Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Жогорку Кеңеште компроматтар согушу


Кыргыз парламентинде компроматтар согушу күч алды. Депутаттар бирин-бири айыптап, өкмөт башчыга талап коюшту.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун сотторго кысым кылганы, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусия жараны экендиги, депутат Карганбек Самаковдун жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алганы жарыяланды.

Спикер “Серпеуска” жан тартканбы?

Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков “Мегакомду” талашып жаткан “Серпеус” фирмасына жан тартып, сотторго кысым кылганы парламентте айтылды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Келдибеков да сотторго күчүн салып, “Серпеустун” фирмасы деген чечим чыгарып бергиле деп, зордук кылган деп айтышууда. Бирок муну такташ керек. Чындыгында эле ошондой болгон болсо, буга чоң баа берилиши керек. Бирок азыр да мурдагыдай эле акчанын күчү менен Кыргызстанды Максим Бакиев башкарып жатканын айтып койойун.

“Серпеус” фирмасы “Мегаком” уюлдук компаниясынын мыйзамдуу ээси экендигин талашып келет. Абдрахманов бул компания Максим Бакиевге тиешелүү деген маалыматтар бар экендигин айта кетти.

“Ар-намыс” өкмөт башчыга талап койду

Ал эми “Ар-намыс” фракциясы Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Орусия жараны болгондуктан мамлекеттик кызматты ээлеп турушу мыйзамсыз экендигин айтып чыкты. Бул боюнча тезинен чечим кабыл алышын талап кылып, өкмөт башчыга кат жөнөттү. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова:

- Бул эбак эле аныкталган. Ошого карабай өкмөт тарабынан жооп, эч бир билдирүү болбой жатат. Бул маселени иликтеген комиссиянын жыйынтыгынын негизинде биз азыр фракцияларга да кайрылдык. Өкмөт бул маселе боюнча жообун бериш керек.

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусия жараны
экендигин “Республика” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров февраль айында эле айтып чыккан. Кийин бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Партиялаштын айыптооcу

Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов өз партиялашы, депутат Карганбек Самаковго айып таккан билдирүү жасады.

Абдрахманов Самаковду Бишкектин айланасынан 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп эсептейт.

- Бул трансформацияны мыйзамсыз деп эсептеш керек. Анткени Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен Чудинов деген кол коюп берген. Биз ушундай жол менен 262 гектар сугат жерин, кыргыз элин келечекте бага турган жерлерди Самаковго окшогондорго бербешибиз керек. Ал буудай айдаса, кызылча айдаса, биз рахмат айтат элек. Бирок ал болсо четинен үйлөрдү салып сатып, коррупциялык чайкоочулук кылып жатат.

Бир апта мурда Ахматбек Келдибековдун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиевдин Орусиядан келген жеке менчик учак менен белгисиз жакка барып келгендиги да парламентте айтылган.

Парламенттик системанын табияты

Жогорку Кеңеште депутаттар бири-бирин же өкмөт мүчөлөрүн айыптаган билдирүүлөр арбын кезигет. Саясий серепчи Турат Акимов "эл өкүлдөрү айрым учурда популизмге алдырып коюп жатат" дейт.

- Ар кайсы партиялар өз атын чыгарып, упай топтош үчүн саясий чоң жарыяларды кылат. Анан алар чыр-чатактарга айланат. Бирок ызы-чуу менен башталып эле ызы-чуу менен бүтүп калат. Анан кайра элдешип, жарашып калышат. Бир туруп оппозицияда жүргөн лидерлер көпчүлүк коалицияга кирип кетишет. Киргенде да бир эле күндө кирбей, элдин башын оорутуп, эки айлап киришет.

Тирешүүлөрдүн көчөдө эмес, имараттын ичинде болгону - парламентаризмдин белгисиби?
Акимов ошондой эле депутаттар парламентаризмдин маани-маңызын түшүнүшпөй жаткандыгын айтат. Ал эми башка бир саясат талдоочу Марат Казакбаев президенттик шайлоого жакын бири-бирине доомат артуулар күчөйт деген ойдо.

- Талапкерлер ошондойлорду чыгара баштайт. Саясий баталияга жана жаңжалдарга кирип, ар кимиси өз амбициясын көрсөтө башташат. Каралоо аракеттерин жүргүзүп, ушундай иштер менен алек болуп калышат.

Айрымдар Жогорку Кеңештеги мындай көрүнүштөр парламентаризмдин табиятынан дешет. Ошондой эле талаш-тартыштардын, доомат-айыптоолордун көчөдө эмес, парламенттин ичинде болуп жаткандыгы жаңы саясий маданияттын түптөлүшү дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG