Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Акыйкат сотторду тандап алуу маселеси арасаат абалда калды. Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын иргеп алуу боюнча Сотторду тандоо кеңешинин чечими президент Р.Отунбаеванын сынына кабылды.

Ошондой эле бул аптада президенттикке талапкер болуп арыз бергендердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ал арада Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгарылышына байланышкан көйгөйлөр талкуулана баштады.

Президент билбеген тандоонун сырлары

Бул аптанын башында Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын мүчөлөрүн иргеп алуу иштерин аягына чыгарды.

Талапкерлердин тизмеси андан ары карай бекитүү үчүн президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Бирок андагы тандап алынган талапкерлердин таржымалы жана добуш берүүнүн ачык-айкын болбогону коомчулукта нааразычылыкты жаратты.

Президент Р. Отунбаева тандап алуу усулдарына карата өзүнүн каршылыгын айтып, шайлоо бюллеттендерин кайрадан текшертип, ар бир талапкер менен өзүнчө аңгемелешүү өткөрө тургандыгын жар салды:

- Сотторго талапкерлерге берилген бюллеттендер мага келбей турган болсо, мен парламентке эч кимди сунуштабайм. Бул эмне деген оюн? Эмнеге бардыгы эрежеси менен болбойт? Бул деген күлкү эмеспи? Биз эми өзүбүз түзгөн тандоо кеңешинен добуш берүү бюллетендерин ала албай жатканыбыз эмне деген мусапырчылык?

Анткен менен Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун мүчөлөрүн иргеп алуу мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда жүргүзүлдү деген
жүйөнү бекем карманат. Ошол эле учурда ачык-айкындык камсыздалганын айткан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү талапкерлердин арасынан топтогон добуштарынын жыйынтыгы менен гана алдыга озуп чыгышкан татыктуулары тандалгандыгын белгилешти.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков айрым кемчиликтерине карабастан иргеп алуу иштери жогорку деңгээлде өткөрүлдү деген ишенимде:

- Бизде Сотторду тандоо иштери ачык-айкын, таза эле жүрдү деп айтсам болот. Эми идеалдуу эч нерсе болбойт экен. Сотторду тандоо кеңеши эми гана түзүлүп жаткандыктан мүмкүн айрым өксүктөр болгондур. Бирок коррупцияга аралашкан соттор кайра тандалып калган деген доомат да болуп жатат.

Албетте мен Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө жооп бере албайм. Алардын ар бири өзүнүн пикирине ээ. Ар бири өз алдынча добуш берди. Анан эми бюллетендерди чыгарбайсыңар деп жатышат. Муну дагы биз жамааттык негизде чечебиз. Мен өзүм эч нерсе деп айта албайм.


Ачык-айкындыкка эки ача көз караш

Ошол эле учурда сотторду тандап алуу иш-чараларына байкоо жүргүзгөн жарандык коомдун өкүлдөрү аны жабык жана акыйкатсыздыктын шарттарында өткөрүлдү деп жарыялап чыгышты. Ага мисал катары мурдатан эле өздөрүнүн чечимдерин бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына карата колдонгон соттор кайрадан эле ордуларына келишкени айтылды.

Сотторду иргеп алуу иштерин байкоого алган топтун өкүлү Рита Карасартова тандап алуу иш-чарасы бир беткей кызыкчылык чөйрөлөрүнүн ыңгайына жараша өткөрүлдү деп эсептейт:

- Биз ачык айкындык жана акыйкаттык дегенди ар башкача түшүнүп жатабыз. Сотторду тандоо кеңеши үчүн бизди залга киргизип, каратып койгонду эле ачык-айкындык деп түшүнүшөт экен.

Бирок биз муну иш-чаранын түшүнүктүү жана максатка ылайыктуу жүргүзүлүшү деп түшүнөбүз. Эмне үчүн бүгүн көп кишилер нааразы болуп жатат?Анткени эмне себептен ушул мурдагы эле соттор кайра тандалганын биз биле албай жатабыз. Биз ошол жактоо байкоо салып турдук. Бирок биз эмне үчүн добуш берүү жабык өттү деп жатабыз? Анткени ар бир талапкер кайсы критерийлер боюнча канча балл алганы ачык жарыяланышы керек болчу. Аларга коомчулуктан түшкөн арыз-даттануулар боюнча ачык тиркеме болуп, ошого карата ар бир кеңеш мүчөсү кандай реакция жасаганы көрсөтүлгөн жок
.

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамда добуш берүү өз аттарын даана көрсөтүү менен ачык жүргүзүлө тургандыгы талап кылынат. Бирок байкоочулар ар бир талапкер боюнча добуш берүү жашыруун шартта өткөрүлгөнүн белгилешти. Жыйынтыгында Сотторду тандоо кеңешинин кайсы мүчөсүнүн кайсы бир талапкер боюнча берген баасы белгисиз бойдон калган.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков мындай чаралар жекече коопсуздукту сактоо үчүн киргизилгенине токтолду:

- Чынын айтканда биздин кеңештин мүчөлөрүнөн ушундай талаптар болду. Анткени аларга кысым болуп, коркутуп-үркүткөн учурлар катталган экен. Бирок ар бирибиздин кимге добуш бергенибиз ачык көрүнүп турду. Анткени биз жабык урнага бюллетен таштаган жокпуз. Арыз-даттануулар ачык эле болуп жатты. Ошондуктан ар биринин үстүнөн келген арыз-даттанууларды алардын ар биринин өздүк ишине тиркеп туруп кеңештин мүчөлөрүнө көрсөтүп турдук.

"Өзүмдү өзүм билем..."

Баарынан кызыгы Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрү Жогорку Соттун мүчөлүгүнө өздөрүнүн талапкерлигин койуп, өтүп кеткен учурлар катталган.

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамда анын мүчөлөрүнүн жакын адамдары сот бийлигине кириш үчүн талапкерлигин койо албай турганы жазылган. Бирок анда кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн талапкерлигин койсо болот же болбой тургандыгы каралбай калган.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн талапкерлигин койуп алышынын өзү моралдык жактан туура эмес экендигин белгиледи:

- Чындыгында эле өзү кеңештин мүчөсү болуп, анан кайрадан Жогорку Соттун мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонго алардын моралдык укугу жок болчу. Мисалы, чет мамлекеттерде инсайдерлик маалымат деген бар. Ички маалыматты пайдаланып, анан андан кийин аны өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланганга эч кимдин акысы жок. Мына ошондуктан мыйзамда көрсөтүлбөй калган кезде да бул моралдык жактан туура эмес нерсе.

Рекордду кыргыздар койот

Ошол эле учурда бул апта президенттикке талапкер катары арыз бергендердин санынын көп катталганы менен эсте калды. Дүйнөлүк саясатта болуп көрбөгөн рекордду чапчыган президенттикке талапкерлердин саны ушул аптанын аягына карата элүү сегиз адамга жетти. Алардын он бири саясий партиялардан көрсөтүлсө, калгандары өздөрүн-өздөрү көрсөтүү жолу менен шайлоого аттанышты.

Коомчулукта президенттикке талапкерлердин саны боюнча Кыргызстан Гиннес китебине кириши мүмкүн деген тамаша сөздөр пайда болду. Муну менен мамлекет башчылык кызмат ордуна талапкерлигин койууну бирөөлөр өзүн өлкөгө таанытуу үчүн кылып жатышса, айрымдары саясий упай топтоп, күчтүү талапкерлерди эсептешүүгө мажбурлоо үчүн жасап жатышканы коомчулукта талкууга алына баштады. Ошондой эле талапкерлер саясий программасынан мурун тышкы саясаттагы алган багыттарына көбүрөөк басым жасай турган болушту.

Көз карандысыз талдоочу Руслан Ташанов ошондуктан президенттикке талапкерлер тышкы саясаттагы туруму боюнча да бир нече топторго бөлүнө турганына токтолду:

- Талапкерлердин арасындагы эң чоң топ – бул баягы эзелтеден келе жаткан коңшулар - Орусия жана КМШ мамлекеттери менен тышкы саясатта жакын мамилеге артыкчылык берүүнү эңсеген топ. Экинчиден, Европа жана АКШ мамлекеттери менен ысык мамилеге артыкчылык берүү керек деген топтогу талапкерлер болсо, үчүнчүлөрү Араб дүйнөсү, Түркия же өнүгүп келе жаткан чыгыш мамлекеттери менен мамилени күчөтүүнү караган тышкы саясатты алып барабыз дегендер болсо акыркысы болсо көп тараптуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманабыз дегендер.

Кооптондурган коопсуздук

Аптанын аягында президент Р. Отунбаева Жамааттык Коопсуздук уюмунун Астана шаарында өткөн бейформал саммитине катышып кайтты. Анда Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин Борбор Азия аймагында коопсуздукту бекемдөө чаралары талкууга алынды. Анткени НАТОнун күчтөрү Ооганстандан чыгып кетсе азыркыга чейин таасирин жоготпогон “талибанчылар” кайрадан баш көтөрбөйбү деген суроолор анын коңшуларынын баш оорусуна айланды.

Ошол эле учурда “Талибан” режими Ооганстанда кайрадан бийликке келе турган болсо Борбор Азия аймагына мындан он беш жыл мурункудай шартта кайрадан коркунуч келтирбейби деген көйгөй аймактагы өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын тынчсыздандырып турган учур.

Коопсуздук маселеси боюнча эксперт Талант Раззаков учурда аймакта жалпы жамааттык коопсуздук тутумунун калыптана электигине токтолду:

- "Талибан" кыймылынын дагы деле Ооганстандын көпчүлүк аймагында таасири күчтүү. Коопсуздук адистеринин байкоосунда аларды дагы деле калктын 60-70-пайызы колдошу мүмкүн. Буга азыркы бийликтин чабал аракеттери себеп болгон. Анан эми ушундай шартта коалициялык аскерлер ал жактан чыгып кетишсе, анда ал жактан бизге боло турган коркунучтарды алдын-алабыз десек биз даярданышыбыз керек.

ЖККУ, ШКУ сыяктуу биздин аймактагы мамлекеттер мүчө уюмдар катып калган аморфтук уюмдар бойдон калышты. Аларда террорчулар менен күрөшө турган күчтөр болгон менен, аларды пайдалануу аркылуу бир натыйжалуу иштерди алып барышканын көрө элекпиз. Ошондуктан коопсуздуктун жаңы тутумун түзүп, сөздөн ишке өтө турган мезгил келди
.

Буга чейин Ооганстан маселеси боюнча Бириккен Улуттар уюмунун жыйналышында коалициялык күчтөр аны толук жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алышкан. Мына ошол чаралар иштелип чыккандан кийин гана көзөмөл Ооганстандын бийлигине толук өткөрүлүп бериле турганы эскертилген болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов эгерде коалициялык күчтөр Ооганстанда тынчтыкты калыбына келтирүү иштерин бүтүрбөстөн чыгып кете турган болсо, анда абал курчуп кетиши мүмкүн экендигин белгиледи:

- Булар чыкканда да жөн эле чыгып кетпестен буга чейин берилген милдеттерин толук аткарып туруп анан кетиши керек. Алар “биз Ооганстандын эконмикасын оңдойбуз, коопсуздук күчтөрүн, армиясын түзүп берип, курал-жарактан жардам беребиз” деп убада беришкен болчу. Мына ошонун өтөсүнө чыгып, абалды жөнгө салып, көзөмөлдү жергиликтүү ооган бийлигине тапшырып чыгышса жакшы. Бирок андай болбой турган болсо анда бардыгы кайрадан ойрон болот.

2001-жылы декабрь айында коалициялык күчтөрдүн биргелешкен операциясынын жыйынтыгында Ооганстандагы "Талибандардын" бийлик режими кулатылган. Мына ошол өткөн он жылдан бери талибанчылар эл аралык “ал-Кайида” террорчул уюмунун көмөгү менен коалициялык күчтөр менен тие-качмай күрөштү улантып келе жатышат.

Өткөн жылы коалциялык күчтөр коопсуздукту кармоону жергиликтүү бийликке өткөрүп берип, этап-этабы менен 2014-жылга чейин аскерлерин чыгарып кетүү чечимине келген болчу.
XS
SM
MD
LG