Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Жогорку Кеңеш кезексиз чакырылган отурумунда Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитти.

Аны кароодо бир катар депутаттар кеңештин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси сот адилеттүүлүгүн камсыздоого туура келбейт деп сындап чыгышты.

Буга байланыштуу ар бир талапкер боюнча өзүнчө колго салуу чечимине келишти. Буга чейин атайын мыйзамга ылайык кеңештин курамы бир тизме боюнча дүңүнөн добушка койулмак.

Бүтпөгөн баян

Палатанын кароосуна коюлган Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси бир катар эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Сот адилеттигин камсыздап, соттордун тазалыгын көзөмөлдөй турган кеңештин мүчөлөрүнүн курамы мындай болбош керек деген талапты койгон айрым депутаттар тизмени жалпысынан добушка койууга каршы чыгышты.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков Соттор кеңешине коомчулукка шектүү бедели менен таанымал талапкерлер көрсөтүлүп калганын ачыктады:

Исмаил Исаковдун камакка алынышына каршы нааразылык акциясы, 17-март, 2010-жыл
- Нышанбек Кочкоров Акаевдин учурунда өзүн кайсы жагы менен көрсөткөнүн элибиз жакшы билет. Анын сыналгыдан чыгып, бийликке кантип кызмат кылганын биз унутсак да коом унутпайт.

Алмаз Жутановго иш козголуп, ал атайын указ менен кызматтан алынбады беле. Анын иши 7-апрелде Башкы прокуратурада өрттөлүп кеткен. Айжамал Ажибраимова, Рысбек Шүкүралиев Рысбек деген соттор оппозиция лидерлерин мыйзамсыз соттогон бийликтин куралы болгонун, көп адамга зыяны тийгенин ким тана алат? Мына ушундай адамдар жаңы сотторду тандап, сот адилеттигин камсыз кылат деп ишенсек анда оңгон экенбиз... Мен бул 4 адамдын талапкерлигин тизмеден алып салууну добушка коюңузду суранам.


Айтылбай калган сөздүн куну качканда...

Бирок мындай дооматтарды парламенттин Сот, укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаров четке какты. Ал буга чейин Соттор кеңешинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси ар бир фракцияда каралып, бекитилгенин жана ал учурда мындай каршылыктар болбогонун эскертти.

Садыр Жапаров талапкерлер мыйзамдын талаптары боюнча гана тандалганын кошумчалады:

- Буга чейин туура эмес берилип калган талапкерлер катары ар бир фракциядан бирден адамды алмаштырдык. Комитетте терең талдап карап чыгып, мыйзамдын талабына туура келген талапкерлер гана палатанын кароосуна алып чыгылган. Анан сиздер буга чейин ар бир талапкер боюнча маалыматтарды алып, карап жатканда мындай жагдайларды айткан эмес элеңер. Алардын таржымалын жакшы эле билип чыккансыңар, анан эмнеге мага доомат коюп жатканыңарга түшүнбөйм.

Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акция, 23-сентябрь, 2010-жыл
Анткен менен кеңештин курамына айрым талапкерлер парламентарийлердин берген мүнөздөмөлөрүн саясий аша чабуу катары баалашты. Алардын айтымында, сот тарабынан айып коюлуп, укуктук жактан анын иш-аракеттерине баа берилген адамдар гана мына ушундай сыпаттай алат.

Соттор кеңешине мүчөлүккө талапкер, тележурналист Нышанбек Кочкоров анын журналисттик ишмердүүлүгүнө берилген сынды негизсиз жалаа катары эсептейт:

- Мен Кыргызстанда биринчи болуп укуктук саясат программасын түптөгөн адамдардын биримин. “Адилет” укуктук берүүсү 13 жыл элдин таразасында турду. Мына ошол аралыкта биз коомчулукка жаман жагынан таанылган 7 сотту кызматтан кетирүүгө салымыбыз болду. И. Исаков ушинтип айтып жатса, мен ага терикпейм. Анткени мына ошол эле Аксы окуясы боюнча кезегинде мага укуктук, саясий, же моралдык да айып тагылган эмес. Биз ошол учурда камакка алынган депутат А. Бекназаровдун абакта сабалбагандыгын айтып, элди тынчтандырганбыз. Ал эми ошол окуядан кийин бир катар жогорку бийлик сересинде жүргөн ошол адамдын урулгандыгы кийин аныкталдыбы? Жок. Андыктан мага бул боюнча бир кине тагуу бери дегенде калпыстык.

Кимге ким тартты?

Анткен менен көпчүлүк депутаттар Соттор кеңешинин курамына ашынган паракорлугу менен коомчулукка таанылган, мурдагы бийлик режимдеринин тушунда саясий буйрутмаларды аткарган жана сот иштерин адилетсиз караган судьялардын көрсөтүлгөнүн айыптап чыгышты.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков көрсөтүлгөн талапкерлерге бирдей мамиле болбогонун айтып чыкты:

- Ар бир талапкерди өзүнчө добушка коюп тизмеге киргизбесек болбойт. Анткени өткөндө бизди фракциядан 15 жылдык юридикалык иш тажрыйбасы бар адамды коюлган талаптарга жооп бербейт деп талапкер катары каттоодон баш тарттыңар. Бирок ошол эле учурда укуктук иш тажрыйбасы тургай, укуктук билими жок адамдарды Соттор кеңешинин курамына көрсөтүп жатасыңар. Бул кандай тандоо, эмнеге негизденип, ушундай кылып жатасыңар?

Садыр Жапаров
Ошол эле учурда тиешелүү комитет жетекчиси буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык Сотторду тандоо кеңешинин курамы жалпы тизме боюнча добушка коюла тургандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров мындай эреже парламентте саясий күчтөрдүн бири-биринин талапкерлерин кулатып койбоо үчүн киргизилгенине токтолду:

- Кеңештин курамын бекитүүдө парламенттик көпчүлүк, оппозиция жана сот тутумунан көрсөтүлгөн талапкерлер бир тизме аркылуу жалпы добуш берүүгө коюлат деп мыйзамда айтылгандыгынын себеби, бул жерде саясий оюндар от алып кетпесин үчүн киргизилген эреже болчу. Муну менен атаандаш тараптар бири-биринин талапкерлерин жыга берип, жыйынтык чыкпай калбасын дегенбиз. Мындан сырткары укуктук билими бар, анан укуктук эмес профилдеги талапкерлер көрсөтүлүшү керек болчу. Силердин талапкер мына ошол укуктук билим бар талапкерликке коюлган талапка туура келбей калган.

Бирок мыйзамдагы мындай эрежелерге карабастан депутаттар ар бир талапкерди өз-өзүнчө добушка коюп, бекитүү чечимине келишти. Муну эл өкүлдөрү сот адилеттигин камсыздай турган Соттор кеңешин сапаттуу деңгээлде куроо озуйпасы менен түшүндүрүштү. Соттор кеңешинин курамына мыйзамга ылайык 24 талапкер көрсөтүлгөн.
XS
SM
MD
LG