Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Соттор менен прокуратура кайым айтышууда


“Ата-Журт” партиясынын депутаттарына чыгарылган өкүм боюнча Башкы прокуратура менен соттор өздөрүн актап, бири-бирин айыпташууда.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Бишкек шаардык сотунун өкүм чыгарган судьялары сот отурумунун протоколун ушул күнгө чейин берише элек. Бул өз кезегинде өкүмгө макул эместигин билдирип, Жогорку Сотко өтүнүч келтирүү мөөнөтүн кечиктирген. Бишкек шаардык соту мамлекеттик айыптоочунун дооматын четке кагууда.

Жогорку Сотко арыз даяр турат

Башкы прокуратура үч депутат боюнча чыгарылган Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыздын долбоорун камдап койду. Бирок аны Жогорку Сотко өкүм чыгарган судьялардын айынан жолдой албай жатат. Башкы прокуратуранын 25-июнда тараткан билдирүүсүндө Бишкек шаардык сотунун соттор коллегиясы мыйзам талаптарын бузуп, соттук отурумдун протоколу менен прокурорлорду тааныштырган эмес деп айтылат. Ошондой эле шаардык сот мыйзамда көрсөтүлгөн беш күндүк мөөнөттө ишти Биринчи Май райондук сотуна кайтарып бербегендиги көрсөтүлгөн.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов буларды билдирди:

- Отурумга катышкан кээ бир адамдардын айткандары өкүмдүн баяндалышы боюнча кандайдыр бир күмөн жаратууда. Бул сот отурумунун протоколун карап чыгууга жана эгер зарылчылык болсо, ага эскертүү берүүнү талап кылат. Бирок Башкы прокуратура сегиз күндөн бери соттун айынан Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча өз укугунан пайдалана албай жатат.

Башкы прокуратурадан кошумчалашкандай, мыйзам боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен бир жылга чейин кайрылса болот.

Бирок Жогорку Сот 26-июнда билдирүү таратып, Башкы прокуратуранын маалыматын четке какты. Алардын билдиришинче, Башкы прокуратуранын "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты боюнча соттук протокол тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт. Мамлекеттик айыптоочулар протокол менен толук таанышып чыккан жана аларга бул документтин көчүрмөсү берилген.

Депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов иш Жогорку Сотто каралган күндө деле депутаттарга актоо өкүмү чыгыш керек дейт. Ал күнөөнү сотторго коёрдон мурда Башкы прокуратура өз катачылыгын мойнуна алышы керектигин айтууда.

- Мыйзамдуу чечим боло турган болсо, бир гана актоо өкүмү чыгат. Сотко доомат коюлбастан, биринчи Башкы прокуратурага суроолор берилиши керек. Эмне үчүн кылмыш иши жакшы тергелген эмес? Эмне үчүн башынан аягына чейин катачылыкка жол берилген деп, биринчи алардан сураш керек.

Кемигинде да, керкисинде да бар

Ал эми коомчулукта сотторду да, прокуратураны да айыптаган маанай күч. Юридика илимдеринин доктору, УКМКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев бул иште эки тараптан тең кесиптик катачылык кеткен дейт.

Анын ырасташынча, прокуратура тергөө ишине сапатсыз көзөмөл кылса, шаардык соттор “бийликти басып алууга чакырык таштоо” боюнча Камчыбек Ташиевге коюлган айыпты негизсиз кыскарткан. Анткени Жапаров менен Мамытовго бул айыптын кыскартылганы туура болгону менен, Ташиев өз сөзүндө “бийликти басып алууга чакырык кылган” дейт юрист. Осмоналиев “бийликти басып алуу” беренеси боюнча актоо өкүмү чыкканын кубаттайт.

- Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде соттордуку туура, ошол эле кезде прокуратураныкы да жөндүү. Бирок бир нерсе түшүнүктүү: экөө тең жеткиликтүү иштеген эмес. Эгер мага койсо, сотторду, прокурорлор менен тергөөчүлөрдү да иштен кубалайт элем.

Былтыр күзүндө парламент жана президент отурган имараттын темир тосмосунан ашып түшүп мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча 8 айдан ашуун УКМКнын тергөө абагында жаткан "Ата- Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 17-июнда шаардык сот актап, камактан бошоткон.

XS
SM
MD
LG