Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы кадр саясаты, кызмат талашуу көрүнүштөрү жана анын кесепеттерине арналды.

Талкууга катышкандар: Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Оомат Казакбаев, талдоочу Руслан Ташанов жана Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков.



“Азаттык”: Оомат мырза, сиз Чүй облустук прокурорунун катынын негизинде 7-июлда кызматтан алындыңыз. Ага нааразы болуп тарапкелериңиз митингге чыкты. Сиз ушундай жол менен кайра шаар башчысынын ордуна келем деген үмүттөсүзбү?

Оомат Казакбаев: Бул атабыздан калган жумуш эмес. Менде мыйзамсыз кайра келип, мэрдин ордуна отурайын деген оюм жок. Бирок мен мыйзамды туу туткан жаран катары, мыйзамдуу укугумду тебелеп-тепсеп, мыйзамсыз жумуштан алганына каршымын.
Жаңы нерседе бардыгы дароо эле идеалдуу эрежеге салынып иштеп кетпейт экен.

Негиздеп айта турган болсок, акимчиликтин буйругу 8-июлда чыкты, ошол жерде “жергиликтүү бийликтин мыйзамынын 41-беренесинин негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотулсун” деп жазып коюптур. Бул 41-беренеде 12-пункт бар экен. Жок дегенде ушул 41-берененин бул пунктуна ылайыктуу жана бул күнөөсү үчүн деп жазыш керек эле.

Өтө одоно мыйзам бузуу жолу менен мени жумуштан алып коюшту. Ошон үчүн менин бир гана максатым бар – мыйзамды туу тутушубуз керек, мыйзамды бузганга эч кимге жол бербешибиз керек. Анткени аны президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмаз Атамбаев айтып атат.

Акимге, губернаторго мыйзам бузууга жол берилсе болот экен, ал эми карапайым элге мыйзам бузганга жол бербеш керек экен деген ой келет. Ошондуктан мен мыйзам ченемдүү чындыкты талашып атам.

“Азаттык”: Сизди жактап чыккан адамдар уюштурган митингге эл өз ыктыяры менен чыктыбы?

Оомат Казакбаев: Мен мыйзам ченемдүү түрдө сот менен эле чечем десем, алар “эгерде сизди мыйзамсыз тебелеп-тепсеп атса, анда биздин калганыбызды жөн эле үстүбүздөн тебелеп-тепсеп өтүп кетет турбайбы, ошондуктан биз мыйзамдуулук үчүн чыгабыз” деп, шаарда жашаган көп жетекчилер, бизнесте жүргөндөр, жеке ишкерлер чыгып, президентке, премьер-министрге кат жолдошту.
Жөнөкөй эл качан чыгат көчөгө? Былтыркыдай болуп электр кубатын кымбаттатып, жашоосу кыйындап өтпөй калганда, жанына аябай күч келгенде өлүмгө башын байлап чыгышат.


“Азаттык”: Өткөн аптада жана аптанын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Жалал-Абад шаарында калаанын мурдагы мэри Максатбек Жээнбековдун тарапкерлери, 11-июлда Оомат Казакбаевдин жактоочулары, ошол эле күнү Чүй дубанынын мурдагы прокурору Кемелбек Жунушалиевдин колдоочулары, алардын жетекчилеринин кызматтан алынышына, же өкмөттүн кадр саясатына ынанышпай митингге, пикетке чыгышты. Жунушалиевдин таламын жактоочулар жаңы дайындалган прокурор Кубан Молдобаевди иш ордуна өткөрбөй да коюшту. Бул сыяктуу аракеттер журтубузда кеңири жайылган көрүнүшкө айланды. Руслан мырза, сиз юрист катары мындай иштерге укуктук жактан кандай баа берет элеңиз?

Руслан Ташанов: Биринчи кезекте, өлкөбүздө кадр саясаты бир багытта кетиш үчүн мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдар так, даана сакталышы керек. Биз күбө болгондой, укуктук өңүттөн алып карасак, кээ бир учурларда мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын так сакталбаганынан ушундай көрүнүштөргө дуушар болуп жатабыз.

Ал эми саясий өңүттөн алып карай турган болсок, кадр тандоодо, же жетекчилерди кызмат ордунан четтетүүдө алардын компетенттүүлүгүнө, жасаган кызматына баа берилбестен, саясий чечимдер кабыл алынып кетүүдө.

Укуктук чечимге караганда саясий чечимдер кабыл алынганынын негизинде өлкөдө кадрдык башаламандык болуп атат. Бул элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп, өкмөттүн кадр саясатына нааразычылыктар көп болууда. Себеби былтыркы, быйылкы митингдер кадр саясатына нааразычылыктын негизинде чыгып жатат.

Ыңкылаптын илеби менен

“Азаттык”: Чыныбай мырза, кадр саясатында суроо туудурган жүйөлүү кептер көп. Мисалы, бир жыл ичинде Нарын дубанында үч губернатор алмашты, ал эми Жумгал районунда, жаңылбасам, 5 аким кызматтан кетти. Социал-демократиялык партиясы башкаруучу коалицияны түзгөн. Сиздердин кадрларды дайындоодо, же алмаштырууда фракцияңыздарда ушул маселе, ага карата элдин арасында жаралып аткан пикирлер талкууланабы?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте талкууланат. Сиз “Нарында 3 губернатор алмашты, акимдер алмашып жатат” деп айтып атасыз. Мунун баары өткөн жылдагы апрель революциясынын жаңырыктары десек болот. Анткени революциянын толкуну менен мурдагы бийликтин өкүлдөрү качып кетишти, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабинеттерин бошотуп беришти. Көчөгө чыккан эл ал жерге өз өкүлдөрүн отургузушту.
Бул атабыздан калган жумуш эмес. Менде мыйзамсыз кайра келип, мэрдин ордуна отурайын деген оюм жок.

Бирок убакыт эл ичинде аброюбуз бар деп жүргөн адамдар чарбаны, районду, облусту башкара албай турганын, же тигил, же бул кызматка татыктуу эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан кырдаалга жараша аларды алмаштырууга туура келди.

Былтыр декабрдын ичинде парламентте жаңы коалициялык көпчүлүк түзүлүп, ошол көпчүлүктүн өкмөтү бүгүнкү күндө иштеп атат. Ошол парламенттик көпчүлүктүн да өздөрүнүн белгилүү саясий талаптары, эл алдына берген убадалары бар. Андан сырткары алардын да коалициялык келишими бар. Ал коалициялык келишимде айрым саясий кызматтарды кайсы фракцияга же партияга тийиштүү экени ачыктап, даана жазылган. Ал келишимди аткаруу бүгүнкү күндө өкмөткө тиешелүү маселе – өкмөт башчынын милдети.

Бирок көп эле мисалдарды айтып атабыз, коалициялык келишимге байланып эле, кадр жаман болсо да алып калууга аракет кылган жок, тескерисинче, колдон келишинче күрөшүп атат. Ар бир фракция коалицияга кирген өзүнүн кишисин жаманбы, жакшыбы өздөрү ишенип тигил, же бул кызматка түртүп атышат. Ал эми тигил же бул кызматта иштеп аткан адамдын түздөн-түз кемчилиги болбосо, аны кызматтан алуу оңой эмес.

Ошол эле мезгилде кемчиликтерин тапсаң эч кимиси кызматтан кеткиси келбегенин учур көрсөтүп атат. Адамдар калкта кадыр-баркы жогору экенин көрсөтүш үчүн жер-жерлерде митингдерди уюштура коюп жатышат. Бул өтө жаман көнүмүш адат болуп калды. Өлкөнү башкарыш керек болсо, бийликтин күчү сезилип туруш керек.

“Азаттык”: Көпчүлүк кызматтан алынган адамдар өз тарапкерлерин, жакын туугандарын уюштуруп, митинг-демонстрация өткөрүү адатка айланып калды, Оомат мырза...

Оомат Казакбаев: Бул бийликтин алсыздыгы болуп атат. Биз мындай нерселерди пикет менен чечпешибиз керек. Прокурорлор, мыйзамды сыйлагандар бүгүн 50 кишини чогулутуп алып, Чүй облустук прокуратурасына киргизбей атат деп айттыңыз. Ал туура эмес. Эл чогулбаса да, бул буйрук туура же туура эмес чыктыбы, акимиат мен үчүн бийлик. Мен аны аткарып, миң кишиге эч сөз айттырбай, бул балада күнөө жок деп алып барып орунду бошотуп берип, аны отургуздум.

Экинчиден, Кара-Балтада пикет болгон жок, жүрүш болду, шаардын тургундары, жетекчилер тарабынан “эмне үчүн мындай мыйзам бузуу болуп калды, мыйзамды бузбайлы, туу туталы” деп президентке жана премьер-министрге кайрылуу гана жасашты.
Революциянын толкуну менен мурдагы бийликтин өкүлдөрү качып кетишти, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабинеттерин бошотуп беришти. Көчөгө чыккан эл ал жерге өз өкүлдөрүн отургузушту.

Кара-Балта шаарында апрель окуясында бир айнек сынган жок, 40тан ашкан улут жашайт, эң тынч жаткан шаар. Мен мэрликке отурганда бюджетибиз 47 млн. сом болчу, бүгүн 100 млн. сомго жетти. Кара-Балта шаарына жылына 1 жарым миллион доллар грант келип атат, андан тышкары 200 млн. доллар инвестиция кирди. Кемчилик бар, бирок иш жасалып атат. Жыл сайын 17-18 миллионго бюджетибиз өсүп атат.

Буйрукту аким чыгарып атат, шайлоонун шайтан оюндарын баштаган нерсе болуп атат, билбеген кишилерди мүмкүн жаман атты кылып коюп атышат. Фракциялар боюнча туура айтылды, иштей албагандарды алып, өзүнүн ишенгендерин коюп атат деп. Койсо да мыйзам ченемдүү коюш керек.

Аким, губернаторго “мөөнөтүнөн мурун Оомат Казакбаевди жумуштан алалы” деп жолдомо жөнөтүш керек эле да. Бул жолдомодо Казакбаев мөөнөтүнөн мурун жумуштан кетсин деген сөз да жок, жөн гана справка берип койгон. Казакбаевге кылмыш иши козголуптур, ошого карата Казакбаевдин күнөөсү такталыптыр деп соттун чечимин жокко чыгарышыптыр. Сот мени бул боюнча актаган.

Губернаторду мен түшүнбөй калдым, эмнеге макул болгон, ушул жерде “Казакбаев Оомат сотто каралыптыр, акталыптыр, мен ошого макулмун” деп кол коюп бергенби, же болбосо “бул справкага макулмун” деп кол коюп бергенби? Ал эми аким "мен губернатордон макулдук алып, сизди жумуштан алып атам" деп айтып атат.

Митингдин атрибуттары

“Азаттык”: Кайсы бир кызмат адамын кызматтан алса, ошол замат анын тарапкерлери туугандары, же партия топтордун митингге чыгуусу адатка айланып кетти деп айтып атышат. Мунун өзү бийлик берегидей тенденцияны жаратып койду деп айтканга негиз болот. Аялдардын өзгөчө иштер боюнча отряды – ОБОН кыргыз тарап Казакстанга Каркыра жайлоосун өткөрүп бергенде түзүлгөн эле. Ушундайбы, же муну эл өзү ойлоп таптыбы?

Руслан Ташанов: Биринчи кезекте Оомат мырза айтып кеткен соттун чечими боюнча айтсак. Бизде Конституцияга ылайык, соттун чечими чыкмайынча эч ким күнөөлүү деп табылууга мүмкүн эмес. Бул учурда түздөн-түз кишиге жок жерден күнөө коюу фактысы болуп атат.
Кадр саясаты бир багытта кетиш үчүн мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдар так, даана сакталышы керек.

Биринчи кезекте өлкөдөгү мыйзамдуулукту орнотуу азыркы бийликтин алдындагы эң негизги тапшырма. Аким болобу, губернатор болобу бардыгы мыйзамдын алдында бирдей болуш керек. Мыйзамдын негизинде гана кызматка коюу же кызматтан бошотуу иш жүзүнө ашырылыш керек. Ал принциптер сакталбаса митинг-пикеттер аркылуу маселени чечүүгө алып келет. Ошондуктан дагы деле болсо мыйзамдуулукту орнотуу проблемалары өтө актуалдуу.

6-7 жылдан бери митингдерди уюштуруу боюнча ар түрдүү жасалма отряддар бар. Аялдардын, эркектердин түзүмдөрү байкалган учурлары бар. Демократия өнүккөн Европада бул өтө уят көрүнүш катары каралса, бизде болсо жан багуунун өзүнчө жолу болуп калды. Өлкөбүзгө кара көө жапкан, зээн кейите турган фактор катары карайбыз.

Бирок ошол эле учурда мамлекет бул боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамлекет тарабынан мыйзамдуулукту орнотуп, бийликке болгон ишеним артканда пикет, митинг аркылуу проблемаларды чечүү азаят деп ойлойм.

Оомат Казакбаев: Эл чыгып аткан жок, элди мыйзам бузуу чыгарып атат. Эгерде өкмөт мыйзамды бузбаса мындай болбойт эле. Пикет менен эч нерсе чечилбейт. Мыйзамды бузгандар губернатор болобу, президент болобу, премьер болобу, карапайым жаран болобу баарын жоопко тартып турсак пикет азаят эле.

“Азаттык”: Оомат мырза, сиз 2000-жылдардын башында 4 жылга жакын абакта отуруп чыктыңыз, андан кийин акталдыңыз. Ошол учурда эмне үчүн адамдар сизди коргоп чыгышкан эмес эле, ал эми азыр чыгып атышат?

Оомат Казакбаев: Анда да чыгышкан, биз элдин күчү менен бошодук. Бизди Жогорку Сотко алып келбей коюп, соттогондон кийин, ортодо агам кайтыш болуп кетти, кыркын өткөргөндөн кийин эл бул балдарыбыз үчүн өлүп беребиз дегенде, Акаевдер коркуп кетип биринчи мени чыгарды, болбосо мени 9 жылга кескен, Жалгап байкеге 15 жыл берген.
Кадр тандоодо, же жетекчилерди кызмат ордунан четтетүүдө алардын компетенттүүлүгүнө, жасаган кызматына баа берилбестен, саясий чечимдер кабыл алынып кетүүдө.

Чыныбай Турсунбеков: Сиздер айтып аткан аялдардын өзгөчө отрядын, же бандиттерди саясатка аралаштыргандардын артында саясатчылар турат. Ошолор ушул жолду таап келишкен, алдыга алып чыгышкан, пайдаланышкан. Тилекке каршы ошол нерсе өнөкөткө айланып, бүгүн дээрлик ар бир аким, ар бир кызматтын жетекчиси пайдалана башташты.

Керек болсо, азыр көрүп атабыз, көлдө бир кызматтын жетекчиси айыл өкмөттөрү да 20-30 кишини алып чыгып, пансионаттарга барып кыйкыртып-өкүртүп, чатак чыгартып атат. Алардын баары жеке өздөрүнүн кызыкчылыгынан келип чыккан.

Жөнөкөй эл качан чыгат көчөгө? Былтыркыдай болуп электр кубатын кымбаттатып, жашоосу кыйындап өтпөй калганда, жанына аябай күч келгенде өлүмгө башын байлап чыгышат. Болбосо жөнөкөй эл оңой менен чыкпайт. Экинчиден, биз бул өнөкөттөн кутулуш үчүн мыйзам иштей башташ керек.

Жаңы системанын өнөкөтү

“Азаттык”: Руслан мырза, кечээ эле Оштон келдиңиз, “маалымат каражаттарында, эл арасында президенттик шайлоону утурлай өкмөт шайлоого таасир этчү кызматтарга өз адамдарын койо баштады” деген кеп-сөздөр болуп атат.

Руслан Ташанов: Жалпы Ош облусун ала турган болсок, биз бул боюнча такталган фактыларды айта албайбыз. Бирок жалпыбызга маалым болгондой өткөн жумада Жалал-Абад шаарынын мэринин айланасында ар түрдүү интригалар, пикеттер болду. Мыйзамда каралган механизмдердин иштебегенинин натыйжасында ушул фактылар болуп атат.

Учурдан пайдаланып “Кыргызмунайгаздын” айланасындагы интригаларга да токтолсок. Бул боюнча биз колдон келишинче жарандык мониторинг жасаганбыз. 2010-жылдын 7-апрелинде шайланган башкы директор бир жылдын ичинде мамлекетке салык төлөөнү бир топ жогорулаткан жана “Кыргызнефтегаздын” дараметин көтөрүү боюнча бир топ аракет жасаган экен. Эмгек жамаатынын көпчүлүгү аны коргоп чыкканына карабастан, аны иштен бошотуу боюнча чечим күчүндө калып отурат. Муну коалициянын ичиндеги кызмат бөлүштүрүүнүн бир натыйжасы катары карап атышат.

Бул жерде өкүндүрө турган нерсе – жалпы системанын өнөкөтү. Бийликке келген саясий партия буга чейинки иштеп келген жетекчинин, анын компетенттүүлүгүнө, моралдык-нравалык сапаттарына карабастан эле партиялык тиешелүүлүгүнө карап туруп кызматтан алып койгону көпчүлүк учурда коомчулуктун, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт.

“Азаттык”: Министр Кулматов 11 ай болсо да кечигип, Орусиянын жараны экенин мойнуна алды.

Чыныбай Турсунбеков: Бул боюнча бизге кат түшкөндөн кийин расмий кайрылуу жасап, өкмөттүн комиссиясы иштеп, бизге маалымат берди. Мындан бир канча ай мурда Орусиянын жарандыгынан чыгыптыр.

“Азаттык”: Ал эми Максатбек Жээнбеков да Орусиянын жарандыгынан баш тарткан, бирок мэрликтен кетти.
6-7 жылдан бери митингдерди уюштуруу боюнча ар түрдүү жасалма отряддар бар. Аялдардын, эркектердин түзүмдөрү байкалган учурлары бар.

Чыныбай Турсунбеков: Эки нерсе бар: тигил жигиттин колунда “Орусиянын жараны эмес” деген кагазы бар, Жээнбековдун колунда андай чечим азырынча жок. Кулматов бажы системасында иштеп атканына көп жыл болду. Экинчиси, бажылык төлөмдөрүн көбөйтүп, системаны бир топ оңдогон. Ошондуктан жарандыгы аныкталгандан кийин бүгүнкү күндө кызматта калтыруу, калтырбоо маселеси каралып атат.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, Батыштын демократиялык мамлекеттеринде жооптуу кызматтарга кадрларды даярдоо алдында ири фракцияларда, ошондой эле парламенттик комитетте талкууланат. Сиздерде ушул практика барбы, же премьер-министр Алмазбек Атамбаев каалаган кадрын өзү эле дайындайбы?

Чыныбай Турсунбеков: Жеке эле фракциянын ичинде эмес, бул маселе коалициянын ичинде да талкууланат. Анткени коалициялык келишимге ылайык тигил, же бул саясий кызмат кайсы фракцияга таандык экени жазылган. Ошон үчүн алардын кадрларын алып келгенде башка фракцияда талкуу болот, учурунда себепсиз алуу эч кимдин колунан келбейт, сөзсүз себеп болуш керек.

Декабрдан бери коалициянын ичинде ыйкы-тыйкылык эмнеден келип чыккан? Дал ушул биздин кадрыбызды койбой атасыңар, кеч кармап атасыңар, дароо эле тигини алып кызматка койбойсуңарбы деген маселеден да келип чыгып атканы эч кимге жашыруун эмес.

Парламенттик системанын ичинде коалициялык өкмөт түзүү жаңы нерсе болуп атат. Жаңы нерседе бардыгы дароо эле идеалдуу эрежеге салынып иштеп кетпейт экен. Анын эрежеси бүгүнкү күндө иштелип чыгып атат.

Ошондуктан кемчиликтер болуп атат, бирок акырындап түзөлүш керек. Анткени бүгүнкү күндө артык кызмат үчүн элди көтөрүүдөн өзүбүздүн экономикабыз аксап атат, эл аралык аброюбузга шек келип атат.

Ошондуктан кичинекей айыл өкмөтүнөн баштап мамлекеттин башындагы адамдардын баары тең өзүнүн деңгээлине жараша жоопкерчилигин сезсе гана өлкөнүн акыбалы оңолот. Бул маселени биз талкуулап атабыз. Тилекке каршы чечип коюш соттун чечиминдегидей эле бир тараптын ыраазычылыгын пайда кылган кезде экинчи тараптын нааразычылыгын пайда кылып атат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG