Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

ИИМ: маянадан маселе жаралды


Бишкек. 13-июль, 2012-жыл.
Бишкек. 13-июль, 2012-жыл.

Жогорку Кеңеште Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

"Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 10-апрелде парламенттин жыйынында милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөнү менен, башка кошумча акчалар кыскарганын, мунун айынан маяна дээрлик жогорулабаганын билдирди. Бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө сурады. Кыргыз өкмөтү буга чейин 1-марттан баштап көтөрүлөт деп убада кылган эле.

Райондук милициялардын биринде 10 жылдан ашык убактан бери иштеген Максат аттуу кызматкер буга чейин 13 миң сомго жакын айлык алчу. Ал март айында маянасы өкмөт убада кылгандай көбөйбөгөнүн айтууда:

- Менин стажым 11 жыл. Айлыгыма 2,4 миң сом кошулуптур. Негизи ар кимдин иштеген мөөнөтүнө жараша кошулуптур, көп жыл иштегендерге көп, азыраак иштегендерге аз дегендей.


Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өкмөт айлык боюнча убадасын аткарган жок деп сынга алууда. Буга байланыштуу аткаруу бийлигинен түшүндүрмө сурап жатат:

- Мен азыр өкмөттөн эсеп-кысапты бергиле деп жатам. Анткени мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 37 пайызга көтөрөм деп айткан. Ооба, айлыкты көтөрүптүр, бирок сыйлык, материалдык жардам, квартал сайын берилчү акчалардын баарын кыскартыптыр. Ошондо 37 пайыз эмес, болжол менен 7 эле пайыз жогорулаган. Айлык боюнча абдан кылдат айтыш керек эле, популизмге салганга болбойт да. Бул өз кезегинде депутаттарга, президентке жана өкмөткө ишенимди жоготот.

Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев милиция кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жардыкка ушул жылы 14-январда кол койгон. Анын алдында журналисттер менен жолугушууда экономикадагы өсүштөн улам маяналар жогорулап жатат деп билдирген:

- Былтыр киреше 17 пайызга көп чогулду. Ушунун негизинде биз мекеме-ишканалардын бардыгында айлыктарды теңей алдык. Жакында, эртең-бүрсүгүнү ИИМдин кызматкерлеринин айлыгы тууралуу кол коем.


Күч түзүм кызматкерлеринин маянасы боюнча Каржы министрлиги “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Аталган министрликтин өкүлү Данияр Амангелдиевдин маалымдашынча, башынан тарта эле милиция кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу эмес, күч органдарда иштегендердин эмгек акысын теңдөө максат болгон.

- Башында эле көтөрүү деген маселе турган эмес. Теңдөө керек деген максат турган. Эгерде биз көтөрө турган болсок анда маяналарын көбөйтүп, жанагы кошумча акчалардын баары калтырмакпыз. Бирок андай болгон жок. Эгер мындай карасак, маянасы көбөйдү деп эсептесек деле болот. ИИМ буга чейин биздин айлыгыбыз эң эле аз деп нааразы болуп келген. Азыр Коргоо министрлигин аласызбы, же башка бир күч түзүмүн аласызбы, айлыктарынын өлчөмү бирдей болуп калды. Биз ушинтип теңдөөнүн алдында анализ кылганда ИИМдин кызматкерлеринин айлыгы Коргоо министрлигинен көп деле айырмаланган эмес. Азыр баарын тегиз кылдык. Буга чейин ар кандай кошумча акчалардын турган айлык болчу. Эми буга чейин кошулган акчалардын баары маянага өтүп кетти.

Амангелдиев бул иш-чаралардын негизинде милиция ардагерлеринин пенсиясы 50 пайыга жогорулаганын кошумчалады. ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев да муну тастыктады:

- Чынында эле ардагерлерге жакшы болду. ИИМде мурда кошумча катары сыйлык иретинде берилген 1-2 миң сомдорду пенсияга чыккандар алчу эмес. Мисалы Нарын облусунда милиция башчысы болуп жүрүп пенсияга чыккан кызматкер буга чейин 7 миң сом алса, азыр 50 пайыздай көбөйүп, 10 миңден ашык болду. Ал эми азыркы кызматкерлерге 1-2 миң сомдон эле кошулду го.


Кандай болгон күндө да милиция кызматкерлеринин айлыгынын жогорулашы боюнча жооптон суроо көп болууда. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги өзү да өкмөткө кат жолдогону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG