Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

ИИМ академиясы: курсанттар элден чыккан


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Ички иштер министрлигинин академиясынын жетекчилиги академиянын бүтүрүүчүлөрү катышкан чырга байланыштуу кызматтан кетпей турганын билдирди.

Өткөн айда ИИМдин академиясынын бүтүрүүчүлөрү ресторанда мушташ чыгарышкан болучу. Бул окуяга байланыштуу академиянын 3 мугалими ишинен четтетилди жана лейтенант наамын алган бүтүрүүчүлөрдүн иши тергелип жатат. Серепчилер бул окуя коопсуздукту камсыз кылуу тармагында реформа кечеңдеп жатканынан кабар берет деп эсептешет.

ИИМ академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаев өз окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн ресторандагы жосунсуз жоругу үчүн кечирим суроо менен чектелди. Анын айтымында, балдардын жүрүм-туруму 17 жыл ата-эне тарабынан калыптанат. "Ал эми академия ашып кетсе 4-5 жыл тарбиялайт" деди Базарбаев:

- Кызматтан кетип калгандан мен коркпойм, мындан эч качан качпайм. Мен юридикалык илимдердин докторумун. Бирок бир нерсе бар: биз бул балдарды алыскы аймактардан алып келебиз. Коом өзү ушундай оорукчан болуп жатат. Булар коомдун продуктусу.

"Монте-Карлодогу" ресторанда чыккан мушташта талкаланган эмеректер
"Монте-Карлодогу" ресторанда чыккан мушташта талкаланган эмеректер
Бирок жарандык активисттер ички иштер системасында милициянын беделин түшүргөн окуялар тынбай катталып жатканына көңүл бурууда. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин мүчөсү Урмат Казакбаев милиция өкүлдөрү катышкан фактыларды санап берди жана бул үчүн жогорку деңгээлде жоопкерчилик тартыларын белгиледи.

- Чалдыбарда эмне болду? Күч органдары спортчу балдарды топтоп алып бири-бири менен куушуп жүрдү, бул эмнеси? Бул кандай уят нерсе? Кыргыз коомчулугу, журналисттер унчукпайт. Ушундай эле нерсе Орусияда же башка өлкөдө болсо, ички иштер министри эле эмес, керек болсо премьер-министр кечирим сурап, кандайдыр бир жыйынтык чыгармак.

ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн окуясынан кийин окуу жайдын 3 мугалими кызматынан четтетилген, бир нечеси эскертүү алган. Лейтенанттардын өздөрү болсо танапис бүткөн августта келип, тергөөгө катышат деп ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламентте билдирген.

Бул жаңжал үчүн академия эмес, министрликтин өзү жооп бериш керек эле дейт “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков.

- Бул тармактын башына таза, элдин каалоосун билген адамдар келиш керек. “Өмүрүмдү сайдым, жок дегенде атым калсын, элиме жакшылык кылып, реформалап кетейин” деген адамдар келиш керек. Анан келип алып эле “кадрларымды чоңойтойун же анча-мынча байып алайын" дегендерди такыр алып келбеш керек. Биринчи кезекте таза, кесипкөй адамдарды жетекчи кылып дайындап алыш керек.

Ошентип укук коргоочулар, депутаттар бул тармакта бир нече жылдан бери реформа иш жүзүнө ашырылбай жатат деп сындашат. ИИМдин ички курамы боюнча иштөө башкарма башчысы Венера Табалдиева өз кезегинде реформа бир күндүк иш эмес деген жүйөнү карманат.

- Реформа болсун деп биздин да эки көзүбүз төрт болуп жатат. Азыр ИИМдин академиясын аттестациялоо боюнча жетекчиликтин токтом долбоору даярдалды. Муну академиянын жетекчиси да тастыктайт. Окуу жайды толугу менен аттестациялоо сентябрь-октябрда жүрөт.

ИИМ академиясынын бүтүрүүчү лейтенанттары 19-июнда борбордогу "Монте-Карло" эс алуу жайында бүтүрүү кечесин майрамдап жатып, башкалар менен мушташа кетишкен. Алар кафеге бир нече миңдеген сом материалдык чыгым келтирген. Азыр иши тергөөдө.

Жаңжалга 30дун тегерегинде бүтүрүүчү катышканы айтылууда. Жыл сайын бүтүрүү кечелеринде милиция өкүлүнүн адебине доо кетирген окуялар катталып келатканын серепчилер айтып келишет.

XS
SM
MD
LG