Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Бишкекте мундирчендер мушташты


Бишкек. 3-март, 2012-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Бишкек. 3-март, 2012-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

ИИМдин академиясы менен Коргоо министрлигинин алдындагы аскердик окуу жайдын курсанттары чатакташып, бирөө оор жаракат алган.

16-апрелде орун алган мушташтан ИИМдин бир курсанты оор абалда ооруканага түштү. Коргоо министрлиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

Мушташтан жараат алгандардын бири Канай Турдалиевдин атасы Кантемир Турдалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мушташ 16-апрелде Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайдын имаратынын жанында болгон. Анда ИИМ академиясынын үч курсантын аскердик окуу жайдын кыркка чукул курсанты ур-токмокко алган:

- Биздин балдар аскердик окуу жайдын жанындагы спорттук аянтчада отурса, аталган окуу жайдын 5 курсанты өтүп бараткан экен. Биздин балдар өз ара сүйлөшүп, күлүп жатса аны беркилер өздөрүнө алып, ортодо кайым айтышуу болуптур. Ошол учурда Суворовдун (Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жай - ред;) курсанттары өз курдаштарын жардамга чакырып, кыркка жакын бала келип, үчөөнү сабап баштаптыр. Сабаганда да аскердик курларын чечип, башка чапкан экен. Ошондон биздин балдар катуу жаракат алыптыр.
Коргоо министрлигине караштуу окуу жайдын курсанттары. 3-сентябрь, 2013-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Коргоо министрлигине караштуу окуу жайдын курсанттары. 3-сентябрь, 2013-жыл. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Турдалиев кошумчалагандай, токмоктолгон курсанттардын биринин абалы оор. Ал учурда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Окуя боюнча жабыркаган тарап милицияга арыз жазган. Бирок кылмыш иши козголо элек.

ИИМ да, Коргоо министрлиги да курсанттар ортосундагы чырдуу окуянын орун алганын ырастап, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов окуяны боз уландар ортосундагы күндө кездешип келген турмуштук чатак деп баалады:

- Бул кадимки эле көчөдөгү пикир келишпестик. Анда эки тарап атайлап форма кийип келип, мушташалы деген эмес.

Ал эми Коргоо министрлигинин атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” бул окуянын чоо-жайы такталып жатканын маалымдады:

- Бул факт болгон. Учурда ИИМ академиясынын курсанттары таяк жедик деп айтып жатышат. Элестетип көрсөңүздөр, аскердик окуу жайдын курсанттары 12-13 жаштагы уландар. Ал эми ИИМ академиясында окугандар 22 жашта экен. Анан кантип сабасын? Бирок ошентсе да, биз бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жай Коргоо министрлигине карайт. Ага 8-классты бүтүргөн окуучулар тапшырып, үч жыл аскердик билим алышат. Ал эми ИИМ академиясы болсо өлкөдөгү милиция кызматкерлерин даярдаган жападан жалгыз окуу жай. Бул окуу жайдын курсанттары буга чейин да бир катар чуулгандуу окуяларга катышкан.
"Монте-Карло" ресторанынын сырткы көрүнүшү. 29-июнь, 2012-жыл.
"Монте-Карло" ресторанынын сырткы көрүнүшү. 29-июнь, 2012-жыл.
Маселен, мындан эки жыл мурун ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү борбордогу "Монте-Карло" эс алуу жайында чыр чыгарган. Андан соң аталган окуу жайдын жетекчилери паракорчулукка айыпталып, камакка алынган. Болочоктогу тартип коргоо, аскер кызматкерлеринин калайман мушташтарга катышып, тартип бузушун коомчулук сындап келет. Мындай көрүнүштөрдүн орун алышын УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов окуу жайлардагы тартип менен тарбиянын начардыгынан көрөт:

- Келечектеги кадрларды даярдоодо терс көрүнүштөр бар экенин элдин баары эле билишет. Буга чейин ИИМ академиясынын курсанттары мушташкан, уставдык эмес мамиледен улам өз жанын кыйган учурлар болгон. Мындай окуялардын бир эле себеби бар. Ал - тартиптин жоктугу. Ошол окуу жайлардагы окутуучу-офицерлердин деңгээли төмөн. Керектүү тарбияны, тартипти камсыз кыла алышпайт. Аскердик, укук коргоо тармагын даярдаган окуу жайларда тартип бекем сакталып, тарбиянын үлгүсү болушу керек.

Буга чейин күч түзүмдөрүнө кадр даярдоону реформалоо демилгеси көтөрүлгөн. Ага ылайык, ИИМ алдындагы Милиция академиясын өкмөткө караштуу Укук коргоо органдарынын академиясы кылып кайра түзүү сунушталган. Бирок азырынча бул сунушту ишке ашыруу боюнча аракеттер байкалбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG