Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Партияларда "көсөмчүлүккө" бөгөт коюу далалаты


Былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки митингдердин бири, 2010-жылдын 18-октябры.

Былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки митингдердин бири, 2010-жылдын 18-октябры.

Кыргызстанда “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоорлор боюнча коомдук угуулар башталды.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине парламенттеги партиялык фракциялардын ичиндеги чыр-чатактар себеп болгон.


Партиялар ичинде ырк жок болуп жатат


Кыргызстанда шайлоолорду партиялык тизменин негизинде жүргүзүү тажрыйбасы саясий партиялардан мурун алардын жетекчилеринин ролун жогорулаткан. Жыйынтыгында парламентке келген партиялык фракциялардын башчылары менен катардагы мүчөлөрүнүн ортосундагы келишпестиктерге алып келди.

Парламенттеги айрым фракциялардын мүчөлөрү ички партиялык демократияны талап кылышса, жетекчилери болсо партиялык тартип бузулуп жаткандыгын айтып чыгышты. Партия лидерлеринин өкүмзордугун же катардагы мүчөлөрдүн тартипсиздигин аныктап, жөнгө салуу жагы мыйзамда көрсөтүлбөй калган.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы, депутат Равшан Жээнбеков мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгына токтолду:

- Парламентке келген партиялардын бардыгында кыйынчылыктар пайда болуп, партиялык система негедир бизде ичинен ыдырап баштады. Бул өксүктү толуктап, партиялардын ички ынтымагын кантип сактап калабыз деген суроо кабыргасынан койулуп турган учур. Мына ошондуктан биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап, ички партиялык демократияны жана тартипти канткенде жолго коёбуз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Бир эле партиянын башчысы маселени жалгыз өзү чечпей, анын мүчөлөрү жамааттык негизде канткенде чечим кабыл алууга катыша алышаарын мыйзамдык жактан бекитишибиз керек болуп турат.

Ички партиялык келишпестиктердин толкуну айрыкча парламенттеги “Ар-Намыс” фракциясында ачык байкалган болчу. Фракциянын он мүчөсүнүн башкаруучу коалицияга кошулуу чечимин фракция башчысы Феликс Кулов партиялык ички тартипти одоно бузуу катары сыпаттаган. Бирок фракциянын ичинен аталган он депутатка санаалаштар табылып, аягында фракция лидерин алмаштырып салышты.


“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытов ички келишпестиктин себептерин партия лидерлеринин өзүм билемдиги менен байланыштырды:

- Көбүнчө биздин партия лидерлери саясий уюмду жеке менчик ишкана катары карашып, “менин партиям, мен түзгөмүн, мында менин гана каалоом болуш керек” деген оору менен оорушат. БШКга, Сотторду тандоо кеңешине мүчөлүкө жана эсептөө палатасына талапкерлерди жылдырганда партиялык фракция лидерлери өздөрү эле каалаган адамдарын көргөздүрүп, чечим кабыл алып коюшкан. Мисалы, бизде ошондой болгон. Бизден сурап да коюшкан эмес. Мына биз ошондойлорго каршы чыкканбыз. Анан ошону тартипсиздик десе болобу?
Эркиндиктин да чеги бар

Ошол эле учурда парламенттеги айрым партиялык фракциялардын жетекчилери ички келишпестиктердин себептерин саясий оюндардын жыйынтыгы катары баалашат. Алар чечим кабыл алууда партиялык тартипти сактоо менен азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек деген жүйөнү карманышат.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ички партиялык демократияны өнүктүрүү демилгесин мындайча мүнөздөдү:

- Мына ошол адамдар өздөрү жаңы партия түзүшүп, башкача иштөөнүн жолун көргөзүшпөйбү. Аны жасоо кыйын. Анткени урмат менен сыйды алыш үчүн ага татыктуу болуш керек. Партиянын ичинде чечимдер добуш берүү аркылуу жүрүп, көпчүлүк колдогон маселе кабыл алыныш керек.

Эч кандай интрига болбош керек. Бардыгы партиянын жобосун жана мыйзамды сактоого тийиш. Фракция партиядан шайлангандан кийин анын жобосун кыйшайуусуз аткарыш керек. Анан шайлоодон кийин эле “эшегим ылайдан өттү, эми мен эркинмин” деп көрүнгөн менен кучакташып кеткенди принципсиздик деп аташат.


Ошол эле учурда саясат таануучулар бир катар партиялардын ичинде жүрүп жаткан мындай келишпестиктерди табигый көрүнүш катары сыпатташты. Анткени партиялык курулушу чабал, социалдык базасы начар жана өзөгү партия лидеринин беделине гана негизделген саясий уюмдардан башканы күтүүгө азырынча эрте экендиги айтылды.

Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов партиялар калыптануу доорундагы “балалык ооруну” баштан кечирип жаткандыгын белгиледи:

- Шайлоолорго катышкан партиялардын абалы алардын коомдук уюмдардын деңгээлинде экендигин айгинелебедиби. Ошондуктан саясий лидерлердин айланасына гана баш бириктирген партиялар болуп жатпайбы. Партиялардын өздөрүнүн жеке тажрыйбасы да керек. Партиялык курулуштун өксүктөр жана партиянын ичиндеги талаш-тартыштарды чечүү салтынын жоктугу партиялардын “балалык” оорусу сыяктуу көрүнүп турат. Бирок бул өтүп кете турган көрүнүш. Партия толук кандуу калыптаныш үчүн убакыт жана тажрыйба керек.

Мыйзам долбоорунда эми жүз жыйырмадан кем эмес жарандардын тобу гана саясий партия түзүү демилгесин көтөрө алат. Буга чейин ондон ашпаган адам деле партия түзүү укугуна ээ болуп келген болчу. Ошондой эле партияны уюштурууда ага ар бир облустан жүздөн кем эмес мүчө кабыл алынып, аймактык бөлүмдөрү ачылган учурда гана аны расмий каттоого алуу жагы сунушталууда.

Мындан сырткары Равшан Жээнбеков шайлоодо ишенимге ээ болгон партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо зарылдыгына токтолду:

- Биздин саясий партиялар шайлоонун алдында сырткы күчтөргө көз каранды болуп жатышат. Мындай партиялар биздин келечегибизге жооп бере албайт. Анткени ким акча берсе, ошонун ырын ырдап калышат. Ар бир өзүн сыйлаган өлкө өзүнүн эсебинен ишенимге ээ болгон партияларды каржылап туруш керек. Биз парламентке кирбей калса деле шайлоочулардын үч пайыздан кем эмес добушун алган партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштап жатабыз.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары “саясий партиялар жөнүндө” бир канча варианттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышкан. Аларды бир редакцияга бириктирип туруп, алымча-кошумчаларды жана жаңы сунуштарды киргизүү маселеси бул боюнча өткөрүлгөн коомдук угууда талкууланды.
XS
SM
MD
LG