Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстан жазуучулар бирдигинин башчысы, акын Акбар Рыскулов Акындардын дүйнөлүк Колумбия фестивалына катышып, өрнөк алып келди.

“Азаттык”: Колумбия кайда? Кыргызстан кайда? Фестивалга кантип катышып калдыңыз?

Акбар Рыскулов: Акындар фестивалы 26 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келет. Уюштуруучусу жана идеянын ээси - “Прометей” адабий журналы. Менин ысымымды бул фестивалга каттаганына беш жыл болуптур. Өзүмө кат менен кайрылышканына үч жылдай болду. Алар бир айда камданып, чампалай салбай, ушинтип ар бир кадамын кылдат жасашат экен. Мисалы, менин отуздан ашык ырымды испан тилине которушуптур. Фестивал өзү Колумбиянын экинчи шаары Медельинде өттү. Бул шаар Латын Америкасындагы поэзия борборуна айланган. Аз сандагы элдердин унутулуп бараткан поэзиясына айрыкча көңүл бурушат экен. Мисалы, мен Латын Америка өлкөлөрүндөгү түрдүү индеец урууларынын акындары менен тааныштым.

“Азаттык”: Кыргыз поэзиясы тууралуу маалымдар бекен?

Акбар Рыскулов: Жок деп айтсам болот. Ал эмес Орусия дегенди билишпейт экен. Менин максатым – кыргыз деген эл, анын поэзиясы, адабияты бар экенин түшүндүрүү болду. Таң калтырганы ошол дүйнөлүк фестивалда сөздү биринчи болуп мага беришти. Мен ачкандай болдум. Ак калпак кийип алдым эле, ак калпагымдын баркын сездим. Мен ал жерде Кыргызстан деген өлкөнүн акын-жазуучуларынын атынан салам айттым. Кол чаап кубатташты.

Ошого карата дүйнөлүк фестивалдан үйрөнө турган көп нерсени байкадым. Мисалы, ачылышы чоң театрдын алдындагы аянтта өттү. Ошол жерге миңдеген адамдар келип, суусун ичип, нанын жеп, жерде эле поэзия угуп отура беришет экен.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматовду окушат бекен?

Акбар Рыскулов: Аны тереңдеп сурай алган жокмун. Чыңгыз Айтматовдун китептерин, Колумбиянын классиги Габриэл Гарсия Маркес менен чогуу түшкөн сүрөтүн ала баргам. Бир китепканадагы жолугушууда ошол китепканага белек кылдым. Силерге узак жол басып, көп жолу ат которуп жеттим. Себеби, сиздер менен жолугуп, кыргыз деген элдин адабияты барын, Айтматов менен Маркестин достугун айткым келди дедим. Ошол жерден шатырата кол чабышты.

“Азаттык”: Кыргыз адабиятына пайдасы тие турган кандай жүк менен кайттыңыз?

Акбар Рыскулов: Күзүндө биз 35 жашка чейинки жаш акындардын поэзия фестивалын өткөрүүнү көздөп жатабыз. Каражатка байланыштуу бир аз кечикти. Ошого карата дүйнөлүк фестивалдан үйрөнө турган көп нерсени байкадым. Мисалы, ачылышы чоң театрдын алдындагы аянтта өттү. Ошол жерге миңдеген адамдар келип, суусун ичип, нанын жеп, жерде эле поэзия угуп отура беришет экен. Акындарды такыр бош койбой, программаны колго карматып, күн сайын ишкана, мекеме, театрларга жиберип турду.

“Азаттык”: Жалпы эле тышкы карым-катыш кандай жазуучулар бирдигинде?

“Ысык-Көл ыр майрамы” деп жыл сайын өткөрсөк эмнеге болбойт? Дүйнө акындары, берирээк тартканда түрк тилдүү акындар келип, Ысык-Көлүбүздү мактап жазып атса эң эле сонун болбойбу.

Акбар Рыскулов: Биз өзүбүз ичте тыңый баштасак, тышкы алака да чыңалат. Азыр биз мурдагы СССРден калган жазуучулар бирдигине мүчөбүз, иштешип атабыз. Мага бир кытай “кошуналар эрин менен тиштей, бири-бирине керек” деп айтты эле. Кошуналар менен кызматташууга милдеттүүбүз. Нооруз майрамын белгилеген өлкөлөрдүн акындарынын жолугушуусуна Тажикстан президентинин чакырыгы менен барып келдим. Акындардын жолугуусун уюштуруу аркылуу Тажикстан өз кадырын көтөрдү. Дагы бир чоң кошунабыз Кытайдын Улуттук басмасы менен эки жактан бештен китеп чыгаралы деп, меморандум кабыл алдык.

“Азаттык”: Азыр Түркия менен адабий карым-катыш жандуу жүрүп жатат окшойт.

Элазыктагы фестивалга барган кыргыз акындары.

Элазыктагы фестивалга барган кыргыз акындары.

Акбар Рыскулов: Түркия Түрксой уюму аркылуу жыл сайын Элазык шаарында түрк тилдүү акындардын эл аралык “Элазык ак шамдары” фестивалын өткөрүп келатат. Быйыл ага Кыргызстандан “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүлөрү менен чогуу жети акын барып катыштык. Анкарадан Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү Кожогелди Култегин кошулду. Бул да эл аралык деңгээлде адабиятты таанытуунун жолу. Бизде 600 жазуучу бар. Ошонун ар бири ушундай карым-катышты жасап отурса керегебиз кеңейгени эмеспи.

“Азаттык”: Жанагы сиз айтып аткан жаштар фестивалы бир кезде Кыргызстан жазуучулар союзу үчүн бренд болчу. Далайыбызды лауреат кылган. Балким ошону кайра жандандырсаңар эл аралык деңгээлдеги иш-чарага айландыруу шарты түзүлүп калар?

Акбар Рыскулов: Абдан туура. Буюрса күзүндө өткөрүп алсак, аны менен токтоп калбай, мисалы, “Ысык-Көл ыр майрамы” деп жыл сайын өткөрсөк эмнеге болбойт? Бирок, эми ишти баштап, кайра таштап салбай, туш-тушунан бекемдеп алышыбыз керек. Дүйнө акындары, берирээк тартканда түрк тилдүү акындар келип, Ысык-Көлүбүздү мактап жазып атса эң эле сонун болбойбу.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG