Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Акыркы учурда күч кызматындагы кызматкерлердин кылмыш иштерге аралашканы көп байкалууда.

Жалал-Абадда милиция адам уурдоого шектелип кармалса, Чүйдө кыйноо ыкмасы менен күнөөнү моюнга алдыруу фактысы катталды. Мындан башка УКМКнын кызматкери “адам өлтүрдү” деген кине менен тергөөдө жүрөт.

Эмнеге мындай фактылар катталып жатат, деги милиция өздөрүнүн кызматкерлери кылмышка барган учурда кандай жазалаш керек? “Азаттык” бул суроолор менен мурдагы ички иштер министринин орун басары, полковник Өмүрбек Эгембердиевге кайрылды.

“Азаттык”: Күч кызматкерлеринин арасындагы жүрүм-турум ар дайым айырмаланып турушу керек. Кандай гана мыйзам бузуучулук күч түзүмдөрү тарабынан катталбасын дайыма бүтүндөй милиция же башка күч органдарына көө жаап келет. Ушул мыйзам бузуучулук болгондо милиция өзү кандай реакция кылышы керек?

Өмүрбек Эгембердиев: Чындыгында укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулуш керек. Бул толугу менен мамлекеттин иши. Ушу укук коргоо кызматкерлерине чоң милдет тагып, ага жараша укугун берип, мамлекеттин атынан кылмышкерлер менен күрөшү абзел. Бирок укук коргоо кызматкерлеринин жумушка алынышы, алардын өсүшүн бул процесстердин бардыгын мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алып туруш керек. СССРдин тушунда милициянын түпкү тегин изилдеп, анан гана жумушка алышчу.

Экинчи баскыч – иштеп жаткан адамдын үстүнөн катуу көзөмөл болушу керек. Ошон үчүн алардын жетекчи, командирлери бар. Ушул процесстер сакталса милиция өз милдетин түздөн түз аткармак.

“Азаттык”: Милицияны реформа кылабыз деп келатабыз, бирок милициянын ички дүйнөсүн да реформа кылыш керек болуп тургандай жана бул өтө татаал процесс өңдөнөт?

Өмүрбек Эгембердиев: Бул жерден Грузияны жакшы мисал катары алсак болот. Бизде Ички иштер министрлиги акыркы жылдары жетишкендиктерге жеттик деп айтып келатышат. Аны менен бирге милициянын маянасын көтөрүү жөнүндө ар дайым белгилеп келатышат. Бирок адамдын ички психологиясын өзгөртүш керек. Себеби милицияга он миң доллардан төлөгөн учурда деле, жүрүм-туруму начар адамды тарбиялай албайсың.

Мен Грузиянын ички иштер министри менен сүйлөшүп калганда, министр эки-үч адамды гана жумушка алууга укугу бар экенин айтты. Анын айтуусунда, Грузиянын министри орун басарларын гана жумушка ала алат экен. Калганын бардыгын министрдин орун басарлары алат экен. Бирок министр ошол орун басарларын көзөмөлдөйт. Бизде болсо кадрлардын бардыгын буйруктун негизинде алышат.

“Азаттык”: Милицияга тандоо кандай жүрүшү керек? Бүгүнкү күндө ошол тандоо критерийи сакталып жатабы, же акча менен кабыл алуу басымдуу болуп кеттиби?

Өмүрбек Эгембердиев: Мисалы, Бишкектеги милициянын академиясын алып көрөлү. Бул окуу жай толугу менен реформага муктаж. Колдон келсе ИИМ академиясын Баткенге көчүрүп салыш керек. Иштейм, ошондой кыйынчылыктарды көтөрөм деген адам алыс жерге барып, чек арага жардам берип, жылуу батирде жатпай, казармада жатышы керек. Биздин курсанттар ошондо такшалып, дискотека-сайран дегенди унутуп, өз ишине алдын ала бышып жетилет эле.

“Азаттык”: Милиция психикалык, моралдык жактан да өзүнө бекем болушу керек, демек ар дайым текшерүүдөн өтүүсү кажет болсо керек?

Өмүрбек Эгембердиев: Ооба, милиция бул өтө оор жана ар тараптуу жумуш. Бул жерден коомдук тартиптен тышкары, ыкчам иштерди да аткарып, мыйзамдарды жатка билип келиши керек.

90-жылдары милициядан тышкары КГБ канчалык күчтүү эле. Өлкөнүн ички гана эмес, тышкы коопсуздугун дагы сактап келген. Тилекке каршы ошонун бардыгын жоготуп албадыкпы. Бизде күч кызматкерин моралдык жана психикалык жактан текшерип келген системабыз жоголуп, бардыгы акчанын күчү менен кызматка алынып жатканы өтө өкүндүрүп жаткан көрүнүш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG