Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлерине “иштен мыйзамсыз алды” деп сотко даттанууга тыюу салган мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Айрым укук коргоочулар бул Конституцияга каршы келерин айтып, сынга алууда.

Соңку кездери ички иштер органдарында иштен мыйзамсыз алынганы боюнча даттануулар көбөйдү. 2010-жылдан бери ушундай жүйөө менен сотто утуп алган милиция кызматкерлерине 8 миллиондой сом компенсация төлөнүп берилди.

"Үч жүз кызматкерди тескөө кыйын"

“Азаттыкка” Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Айбек Нусубалиев кайрылды. Ал жетектеген милиция бөлүмүнүн пара алды деп шектелген кызматкерлерин кармоо учурунда чыккан жагдайга шылтап, 2012-жылы иштен мыйзамсыз алынганын айтууда:

- 2012-жылы 12-майда жумушта жүргөндө бутумду сындырып алгам. Операция жасатып, сөөгүмө темирлер коюлган. Каргашалуу окуяга чейин эле бир жылдан кийинки кезектеги операцияга даярданып, эмгек эргүү маселеси чечилген. Министрдин буйругу менен мени 19-апрелде жумуштан бошотушту. Мен болсо 16-апрелден баштап 30-майга чейин кезектеги кызматтык өргүүдө жүргөм. 2-майда бутума операция жасаткам. Булар мени өргүүдө жүргөндө кызматтан алып койгону аз келгенсип, министрдин №371 буйругу менен 6-май күнү, операциядан тыңый элек кезимде кызматтык өргүүмдү жокко чыгарып жатышат. Ушунун негизинде булар менин эс алууга, ден соолугума кам көрүүгө болгон укугумду бузушту.


Милициянын полковниги сотко кайрылып, Жогорку Сотко чейин жетип, доо арызды өз пайдасына чечтирген экен. Бирок жаңы ачылган жагдайлар деген негизде иш кайра сотко жөнөтүлүптүр:

- Министр өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып кийлигишип, соттун бардык инстанцияларында каралып, изилденип, укуктук баа берилген эски жагдайды кайра жазып, Биринчи май райондук сотундагы менин ишимди карап, менин пайдама чечип берген судьяга өзүнүн чечимин өзүнө буздурушту. Министрдин менин эмгек өргүүмдү жокко чыгарган №371 буйругун булар жаңы ачылган жагдай деп кайра берип жатышат. Ошону жаңы ачылган жагдай деп ишти кайра кароого жөнөттү. Мен албетте буга макул болгон жокмун. Мен соттун чечими боюнча доо арыз бердим. Бул жерде адамды темселетип, айласын кетирип, тажаганда балким токтоп калабы деген таризде ушундай иштерге барып атышат. Бул жерде мыйзам, чындык мен тарапта. Ыймандын, Кудайдын алдында таза болгондон кийин мен эмнеге унчукпай калышым керек.


Нусубалиевдин кызматтан алынышына негиз болгон коогалуу окуя былтыр 12-майда Бишкектеги негизги көчөлөрдүн кесилишинде болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү пара алды деп шектелген Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин кармоо операциясы маалында чатак чыккан. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон. Азыр иш сотко өтө элек. Айбек Нусубалиев жетекчилиги өзүнө калыс чечим чыгарылбаганына нааразы:

- Милиция кызматында 24 жыл эмгектендим. Болгондо да өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу багытында иштедим. Кенже лейтенанттан баштап полковникке чейин таман акы, маңдай теримди төгүп, жетекчилик кызматка келип, мага чоң жоопкерчилик көрсөтүлүп жаткан чакта кечээги келген сары ооз балапан лейтенанттарды мыйзамсыз жолго түртүп, пара алгыла демек белем? 370 кызматкерге жетекчи болсоң, 370ке бөлүнүп, ар биринин жанында болуп көзөмөлдөй албайт экенсиң. Анан калса каргашалуу окуя жумуш убактысы бүткөндөн кийин болгон. Булар болсо маселенин бир эле жагын карап, жетекчи болгонго чейин кандай эмгектенди, үй-бүлөсү, канча баласы бар деп объективдүү баа бербей, мага калыс мамиле болгон жок.

"Биздин иш Эмгек кодекси менен жөнгө салынбайт"

Буга байланыштуу “Азаттык” ички иштер министри Абдылда Суранчиевден комментарий алды. Суранчиев өзүнө коюлган дооматты четке какты. Ошондой эле өзүнө карата айтылган "Алмазбек Атамбаевдин күзөт кызматынан келген, милицияда тажрыйбасы жок, наамы туура келбеген адам министрликте отурат" деген сындарды четке какты:

Абдылда Суранчиев.

Абдылда Суранчиев.

- Ал жигит бизди сотко берди. Аны былтыркы чатак боюнча иштен алып койгонбуз да. Биз аны бошоткондон кийин ооруканага барып жатып алганы туура эмес болду. Ошол жагы туура болбой калды. Ошондуктан биздин юристтер кайра сотко берди. Иш кайра биринчи инстанцияга кайтарылды. Ал эми анын ордуна келген жигит өмүр бою милицияда иштеген. Анан 2007, же 2008-жылы 9-башкармалыкка кирген. Ошол жакта иштеп жүргөн. Жөн эле сөз. Ал азамат, азыр күпүлдөп иштеп жатат. Анан 9-башкармалыктан дагы бир кызматкерди, полковник Самеев дегенди алганбыз. Мына аны Көлгө койдук эле, өгүздөй болуп күпүлдөп иштеп жатат. Мисалы мен деле милициядан кетип Ак үйгө барып, кайта милицияга келдим. Ушундайлар боло берет. Свердлов раймилициясынын азыркы жетекчиси жакшы кызматкер, билими да жакшы.

Ушул тушта ИИМ тартип коргоо кызыматкерлерине иштен мыйзамсыз алынганы боюнча сотко арыздануусуна тыюу салган мыйзам долбоор даярдап жатат. Министр Абдылда Суранчиев бул тууралуу маалымат берди:

- Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, демилгени бир топ депутаттар да колдоп жатат. Мыйзамга эки-үч өзгөртүү киргизүүнү карап жатабыз. Мисалы саясий кызматты ээлеп тургандар кызматтан алынганда сотко берүүгө тыюу салынган. Биз ошол саясий кызматты ээлегендер деген жерге үтүр коюп, тартип коргоо кызматкерлери да сотко кайрыла албайт дегенди кошуп жатабыз. Биздин иш Эмгек кодекси менен жөнгө салынбайт. Өзүбүздүн ички документтер, уставдар бар. Ошол уставдар менен каралат. Аны болсо кээ бир соттор түшүнбөй, кээ бир кызматкерлердин доо арызын канааттандырып жатпайбы. Алар соттон утуп жатат. Биз азыр ушул жагын да киргиздик. Эгер өтсө, баары ордуна келет.

Суранчиев 2010-жылдан бери бир канча милиция кызматкери сотко кайрылып, кайра кызмат ордуна коюлсун деген чечим менен кошо министрликтен 8 миллион сомдук чыгым өндүрүп алганын белгиледи:

- Жумуштан алынган балдар кайра соттон утуп алып, канча убакыт бош жүргөн болсо ошонун чыгымын өндүрүп алышууда. Бардыгы болуп сегиз миллион сом төлөп бердик. Ал эми сот мыйзамсыз иштен алган деген жетекчилерге 600 миң сом айып пул салынган. Эми ошол акчаны ошондой доомат айтылган жетекчилерден кармап алышы керек. Мунун ар бирин териштирүү зарыл.

Канча милиция кызматкери мыйзамсыз иштен алынганына байланыштуу сотко кайрылганы, алардын канча пайызынын өтүнүчү канааттандырылганы тууралуу так эсеп-кысап жок. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева мындай учурлар көп эле болорун айтууда. Ошондой эле соттор арыз ээлеринин пайдасына чечим чыгаруу менен мыйзамсыз иштерге барып жатат деген дооматты орунсуз деп атады:

- Айрым учурда кызматтан алынган адам чындап эле жакшы иштебей, кандайдыр бир туура эмес иштерди кылышы мүмкүн. Бирок иш сотто каралып жатканда ошол кишини кызматтан кетиргендигинин мыйзамга ылайык тартиби каралат. Жетекчилер Эмгек кодексин жакшы билбегендиктен, же болбосо кадр бөлүмү мыйзамга ылайык иштен бошотпогондугуна байланыштуу мыйзамсыз бошоп калат. Ушундан улам сотко бергенде сөзсүз жеңип чыгат. Соттун чечими менен кайра ордуна барат. Бош болуп жүргөндөгү айлыгын да төлөтүп алышат. Айрым бир чоң кызматкерлер гана иштен алынып, сотко кайрылганы эле коомдо резонанс жаратып калып жатат, болбосо майдараак кызматта иштегендер боюнча сотто көп эле каралат.

Султан Жоошбаев Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы. Анын баамында, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз бошоду деген арыздарын Аскердик сот териштирүүсү зарыл:

- Биздин өзүбүздүн ант берген кагаздарыбыз бар. Нормативдик документтер бар. Ошол боюнча ишти Аскердик сот караса туура болмок. Жарандык сот караганда туура эмес чечимдер чыгып жатат. Милициянын айрым оор жумуштары бар. Бул кызматка келгенден кийин айрым жеңилдиктери болот. Каным-жаным менен иштейм деген милициялар буйрукка баш ийет. Ал буйруктарды жарандык сот карабай коюп жатат.


"Милициянын да сотко кайрылууга укугу бар"

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбеков “Азаттыктагы” маегинде бул демилге боюнча коомчулукта, парламентте кеңири талкуулангандан кийин гана чечим кабыл алынышы керектигин айтты:

- Мындай норма Коргоо министрлигинде бар. "Эгер кызматкерди жетекчи иштен алса, ал сотко кайрыла албайт" деп жазылган. Кептин баары негизи сотто болуп жатат. Сотко акча берип, ал жактан жетекчилик туура эмес бошотту деген чечим чыгартып алып жатышат. Бирок ошол эле учурда министрлер тарабынан туура эмес бошотуп коюу да болууда. Айрым учурда “өзүм билемдик” кылып, жумуштан бошотуп анын ордуна өзүнүн кишилерин дайындоо болуп жатат. Анан ушундан улам соттон утуп келип, чыгымдарынын баарын төлөтүп алууда. Мындай учурда ошол жетекчиге туура эмес чечим чыгарган деп туруп иш козгоо керек.


Ал арада ИИМ даярдап жаткан мыйзам долбоорго байланыштуу айрым укук коргоочулар камтамачылык билдирүүдө. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова тартип коргоо кызматкерлерине ишине байланыштуу сотко кайрылуусуна тыюу салуу Конституцияга каршы келерин белгиледи жана кесепети оор болорун эскертти:

Азиза Абдирасулова.

Азиза Абдирасулова.

- 2010-жылы апрель окуясынан кийин милициялардын арасында куугунтук өңдүү бир катар көрүнүштөр болду. Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү катары деле мага көптөгөн милиция кызматкерлери атайын келип кайрылып, себепсиз иштен алып койгонун айтышты. Айрымдарына биз адвокаттык жактан жардам берген учурларыбыз болду. Милицияны деле биз катардагы Кыргызстандын жараны катары кабыл алышыбыз керек. Алардын таламын талашкан профсоюзу болбосо, анан иштен алып койсо, акыйкатсыздык болгонун соттон далилдейм деп турса, анан сотко кайрылуу укугунан ажыратып коюу бул мыйзамга жатпайт. Мыйзамдын алдында баары бирдей деген конституциялык принциптен тайгандык болуп калат. ИИМ көтөрүп жаткан өтө кооптуу, туура эмес мыйзам долбоор. Мындай мыйзам долбоор эч качан кабыл алынбашы керек. Биз депутаттарга да, президентке да кайрылабыз, бул демилгени колдобоого чакырабыз.

Абдирасулова бул учурда эң ириде мыйзамсыз кызматтан алуу көрүнүштөрүнө бөгөт коюу жолдорун издөөнү сунуштады:

- Милиция кызматкери иштен мыйзамсыз алынганын сотто далилдегенден кийин, сот аларды кайра кызматка койгула деп, албай калган айлык акыларын бергиле деген чечимдер чыккан. Мындай көрүнүштөр тартип коргоо кызматкерлеринин сотко кайрылуу укугунан ажыратууга негиз болбошу керек. Бул деген мыйзамсыз, туура эмес жумуштан алууга болбойт дегенге негиз болушу керек. Мыйзамсыз иштен алууга баруудан ошол жетекчилери да тартынгандай болушу зарыл. Ушундай сотко кайрылуу укугу бар чакта жүздөгөн милиция кызматкерлери мыйзамсыз жумуштан алынып жатат. Эртең эгер алар мындай укугунан ажырап калса, анда жетекчилери “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип алат” дегендей эле болот.

ИИМдин кызматкерлерине иш боюнча сотко кайрылуусуна тыюу салган мыйзам долбоору качан коомчулуктун, андан кийин парламенттин талкуусуна коюлары белгисиз.

Ал арада бардык сот инстанцияларынан утуп алган, бирок иши кайра кароого жиберилген Бишкектеги Свердлов ички иштер бөлүмүн мурдагы башчысы Айбек Нусубалиев дагы сот процессине даярдана баштады. Бир жылдан бери акыйкат издеп жүргөнүн айткан милициянын полковнигинин барган жерлерин, жолуккан адамдарын тизмектеп жазгандары 10 барактан ашкан экен. Бул эми дагы канча баракка жетээри, окуя эмне менен аяктаары бүдөмүк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG