Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Базар-Коргондогу кандуу окуяга укук коргоочунун тиешеси барбы?


Базар-Коргондогу кандуу окуя боюнча Ноокен районунда башталган сот
Базар-Коргондогу кандуу окуя боюнча Ноокен районунда башталган сот

Ноокен райондук сотунда арасында адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров болгон сегиз адамдын кылмыш ишин кароо 6-сентябрда улантыла турган болду. Базар-Коргондо 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча айып тагылгандардын сот иши кечээ башталды.

Соттун жүрүшүндө жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү соттолуучу сегиз киши Базар-Коргон районунда болгон окуяларга катышкандыгын жана “Ош- Бишкек” жолуна топтолгон 500-800 кишини улуттар аралык касташууга үндөгөн инсандар толук кармалбай калгандыгын билдиришти. Кармалгандарга адам өлтүрүүгө жана баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айыптар коюлган.

Мамлекеттик айыптоочулар сотто угузган айыптоолорго караганда темир союл, жасалма найза, канжар, жардыргыч заттар менен куралданган адамдар 13-июнда аларды тартиптүүлүккө үндөп, “Ош- Бишкек” жолун ачууга чакырган райондук тартип сакчыларга кол салган. Натыйжада куралсыз 15 милиционер жабырланган. Денесине 28 ирет темир шиш сайылган милициянын капитаны М. Сулайманов өлтүрүлүп, өрттөлгөндөн кийин жол четине сүйрөлүп ташталган.

- Милиция кызматкерлерине Карабаев менен Аскаров "милиция башчысын кармагыла, калгандарын өлтүргүлө “ дегенден кийин зомбулук башталган. Базар- Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду кармап алышып, ал жыгылып калганда өзгөчө мыкаачылык менен, анын алсыз экенин билип туруп, улуттар аралык көрө албастыктын негизинде ... Базар-Коргон райондук издөө - иликтөө тобунун иш- аракети менен М. Сулаймановдун өлтүрүлүп, бети-башы таанылбай, буту-колу күйгөн абалында “ Ош – Бишкек” трассасынын жанындагы “ Садык” чайканасынын батыш тарабынан табылган,-деп сүйлөдү сотто мамлекеттик айыптоочулардын өкүлү Төрөбек Кожошев.

Мындай айыптарды башка соттолуучулардай эле укук коргоочу Азимжан Аскаров да мойнуна алган жок. Жабыр тарткан тартип сакчыларынын ар бири укук коргоочу жол тоскондорго көрсөтмө берип тургандыгын айтып жатышты. Азимжан Аскаров аларга узаткан суроолорунда милиционерлер күбөгө тарткан далилдер курулай доомат жана окуя болгон күнү “ Ош – Бишкек” жолунда болбогондугун бир нече ирет тастыктоого аракет кылды.

Азимжан Аскаров ушу тапта 59 жашта, төрт баланын атасы. Бир нече жылдар мурун өзү түзгөн “ Аба” аттуу жоопкерчилиги чектелген уюму аркылуу жарандардын укугун коргоп, тартип сактоо кызматындагы мыйзамсыздыктардын бетин ачып турган.

- Кудайдан корксоңорчу, эй милисайлар! Жалган сүйлөп эмне кыласыңар, туурасын айтсаңарчы! Мен бирөөсүн да мойнума албаймын. Мага бул жерде доомат уюштурулуп жатат. Мен ал жерде болбосом, кантип мойнума аламын? ( сотто көрсөтмө берген жабырлануучу 14 милиционердин бирине кайрылып) Сиз мени кандайча көргөнсүз? Болбосо Мишаны да чакырыш керек да, ал дагы көргөн болсо ...

Милиционер: - Мен сизди ошол жерден көргөнмүн, Мишаң качып жүргөн болсо,-деп жооп берди.

Президент Р. Отунбаева милициянын капитаны М. Сулаймановдун арбагына бата кылганы Базар - Коргон районундагы Кызыл ай айылына баргандагы сүрөт.Мында солдон экинчи калпакчан баланын жанында турган кара жоолукчан аял - М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова. Ал эми оңдон биринчи - анын кайын энеси, М. Сулаймановдун апасы, анын жанында Р.Отунбаева
Жабырлануучу Чынара Бечелова күйөөсүнүн үнүн акыркы жолу 12-июнь түнү уккан. Базар-Коргондогу 41 жаштагы участкалык милиционер М. Сулайманов телефон аркылуу ага район борборунда кырдаал кооптуу болгону менен тынчсызданууга негиз жок экендигин билдирген. Төрт баланын энеси Чынара район борборунда жубайын издеп жүрүп, анын набыт болгонун 13-июнь күнү кайнисинен уккан. Чынара жана анын кайындары сотто ачууга алдырып да жатышты:

- Мен “Мыкын кана?” - деп кыйкырсам, эч кимиси эч нерсе дебей эле азыр келет, азыр апкелет дешти. “ Мыкын кана, каякта? Деп мен РОВДнын жанында кыйкырып жүрдүм. Кайним келип ичине кирип кетти. Анан кайнима айтышыптыр. Кайним сыртка чыгып, жеңе жүрүң деди, эмне болуптур десем, шундай- шундай дейт. Сыртка чыгып, скорыйдан эшигин ачышты. Ошо скорыйда жатыптыр Мыкын.....( бышактап ыйлайт).

Айыпталуучу Мухаммад Кочкаров коркутуу болгондуктан, автомат менен урушкандыктан коюлган күнөөнү мойнуна алууга мажбур болгонун айтты. Бирок ал коркутуу кимдер тарабынан болгонун ачыктаган жок. Иштин бул жагына жактоочулар деле кызыгышкан жок:

Өзбек улутундагы милиционер Абдрасул Хайдаров соттолуучулар боюнча көрсөтмө берип, укук коргоочу А. Аскаровдун колунан видео тасманы көргөндүгүн күбөгө тартты:

- ( А. Аскаровго кайрылып) Өзүңдүн алдында, өзүңдүн жаныңда турган болчу. Өзбекче айтайынбы сага, жаныңда турган. Мен сени өз колум менен кармап алганымда, эмне кылаарды өзүм билет болчумун.

Жактоочу Абдимиталип Абдулакимовдун айтымында тергөө бир тараптуу гана жүргүзүлгөн, жабырануучу милиционерлердин макулдашып алышкан. Сотто жактоочулардын соттолуучуларды Базар-Коргон районунан башка жайга которуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган жок. Адвокаттар бул жердеги соттолуучулар олтурган убактылуу кармоо жайын райондук тартип сакчылардын кайтарышы ишенбөөчүлүктү жаратып жатат дешти. Адвокаттын болжолунда 6- сентябрдагы сотто күбөлөр менен бирге соттолуучулар суралышы мүмкүн:

-Милициянын 15 кызматкери барганбыз деп атат. Алардын бирдей көрсөтмө берилишине сот тарабынан сын көз менен каралат, ага сындуу баа берилет деп биз сотко ишенебиз . Жабырлануучулар бардыгы Азимжан Аскаров ошол жердеги адамдарды башкарып, “милиция башчысын барымтага алгыла , калганын өлтүргүлө” деп бирдей көрсөтмө берип жатышат. Азимжан Аскаров күйүп- жанып, куран менен, нан менен, ал үчүн ыйык болгон бардык нерселер менен карганып, 13- июнда ал жерде эл арасында болбогонун сотто көрсөтмө берген жабырлануучуларга суроо берип айтып жатат да. А.Аскаров ага коюлган он кылмышты эч нерсе менен далилденбей турганын сотто көрсөтүп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG