Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 20:01

Кыргыз адабиятында ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар.

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятында сеңирдеги жаш кулжадай бой керген бир акын алыстан көзгө урунат. Ал­ - Мидин Алыбаев. Качан болсо жаш, качан болсо курч, сүйүүгө, жашоонун кызыгына, жаштыктын оюнуна, турмуш сонунуна тойбогон Мидин Алыбаев. Ошону менен бирге эл-журт деген эмне экенин, мекенчилдик эмне экенин, ал гана эмес кең дүйнөнүн, чоң саясаттын агымын нечендерден терең да, кенен да түшүнгөн легендарлуу Мидин...

Эмне үчүн адабият тарыхында Мидин аскадагы кулжа сымал бөлүнүп көрүнүп турат? Башкача айтканда, эч кимге окшош эмес, сыңар, уникалдуу? Кыска жооп табуу кыйын болсо да, бир нерсени баса белгилей кетели: эгер Мидин Алыбаев болбосо кыргыз поэзиясынын тузу татыбай, көркү чыкпай калмак. Жалтанчаак, ийменчээк, инфантилдүү поэзия болмок. Нечен бир ойлор, сөздөр жерине жеткире айтылмак эмес. Айрыкча ашыглык лирикасында. Ошон үчүн Мидиндин саптары баарыбызга жат, өзүнчө эле фольклор.

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,

Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,

Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш–ак чыныда карагат,

Көп караба, жүрөгүмдү жаралап.

Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр,

Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.

Жооп берчи, же жок дечи керилбей.

Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,

Июлдагы көк конуштун желиндей.

Мындай таамай да, таланттуу да чыккан мөл ырлар кылым камтыган кыргыз поэзиясын барактап чыкканда да өтө сейрек, а балким жокко эсе. Ошону менен бирге Мидин Алыбаев адабияттын башка темаларында да кудум ушул сыяктуу өтө күчтүү, ысык чоктой илеп чачкан жалындуу ырларды жазган акын болгон. Маселен, атуулдук лирика же жарандык лириканы алалы.

Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,

Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.

Таалайга тандап туруп жаралгансып,

Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын.

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,

Ардагың артык мага, Тянь-Шаным!

Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи

Ителги имерилген көк асманың.

Мөңкүшүп мөл кашка суу өзөн сайын,

Кулакка симфония берет дайым.

Бейкутка, берекеге белги болуп,

Термелет тентек желге арча-кайың.

Баса, Ата мекен темасы дегенде эле дароо Алыкул Осмоновду эстей кетебиз. Мидинди сейрек сүйлөйбүз. А бирок Мидин Алыбаев мекен темасында да өтө күчтүү, нукура, Алыкулдан ашса ашат, бирок эч бир кем эмес. Мидиндикиндей жалындаган мекенчилдик - сейрек учураган мекенчилдик.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу - ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Эми Мидин Алыбаев жана Алыкул Осмонов деген маселеге келели. Бул кокусунан айтылган сөз эмес, урматтуу окурман. Кыргыз адабиятындагы ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар. Анын бири Алыкул көзү тирүү кезинде басмага чыккан Мидиндин “Мааниси жок “Махабат” деген макаласы. Бул макалага Алыкул Осмонов кандай реакция кылганы тууралуу бизде эч бир маалымат жок, бирок Мидиндин макаласын мен тарыхый мааниси бар макала деп эсептээр элем.

Сөздүн ток этерин айтсак, бул жерде эки чыгармачыл инсан эмес, эки чыгармачылык доор кагылышты. Биринчиден, орус-финн согушуна катышып, ок эмне экенин, кыргын эмне экенин өз көзү менен көрүп келген Мидинге кудум согуштун кычап турган кезинде, 1945-жылы, жалаң керт башынын көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, ички турмуштун оош-кыйыштарын жазган Алыкулдын “Махабаты” чынында да Мидинге өөн учураган. Дени-карды соо, согуштан аман-эсен кайткан, жашоонун кызыгына белчесинен баткан жаш Мидинге оорулуу акындын жан сыры, айрыкча өлүм, өмүр өктөсү, жалгыздык тууралуу ырлары тек гана ыр менен жазылган лирикалык күндөлүк, субъективдүү арман-асирет сыяктуу сезилип, ага Алыкул ички дүйнөнүн көк ирим көлүнө өтө эле чөгүп кеткендей сезилген. Ал эми Мидинчи? Мидин да жан сырын көп жазган, бирок анын лиризми табияты боюнча башкача лиризм эле. Мидиндин лирикасы - тирүүлүк майрамынын, жашоо салтанатынын лирикасы болсо, Алыкулдун лирикасы - өмүр өктөсүнүн, жашоонун илме-кайыптыгынын, өлүм-өмүр дилеммасынын, ойчул, санаачыл медитациянын лирикасы эле.

Сүйүүгө медитативдүү мамиле эткен, аялзатына философтун көзү менен караган Алыкул:

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,

Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим, - десе

ээ-жаа бербеген жигитчиликтин энергетикасы менен жашаган Мидин:

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.

Жүрө албаймын күндө сени сагынбай,

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң

Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай, - деп жазды.

Суроо туулат: Мидин менен Алыкулду карама-каршы коюуга болобу? Жок. Экөө эки башка тагдырды аркалаган, эки башка эстетиканы карманган акындар. Мидиндин эстетикадагы пири - Эпикур, же болбосо Дионис. Алыкулдун пири - Аполлон же Афродита. Алыкул үчүн аялзаты -идеал жана өкүнүч, ал эми Мидин үчүн - жашоонун эквиваленти, либидо, асылдык жана азгырык. Бири аялзатын негизинен кыялында, дитинде, ой-пикиринде сүйсө жана бааласа, экинчиси реалдуу турмушта баалаган, махабатка белчесинен баткан. Бирок экөө тең адабиятта маанилүү, экөө тең биз үчүн кымбат жана теңдешсиз.

Албетте, Алыкулдун адабият кырманына кошкон түшүмдөрү өтө зор, көлөмдүү жана маанилүү. Анткени анда көңүлдү бир жерге топтоп, кадалана иштегенге убактысы жана шарты болгон, эч нерсеге алаксыбай, чыгармачылыктын кумарына кудум Мидин сүйүү кумарына баткандай белчесинен баткан, натыйжада зор эмгектерди жараткан. Алыкулдун котормолору эле канчага турат. Шекспир, Пушкин, Руставели… Андан тышкары ырлары, поэмалары, пьесалары.

Ал эми Мидин Алыбаев мыкты деген ырларын негизинен ара-чолодо, колу бошогондо, соолуга калганда, кээде дептерге чиймелей салса, кээде колуна урунган кагаздын айрындысына, чеккен тамекисинин кабына жазган. “Эшек дептеринин” бир жеринде “шампандын этикеткасына жаздым” деген жери да бар. Ошон үчүн Мидинде “актай калган өмүр барактарына” өкүнгөн саптар абдан көп. Эгер жашы элүүдөн ооп, ичимдикти таштап, акылман куракка аман-эсен жеткенде Мидин Алыбаев эмне деген терең ырларды жазмак - аны элестетүүгө гана болор эле.

Баса, “эшек дептерлер” тууралуу эки ооз сөз. Бул - эскиден калган традиция. Болгондо да абдан кызыктуу, бай традиция. Чоң адабияттарда ал илгертен боло келген. Маселен, орус адабиятында бул жанрды А. С. Пушкин түптөп кеткен. Улуу орус акынынын эротикалык ырлары ошол он тогузунчу кылымда эле эл ичине кол жазмалар түрүндө тараган. Бул салтты кыргыз адабиятында Мидин Алыбаев түптөдү.

Айтор, Мидин Алыбаев бир кылымда бир келген сейрек акын, керек болсо сыңар акын. Негизги себеп - эч качан өз чабытын чоң саясат менен же утурумдук конъюнктура менен чектеген жок. Эркин жашады. Каалаганындай, тилегениндей өмүр сүрдү. Эл сыйлаган эрке акын болду. Кимдир бирөөгө жагалданып, эптеп орден же медал алууну, наам алууну, кызмат алууну ойлогон жок. Сөздүн толук маанисинде көз карандысыз жашады, каалаганын сүйлөп, оюндагысын тартынбай жазды. Кээ бир ырлары эч качан жарыкка чыкпасын эң сонун билчү, ошон үчүн анын “эшек дептерлери” жаралды. Алар акын көзү тирүү кезинде эле ооздон ооздон өттү же кол жазмалар түрүндө калктын калың катмарына таралды. Баарынан кызыгы, Сталиндин заманында, тоталитаризмдин чеңгели кимди да болсо чыркырата мыкчып турган заманда Мидин кантип ээн-жайкын жашаганына, куулуп-сүрүлбөгөнүнө таң каласың.

Мидиндин кыргыз адабиятындагы орду кайталангыс жана уникалдуу. Калтырган мурастары өтө деле көлөмдүү эмес, бирок анын табы күнү бүгүнкүдөй ысык, илеби азыр да курч, сөзү таамай ырлары кылымдарды аралай турган ырлар. Аны өзү да жакшы билип, Соң-Көлгө арнаган бир ырында минтип жазган эмеспи:

Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкидей көктү карап,

Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтыш кыйын, атаганат…

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,

Эскирген сары кагазда ырым калат.

Ошондуктан Алыкул менен Мидин биздин поэзияда Кавказ тоолорундагы Казбек менен Эльбрус сыяктуу. Биринен экинчиси кызык, биринен экинчиси бийик. Экөө тең баалуу, экөө тең түбөлүктүн сапарлаштары, жандоочулары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG