланыштуу болот. Кумтөрдү жакшы чечип алсак, анда бизде мүмкүнчүлүк болот.

“Азаттык”: Жакшы чечүү деген 2009-жылды кайра кароо дегенби?

Жантөрө Сатыбалдиев: 2009-жылды кайра калыбына келтирүү эмес, аны жакшыртуубуз керек. Биз ала турган пайдалар көп болсо, мүмкүнчүлүк пайда болот. Бардык инвесторлор Кумтөр маселесин Кыргызстан кантип чечет деп карап турат. Кокусунан улутташтыруу, тартып алуу процесстери болсо, жакын арада инвесторлордон кол жууп калышыбыз мүмкүн. Мен айтып кетейин, бизде тыштан келе турган эмес, ички инвесторлор арасында саясий стабилдүүлүктү камсыз кыла албай жатат деп, башка мамлекетке барып иштеп, башка экономиканы колдоп аткан учурлар бар. Бу экономикада орустардын “акча тынчтыкты сүйөт” деген бир жакшы сөзү бар.


Өкмөт стабилдүү болбосо майнап чыкпайт


“Азаттык”: А сиз кандай ойлойсуз, саясий стабилдүүлүккө Кыргызстан баратабы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Саясий стабилдүүлүккө эми аз-аздан болсо да баратабыз, кудай буюруп өкмөттүн отчету өтүп кетсе. Азыр көп инвесторлор өкмөт эмне болот, Жогорку Кеңеш былтыркы жасаган иштерин жактырабы же жактырбайбы же баягы эле эски адатына түшүп, 6-7 ай иштегенден кийин кетеби деген кооптонуу менен карап турат. Инвесторлордо эмес, карапайым элде деле ошондой ой бар.

“Азаттык”: Өзүңүздөчү?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен өзүмдү ишенимдүү эле сезип отурам. Биринчиден, мен бир дагы саясий партияга, бир да коалицияга кирбейм. Бирок ошол эле учурда минус жактарым дагы бар. Мени колдоочу фракциям жок да. Ошондуктан мен өзүмдүн ишим менен гана жагам деген ойдомун. Бирок мен чыгымдарды азайталы деп жатам, бул көбүнө жакпай калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Бүгүн дагы бир топ сындар айтылды парламенттик комитеттерде отчетко байланыштуу, негизи эле кадр саясаты сынга алынып атат. Айрым депутаттар өткөндө “кетириш керек” деп айтып чыгышты. Сизде эч кимдин көзүнө карабай кадр тандоо мүмкүнчүлүгү барбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Андай мүмкүнчүлүк бар. Бирок коалициялык өкмөттүн табияты андай эмес да. Сөзсүз түрдө коалициялык көпчүлүк менен сүйлөшүү жүргүзөм. Бирок өзүмдүн оюмду так айта алам, мунуңарды ала албайм, мунуңарды алсам болот деп. Бирок ишке келгенде ал дайыма эле төп келбей жатат да. Өздөрүнүн кишилери кетип калганда саясатчылар сындап чыгып атышат.

“Азаттык”: Улуттук кеңештин отурумунда президент министрлер жарым жыл сайын алмашып жатат, өкмөттүн иши менен стратегия дал келбей жатат деген сыяктуу сындарды айтып жатпайбы. Министрлерди дайындоодо ошондойлорго жол бербеши үчүн сиз кандай аракеттерди жасап жатасыз?

Тажрыйба диплом же компьютер менен келбейт. Бүгүн тажрыйбалуулуктардын муктаждыгы көрүнүп турат да. Убагында жаштар деле келип иштеди. Бугүнкү кризистик учурдан тажрыйба гана алып чыгат. Албетте, жаштардын энергиясын дагы колдонуш керек.

Жантөрө Сатыбалдиев: Өкмөт стабилдүү иштесе ошондо гана жыйынтык чыгат. Ар бир тогуз айда алмашып турса келечеги деле жок. Өкмөткө баа беришке бюджеттик процесстер, баары байланыштуу. Азыр майдын экинчи жарымынан биз эмдиги жылдын параметрлерин иштейбиз. Бүгүнкү жыйында деле айтылбадыбы үч жыл ичинде 5 өкмөт алмашты. Бирөө бюджетти иштеп чыгып, бирөө Жогорку Кеңештен коргоп, бирөө барып отчет берип атпайбы. Өкмөттүн жыйынтыгын чыгарыш үчүн сөзсүз түрдө убакыт керек. Муну мен өзүмдүн ордумда калайын деп айткан жерим жок.

Өкмөттүн көп иштери эки жактын сүйлөшүүсү менен болот. Анан дайыма эле өкмөт алмашат деп турса сиз менен өнөктөшүңүз олуттуу сүйлөшөбү?

“Азаттык”: Негизи ушул сиз жетектеп жаткан өкмөткө беш баллдык эсеп менен кандай баа берет элеңиз?

Жантөрө Сатыбалдиев: Үч, үч жарым деген баа берем го.

“Азаттык”: Көз карандысызмын, артыкчылыгым ушул деп жатасыз. Оппозициядан кадрларды издеп көрдүңүзбү?

Жантөрө Сатыбалдиев: Оппозициядан деле издеп көрдүм. Оппозициядан чакырып келген Масалиев төрт ай жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүч берди.
Ким менен болсо да ачык сүйлөшүүлөргө даярмын. Бизде даяр кадрлар көп дегени менен иликтей келгенде алар жок. Жыйырма жыл ичинде ичинде биз кадр даярдоо деген нерсени жоготтук. Оксфордду же Кембриджди бүтсө да, айыл чарбаны же бир чарбаны тартып кетчү бүтүрүүчүлөр жок бизде. Ал сөзсүз түрдө турмуштук университеттен өтүшү керек. Тажрыйба диплом же компьютер менен келбейт. Бүгүн тажрыйбалуулуктардын муктаждыгы көрүнүп турат да. Убагында жаштар деле келип иштеди. Бүгүнкү кризистик учурдан тажрыйба гана алып чыгат. Албетте, жаштардын энергиясын дагы колдонуш керек.

Өкмөттүн кылган ишинен кыла элеги көп. Баарыбыз эле бири-бирибизге ыраазы боло берсек, анда өсүү токтолуп калат.

“Азаттык”: Өзүңүз да айтып кеттиңиз, инвесторлор күргүштөп келип жаткан деле түрү жок. Мунун себебин өкмөттүн алсыздыгы деп сынчыларыңыз айтып жатышат. Эмне үчүн ушундай экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда эл менен өкмөт ортосунда орток пикир болбой жатат?

Жантөрө Сатыбалдиев: Кыргыздын жакшы макалы бар го “катуу бассаң таскаксың, акырын бассаң аксаксың” деген. Кокустан мен биринчи эле күнү келип, өкмөттүн жарымын алмаштырганда айтышмак, өз кишилерин алып келди деп. Тескерисинче, бүт министрликтерге, жергиликтүү кеңештерге шарт түзүп бердим. Кандайдыр бир деңгээлде биринчи кварталдын жыйынтыгы менен кээ бир министрликтердин, жетекчилердин ишине баа берсек “туура эмес, дагы иштетиш керек” деп чыгышты. Кокустан мен андай кадамга барбасам, анда алсыздык кылды деп чыгышмак. Бул жерде чындык эми ортодо турат. Мен деле туура кылдым деп айта албайм, убакыт гана тараза болот. Өкмөттүн кылган ишинен кыла элеги көп. Баарыбыз эле бири-бирибизге ыраазы боло берсек, анда өсүү токтолуп калат.

“Азаттык”: Элде келе жаткан инвесторлорду жактырбаган маанай күчтүү. Өкмөт эмне келише албай жатабы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул эми азыркы өкмөттүн күнөөсү деп айта албайм. Күнөөнү өткөн жыйырма жылга да түрткүм келбейт. Бирок ушул жылдары келген инвесторлорго кендерди жең ичинен берип, элдин кызыкчылыгы корголбогон үчүн калк дагы өз кызыкчылыгын коргош үчүн инвесторлорго көп шарттарды коюп жатышат. Муну моюнга алышыбыз керек. Биз инвесторлорго карапайым эл менен иштегенди үйрөнүңүздөр, жардам берели деп жатабыз. Түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзгөн жерлерде маселе оң жагына чечилип жатат.


Кызматтык коррупция, этика же бийлик аброю тууралуу


“Азаттык”: Бул суроону көп эле берип жатышат, жооп дагы бердиңиз. Орун басарыңыз Тайырбек Сарпашевдин тууганы тендерден утуп алыптыр, калыс утуп жеңишке жетишсе, албетте, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок этикалык жагын алганда, ушундай жогорку кызматта тургандардын жакындары коммерциялык иштерге аралашуудан окчунураак болсо, өкмөттүн аброюна көлөкө түшпөгөндөй абал түзүлөт беле, кандай дейсиз?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен толук колдойт элем, биздин чоң кызматкерлердин бир туугандары ушундай убакта алыс болуп турса жакшы болмок. Бирок эми турмуш өз нугунда кете берет экен да. Биздин өкмөттүн мүчөлөрү, өкмөт башчынын орун басарлары арасында бизнестен келгендер бар. Эки-үч министр бар, мурда бизнесте жүргөн. Тайырбек Сарпашов дагы мурда бизнесте жүргөн. Мага айтканы боюнча ал мамлекеттик кызматка келерде бизнесин тууганына өткөрүп берген. Юридикалык документтерим бар деп жүрөт. Бирок ушундай убакта алыс болсо жакшы болмок.

“Азаттык”: Ушундай эле сөз Ош-Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө байланышкан “Аль-Манар” ишканасы жөнүндө да айтылып жүрөт. Сиздин ага тиешеңиз барбы?

Жантөрө Сатыбалдиев: Менин тиешем жок. “Аль-Манар” бул активдүү өнөктөш болгон. Жанагы сиз айткандай, жаш жетекчиси активдүү, прогрессивдүү ыкмалар менен иштеп, өз кылган жумуштарын арзан баада, тез бүткөрүүгө жетишти. Ошондуктан көп объекттерди алууга жетишти. Мени менен байланыштырса, мен чогуу иштедим, аны танбайм.

“Азаттык”: Эмне үчүн коррупцияга айыпталган, кылмыш иши козголгон адамдар кайра эле кызматка отуруп калышат. Компетенттүү органдардын чала иштегениби же айып өкмөт менен соттордобу?

Жантөрө Сатыбалдиев: Кимден кетип атат, комплекстүү карашыбыз керек. Конкреттүү фактылар менен сүйлөшсөк жакшы болот эле.

“Азаттык”: Фактылар бар, мисалы, Ош социалдык университетине жаңы дайындалган ректорду алалы...

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул боюнча министрликке катуу эскертүү бердик, жакын арада баштапкы учуруна кайтарып келиши керек. Биздин өкмөттө да бир факт болду. Бир жетекчини фракция башчылары сунуш кылгандан кийин тартип коргоо органдары кат берип, анын негизинде эсеп палатасы аркылуу текшертип атабыз. Баарын камтуу кыйын болуп калып атат, бирок биз азыр бошогон орундарга келген фамилиялардын бардыгын изилдеп, тартип кызматтарынан маалыматтар болсо жол бербегенге аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандан тышкары жактарга уурдалып кеткен активдерди кайтаруу чаралары жөнүндө былтыр 12-октябрда токтом чыгардыңыз эле. Бул документ иштедиби? Иштесе кандай майнап берди?

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул токтом иштеп атат. Азыр каржылык чалгындоо, коопсуздук кызматы, прокуратура иштеп атат. Атын айтпай эле коёюн, биздин жарандын бир жерге бекиткен акчасын таап, эсебин тоңдуруп койдук. Ага соттун чечимдери чыгыш керек, кайтаруу жолдору өтө оор болот экен. Мен сизге бир эле нерсени айтайын, Кыргызстандын ичиндеги эле банк уячаларынан алынган акчалардын бардыгы бюджетке өтө элек. Мыйзам бузуш оңой экен, аны кайра тартып алыш оор маселе.

ГЭСтерди куруу башталуу алдында

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG