Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

АКШ Орусиянын бир катар ишканаларына санкция киргизди


АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын билим берүү жана коргонуу жаатындагы бир катар ишканаларына чектөө киргизгенин Би-би-синин орус кызматы маалымдады.

Санкцияларга бул ирет "Рособоронэкспорт", "Машине куруу боюнча конструктордук бюро" жана 150-авиациялык-ремонттук завод илинди. Ошондой эле Тула шаарындагы коргонуу - өндүрүш ишканалары да чектөө тизмесине кирди. Ульяновск жарандык авиация институту, Урал атуулдук авиациянын машыгуучу борбору жана Жуков, Гагарин атындагы аскер-аба күчтөрү академиялары да тизмеде бар.

Чектөөлөр 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан улам эмес, Сирия, Иран жана Түндүк Кореяга Москвадан аскерий технология кетип жатканын байланыштуу кабыл алынганы кабарланды. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти орус компанияларына конкреттүү түрдө кандай айып койгонун расмий билдирген эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG