Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

ИИМдин ДАГЫ БИР ЖЕТЕКЧИ КЫЗМАТКЕРИ АТЫП ӨЛТҮРҮЛДҮ


Дүйшөмбү күнү (4-август) түнкү он бирге жакын Ички иштер министрлигинин баңги соодасына каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Анвар Алиев белгисиз бирөөнүн аткан огунан каза болду. ИИМ анын өлтүрүлүшүнө кесиптик ишмердиги негиз берди деген алгачкы бүтүмгө келип, баңги соодасы менен алектенген топ арасынан шектүүлөрдү иликтөөгө киришти. Бирок милициянын полковнигинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшү өлкөнүн жалпы коопсуздугунун кооптуу экендигинен кабар берет деген ой коомдо күч алды.

Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун айтымында, отуз тогуз жаштагы Анвар Алиевдин атып өлтүрүлүшүнө кызматы, тагыраак айтканда, баңги соодасына аралашкан адамдардын Алиевдин күрөшүн өлүм менен токтотуу аракети негиз берди:

-Баңги соодасы менен алектенген адамдар көп акчанын даамын татып калгандар болот. Быйыл Ооганстанда апийимден абдан жакшы түшүм алынган экен. Аны сатуунун бир жолу Кыргызстан аркылуу өтөөрү белгилүү. Мына ошол жолго бөгөт коюу боюнча атайын операция иштелип чыккан болчу. Баңги соода өкүлдөрү мына ошол операцияны аягына чейин ишке ашырууга жол беришпей, биздин кызматкерди өлтүрүүгө барышты. Бирок ал операцияны ишке ашырууда Алиев менен бирге башка кызматкерлер да иштеп жатышкан. Ал кызматкерлер алардын изине баары бир түшөт деген ишенимдемин.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын улуу инспектору Рахматилло Ахмедовдун билдирүүсү боюнча, кылмыш иши ачылып, азыр тергөө жүрүп жатат:

-Атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлгөн. Ар кандай маалыматтар келип жатат. Бирок алар толук иликтенип, такталмайын эч кандай түшүндүрмө бере албайбыз.

Тергөө тобу Алиев атылган жерди иликтеп, Макаров тибиндеги тапанчанын огунун кабыктарын таап, ок жети жолу атылгандыгын аныктаган. Окту болсо бир адам атып, машинага эки адам секирип түшүп, шаардын борбору көздөй катуу айдап кеткенин ошол жерде турган бир адам көргөн. Ок аткандар кара түстөгү “Фольксваген-гольф” маркасындагы машина менен жүрүшкөн жана ага чейин Алиевдин үйү менен машинасын койгон жерин акмалап жүргөн деген маалымат түшүп, тергөөчүлөр машинанын изине түшүштү. Андан тышкары Анвар Алиев көз жумаардын алдында Рустам деген бирөөнүн атын атаганга үлгүргөн экен. Темиркан Субанов ал тууралуу:

- Рустам аттуу адамдар бизде көп да. Азыр министрликтин бир нече башкармалыгынын адистери кирген тергөө тобу Алиев мурун баңги боюнча камакка алган же кандайдыр бир байланышы бар Рустам аттуу адамдардын баарын иликтеп жатат, -деп билдирди.

Милициянын полковниги Анвар Алиев ИИМдин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жооптуу кызматкерлеринин алгачкысы эмес. Буга чейин 2004-жылы министрликтин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиев, андан кийин аталган башкармалыктын түштүк региону боюнча башчысы Оран Алиев жана бир нече милиция кызматкерлери атып өлтүрүлгөн.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, мындай көрүнүштүн өзү мамлекет үчүн кооптуу:

-Милицияга кол салуу бул-мамлекетке кол салуу. Анткени милиция мамлекеттин жүзү. Милицияга кол көтөрүү ошол мамлекеттен, бийликтен коркпой калгандыктын белгиси. Бул негизи жакшы көрүнүш эмес. Коррупция, кылмыш дүйнөсү деген азыр баш көтөрүп, бара-бара ага ээ болбой да калышыбыз мүмкүн. Тартипти катуу коюп, мыйзамды түз көз караш менен сактабасак абалыбыз дагы төмөндөп, коррупция менен уюшкан кылмыштуу топтор мойнубузга отуруп алат. Ошондуктан мамлекет башчысы болобу, мыйзам чыгаруу бийлиги болобу буга өзгөчө көз караш менен чара көрбөсө ахыбалыбыз жаман болот.

Ал эми “Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев өлкөнүн башкы тартип коргоо орган өкүлдөрүнүн өлүмүнүн себептеринин так аныкталбай жатышы жалпы милициянын кадырын түшүрүүдө деген ойдо:

-Мындай кылмыштардын бетин ачуу керек. Аны менен милиция өзү коопсуздукта экендигин жана жарандарды коргоого жарамдуу экендигин коомго көрсөтүшү керек.

Отуз тогуз жаштагы Анвар Алиев кыргыз милициясынын атактуу генералы Эргеш Алиевдин небереси, бул кесипти атадан балага өткөрүп алган бир мураскери болчу. Анын сөөгүн чоң атасы коюлган Ноокен районундагы Сакалды айылына коюу үчүн Бишкектен алып кетишти.

XS
SM
MD
LG