Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Текебаевдин кармалышы: саясатчылардын пикири


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кеткен жана ал 48 саатка камакка алынганы кабарланган. Буга байланыштуу коомдук ишмерлер, саясатчылар, Жогорку Кеңеш депутаттары пикирлерин билдирүүдө.

Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалды. Мындай пикирин “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова УКМК алдында өтүп жаткан митингде “Азаттыкка” айтты:

- Бул президенттикке "мураскер операциясынын" башталышы. Бийлик мындан ары ага баш ийбеген адамдарды жана президенттикке талапкерлерди четинен коркутуп, камай берет. Андыктан бүгүнкү акцияны бийликтин талапкерлерге "жашыруун белгиси" катары түшүнсөк болот.

Депутаттарды чогултуу демилгеси

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн күч менен кармап кеткенин расмий органдардан сурашыбыз керек. Мындай пикирин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Ал учурда бир нече депутат кезексиз сессияга чогулуу тууралуу маселени сүйлөшүп жатканын кошумчалады.

- Албетте, Өмүрбек Текебаев күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот далилдейт, тергөө иштери мыйзамга ылайык болушу шарт. Бирок чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди, оппозициялык фракциянын лидерин түндө камакка алуу - одоно ката. Ошого карабастан азыр бардык саясий күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутууга кызыкдар болбошу керек, - деп жазды депутат Акаев.

Бир катар активисттер да Жогорку Кеңеш депутаттарын кезексиз жыйынга чогулууга чакырып, кол топтой баштады.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши эң жогорку чегине жетти.

Отунбаева Текебаевди колдогон митингде сөз сүйлөдү

УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

- Биргеликте кайсы жолго баратабыз, кандай жолду тандайбыз деген суроолорго жооп издешибиз керек,- деди Отунбаева.

Ал азыркы бийликке кайрылып, Өмүрбек Текебаевдин аброюна жараша сый мамиле жасоого чакырып, жок эле дегенде үй камагына чыгаруу керектигин айтты:

- Текебаевге жалган жалаа жаап жаткан Маевский ким экенин көрдүк. Биздин бардыгыбыздын Текебаевди террористтей кылып кармап, кемсинтип жатканы күйбөгөн жерибизди күл кылып жатат. 2017-жылы шайлоого даярдангандын ордуна бийлик ушунда ыплас иштерди кылып жатканы өкүндүрөт.

Митинг учурунда экс-президент Роза Отунбаевага "Кыргыз Эл баатыры" наамын берүү демилгеси көтөрүлдү.

Байсалов: Тиреш жогорку чегине жетти

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши эң жогорку чегине жетти.

- Кыргызстандагы кырдаал көзөмөлдөн чыгуу коркунучунда турат. Атамбаев менен Текебаевдин акыркы акыркы жарым жылдагы күрөшү жетчү чегине жетти көрүнөт. Чынын айтканда, элди мурдагы революциялык өнөктөштөрдүн чатагы деле кызыктырбайт. Учурда кыргызстандыктар ушул күздө ачык-айкын президенттик шайлоо өтүп, бийликти тынчтык жол менен өткөрүүнү күтүп, талап кылууда. Орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапарынын алдында президент Атамбаевдин кеңешчилери, айланасындагылар ыңгайсыз абал жаратышты. Биз Текебаевдин күнөөсү жок деп бир тараптуу айта албайбыз, эгер айтылгандар далилденип калса, саясатчынын өзү үчүн өтө катаал жаза болот. Бирок ушул кырдаалда президент Атамбаевге акыл токтотуп, абалдын курчушуна жол бербөөгө чакырабыз. Атамбаевдин негизги милдети - президенттик шайлоону өткөрүү. Текебаев үй камагына чыгарылышы керек, - деди Эдил Байсалов​. ​

Төрөбаев: өлкөдө саясый абал чыңалып баратат

Өмүрбек Текебаевге карата атайын кызмат өтө одоно чараларды көрүп жатканын парламенттеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Текебаев атайын кызматтан кача турган же тергөөгө келбей койчу адамдардан эмес. Ошондой эле ал жөн гана депутат эмес, Текебаев оппозициялык фракциянын лидери. Мен атайын органдары өлкөдөгү саясый абалды чыңалтып жатканына кабатырмын", - деди Бакыт Төрөбаев.

Бабановдун Текебаевдин камалышы тууралуу пикири

Өмүрбек Текебаевге карата айып ачык угузулгандан соң, күч структуралары аны суракка алышы керек. Бирок, күнөө коюудан мурун күч органдары ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүшү зарыл. Мындай пикирин “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди:

- Текебаевди камакка алуу ашыкча болуп калды. Менимче, ал бардык коюлган айыпты эске алып, тергөө менен ачык кызматташууга даяр. Анын чет өлкөдө калбай Кыргызстанга учуп келиши жогорудагы айтылгандарга далил.

Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” билдиргендей, бардык тарап укуктук негизден ашпай иш жүргүзүшү керек жана чындык мыйзам аркылуу аныкталышы шарт.

Карамушкина: топтолгон фактылар Текебаевдин күнөөсүн далилдейт

Камакка алынган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча топтолгон фактылар анын күнөөсүн далилдейт. Бул тууралуу бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» билдирди.

Анын оюнча, Текебаевдин бул коррупциялык иштерге катышы тууралуу маалыматтар буга чейин эле айтылып жүргөн. Акыркы күндөрдөгү көрсөтмөлөр аны тастыктап жатат.

Карамушкина Текебаев күнөөсүз экенин сотто далилдеши зарыл деген пикирин кошумчалады.

ул жерде таптаза эле кылмыш болуп жатпайбы. Экинчи тараптын көрсөтмөлөрүн уктум. Алар так айтып жатат. Өмүрбек Абдрахмановдун да “алар бир миллион доллар алган” деген сөзү туура эле чыгып жатат. Анан каяктагы куугунтук?

Ошол маалда, билесиздер, мамлекетте кандай трагедия болуп жатты эле, а булар “каяктан пайда тапсам экен” деп издеп жүрөт.

Артыков: Текебаевди камоодо саясат жок

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Текебаевдин камалышы боюнча суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Бийликтин негизги оппонентинин камалышы өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этиши ыктымал?

Артыков: Мен ойлойм, эч кандай олку-солку болбойт. Элибиз деле туура баа берер. Эмне үчүн кылмыш кылган кишини коргоп, чыр чыгышы керек?

Албетте, тегерегиндеги жакындары аракет кылып көрүшү мүмкүн. Бирок, менимче, баары тынч эле болот.

Сариев Текебаевдин камалышы боюнча президентке кайрылды

Экс-премьер-министр, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

- Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргызстандын президентисиз. Баарынан мурда Кыргызстанда туруктуулук сакталышына сиз кызыктарсыз. Мен өлкөдөгү туруктуулук бузулушун каалабайм, ошондой эле сизди туруктуулукту сактоого чакырам жана үмүт кылам. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - бардык тараптан мыйзамдуулукту сактоо” – деди Темир Сариев.

Билдирүүдө Сариев тергөө иштерин жүргүзүүгө биринчи кезекте Өмүрбек Текебаев өзү кызыктар экенин белгилеп, ага коюлган күнөөлөр азырынча тастыктала электигин айтты.

Ал Өмүрбек Текебаевди көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы деп, президент менен катуу күрөштө болуп келгендиктен саясатчынын камалышында саясий боёк бар экенин кошумчалады.

"Ата Мекендин" лидеринин кармалышы

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG