Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Милицияга кол көтөргөндөр камакта


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Ысык-Көлдө жана Бишкекте милицияга кол көтөрдү деп шектелген үч адам камакта, бирөө ооруканада.

4-июлда ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев апта башында, дүйшөмбүгө караган түнү жергиликтүү топтор менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыккан Ысык-Көл районуна барды.

Бактыбек Жусубалиев аймакта кырдаал көзөмөлдө экенин “Азаттыкка” билдирди. Чыр чыккан райондун милиция башчысы башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткенин маалымдады:

- Мен азыркы убакта Чолпон-Ата шаарындамын. Коомдук-саясий кырдаал, криминалдык абал туруктуу. Эч кандай кылмыш, тартип бузуу болгон жок. Туура, биз министрдин буйругу менен Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмдүн жетекчисин алмаштырдык. Бирок бул анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу болду. Кармалгандардын үчөө азыркы убакта камакта, ал эми бирөө ооруканада. Азыр бардык тергөө иштери жүрүп жатат. Бардыгы мыйзам чегинде, тергөөнүн жүрүшү менен чечилип, өз ордуна коюлат.

Улуусу 27, ал эми кичүүсү 20 жаштагы бул төрт жигит Ысык-Көл районунда милицияга кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иш тергеле баштаганда Бишкекке баса берген экен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, Ысык-Көлдөн келген маалымдаманын негизинде милицияга кол көтөрдү дегендерди издөө башталган. Кайда жүргөнү аныкталып кармаарда каршылык көрсөткөн. Сеитов алардын бирөө мурда соттолуп чыкканын, уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо турганын белгиледи:

- Алардын автоунаасынын алдын кесип токтотуп, биздин кызматкерлер кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, сыртка чыгуусун өтүнгөндө, терезеден бирөө күбөлүктү жулуп алып, алдын тосуп турган унааны сүзө качкан. Биздин кызматкерлер артынан башка унаа менен кууп барып кармаарда каршылык көрсөтүшкөн. Биздин кызматкерлер табелдик куралдарын колдонууга аргасыз болушкан. Бирөө мурда каракчылык боюнча соттолгон жана Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган жигит. Аны кармоо учурунда жанынан 15 грамм кара куурай чыккан.

Кармалгандар 4-июлда кайра Ысык-Көлгө жеткирилди.

Бул окуяларга байланыштуу 3-июлда жүзгө чукул адам нааразылык акцияга чогулуп, Бишкек-Каракол унаа жолун бууган. Анда камалган төрт баланы бошотуу, райондук милиция башчыны кызматтан алуу талабы айтылган.

Милиция менен жергиликтүү топтордун ортосунда ок атышууга чейин жеткен калайман мушташты айрым серепчилер тартип коргоо кызматкерлеринин кадыр-баркынын түшкөнү менен байланыштырууда. Ошондой эле кээ бир милиция кызматкерлери кылмыш топтор менен коюн-колтук алышкан деген доомат да бар.

Мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев болсо бул окуяларды азыркы бийликтин абалы, ага коомчулуктун мамилеси менен түшүндүрүүдө:

- Бүгүнкү күндө республикадагы кырдаалдын баары бийликтин деңгээлинин айынан болуп жатат. Милиция бул чети эле. Азыр каалаган министрликти, каалаган мамлекеттик мекемени алсак бардыгы эле ушундай. Бийлик катуураак туруп, мыйзамдуулукту биринчи орунга коюп, мыйзамдарды аткарса баары ордуна келет эле. Азыр болсо бардыгы оюнчук болуп калды. Муну элдин мамилеси деп атаса болот. Мамлекетке, бири-бирине, эл-журтка, милицияга, кызматка, бала-бакырага кылган мамилеси мына ушул.

Алгач Ысык-Көлдө, андан кийин Бишкекте милицияга кол көтөргөндөр боюнча “бейбаштык жана бийлик өкүлдөрүнө кол көтөрүү” беренеси боюнча эки жерде иш козголду. Бирок азыр бул иштер бириктирилип, Ысык-Көлдө тергелип жатат. Каршылык көрсөтүү учурунда жаракат алган милиция кызматкерлерине экспертиза дайындалды.

XS
SM
MD
LG