Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Милицияны сынаган каргаша


Июнь коогасында курман болгон милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова.
Июнь коогасында курман болгон милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова.

Былтыркы июнь каргашасы учурунда милициянын тогуз кызматкери курман болуп, жүздөгөн тартип коргоочулар жаракат алган.


10-июнда Ички иштер министрлиги каза болгон милиция кызматкерлерин эскерип, куран окутушту. 2010-жылы Кыргыз милициясы чоң сыноону баштан өткөргөнүн айтышууда.

Эне күйүтү

Базар-Коргон районунун милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов укук коргоо органында жыйырма бир жыл кызмат өтөгөн. Ал былтыр 13-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы кайгылуу окуялар учурунда элдин тынчтыгына бүлүк салгандар менен күрөшүп жатып, кызмат учурунда каза тапкан.

Мыктыбектин энеси Карамат Сулайманова уулунун күйүтүнөн ооруп да калганын айтат.
Мыктыбек Сулаймановдун эстелиги, Базар-Коргон району


-Эмне кылабыз өлүмгө? Айла жок экен. Ыйлап-ыйлап, атасы экөбүз ооруп калдык. Үй-бүлөбүз менен эле ооруп калдык. Чоңдордон, облустан, акимияттан жардамдар болуп жатат. Ал эми кечээ жакында үй берди. Атамбаев өзү келип ачкычын берип кетти.

Мыктыбек Сулаймановдун үй-бүлөсү анын жылдыгын өткөрүп, куран окутуп жатышат. Мыктыбектин артында эки уул, эки кызы калды. Улуу баласы Алтынбек быйыл Бишкектеги милициянын Жогорку академиясынын биринчи курсун аяктап жатат. Башка эле кесипти танда дегенине болбой, небереси Алтынбек ата жолун жолдоону максат кылып, эл-жердин тынчтыгы үчүн кызмат кылууну көздөгөнүн айтат Карамат Сулайманова.

Эстен кеткис окуя


2010-жылы түштүк аймагындагы окуялар милициянын кызматкери, подполковник Олжобай Казыбаевдин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ош шаарындагы башаламандыкты басуу үчүн 11-июнда Бишкектен Ош шаарына учуп барган 230 адамдын арасында ал да бар эле. Түн ичинде эмне башаламандык болгонун түшүнбөгөн эл милиция кызматкерлерин кубануу менен тосуп алгандыгын Казыбаев мындайча эскерет.

- Биз баратсак эл кол чаап тосуп алды да. Эмне үчүн экендигин азыр ойлоп көрсөм, түн ичиндеги болуп өткөн башаламандыкты башынан өткөргөн жарандар ушунчалык коркуп калышкан экен. Бизди сүйүнүч, ушунчалык кубаныч менен күтүп алышты.

Казыбаев менен баргандардын арасында жоготуулар да болгон экен.

- Чак түштө саат 11:30 дарда көзгө атардын огу жаңылып, биздин Ибрагим Кулубаев деген кызматкер каза болуп калды.


Коогалаңда 9 милиция кызматкери курман болду



10-июнь күнү Бишкекте былтыркы кандуу кагылыш учурунда курман болгон кесиптештерин эскерип, Ички иштер министрлиги куран окуту. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өткөн жылы милициянын катары чоң жоготууларга учураганын айтууда.

- Окуя учурунда ондой кызматкерибизден айрылдык. Андан тышкары, 283 кызматкерибиз жаракат алышты. Ошондой эле 300 бала ар кандай кокустуктарга туш болуп, дарыланып чыгышты.

Берген антына туруп, кызматтык милдети учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин баарына мамлекеттик сыйлыктар берилгенин кошумчалады Рысалиев.

- Көбү өлгөндөн кийин "Эрдик" медалы менен сыйланышты. Ошондой эле төртөөсү 3-даражадагы “Манас” орденин алды.

Министр азыркы учурда милиция кызматкерлерин өлтүрүү боюнча эки кылмыштын бети ачылып, күнөөлүүлөр соттолгонун билдирди.

Июнь каргашасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы элдин тынчтыгын сактоо учурунда жалпысынан 9 милиция кызматкери каза тапкан. Алар: Адылбек Султанов, Мыктыбек Сулайманов, Уран Шамурзаев Ибрагим Кулбаев, Кыялбек Бегалиев, Нурбек Жумабаев, Бакыт Байкишиев, Канжарбек Шадыбеков жана Бекали Айдаровдор эле.

Бул милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 500 миң сомдон бир 1 млн. сомго чейин акча каражаты жардам иретинде берилген.

Айта кетсек, эгемендик жылдардан бери кыргыз милициясынын 53 кызматкери кызматын аткарып жатып ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG