Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындары мамлекет башчысы менен Жогорку Кеңешке анын ишин акыйкат кароого көзөмөл кылууну суранып, кайрылуу жолдоду.

Талдоочулар коррупцияга шектелген депутат Акматбек Келдибековдун чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө уруксат берүү жана мурдагы мэр Иса Өмүркуловдун акталышы, Геология агенттигинин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевдин жатак абакка чыгарылышы сыяктуу жагдайлар буга түрткү берип жатканын белгилешүүдө.

Четке кагылган жүйөлөр

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарынын кайрылуусунда ага карата фактылар сотто далилденбегенине карабастан айыптоо өкүмү чыкканына нааразылыгын айтышкан. Анда Кытайдан алынган автобустардын баасы боюнча айыптоону жокко чыгарган жактоочулардын далилдери сотто эске алынбаганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле таштанды ташуучу автоунааларды сатып алуудагы тендердин шарттары бузулган деген айыптоо да сотто толук тастыкталбаганы белгиленген.

Бул иш боюнча Түлеев менен бирге айыпталып жаткан Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын мурдагы жетекчиси Кожобергеновдун адвокаты Мырзалы Осмонкулов мына буларга токтолду:

Нариман Түлеевди сотко алып келишүүдө. 2012-жыл.

Нариман Түлеевди сотко алып келишүүдө. 2012-жыл.

- Автобустарга деген акча аларды чыгарган заводго өзүнчө, Кыргызстанга жеткирүүгө каралган каражат кошо бириктирилип төлөнгөн. Мунун бардыгын биз сотто далилдедик. Бирок сот ташып жеткирүү автобустун баасына кошулган деген негиз менен ташып алып келүүгө кеткен каражатты Түлеев менен менин коргоомдогу Кожобергенов жеп алган деген айыптоону колдоп, өкүм чыгарып койду. Биз далилдерди ишке тиркегенге берген элек. Бирок сот бир гана мамлекеттик айыптоонун айтканын угуп, биз келтирген жүйөлөрдүн бардыгын четке кагып туруп алды.

Коңторулган чындык же котормодон кеткен ката

Автобустардын заводдогу наркынан сырткары аны Кыргызстанга ташып жеткирүүнүн баасы 24 миң 337 долларды түзгөн. Жалпысынан 200 автобус алынып келинип, ага шаардык бюджеттен 4 миллион 867 миң 400 доллар чыгымдалган. Түлеевдин жактоочуларынын айтымында, башында келишимдин түп нускасын которууда автобустарды ташып жеткирүүнүн акысы сатып алуучунун эмес, сатуучунун эсебинен жүргүзүлөт деп ката кеткен. Бирок ал катаны эксперттер оңдогондон кийин дагы аны тергөө менен сот органдары эске алган эмес.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Түлеевдин бир нече соттук жараянына катыштым. Түлеев автобустарды Кытайдан сатып алууда мамлекетке зыян келтирбегенин тастыктаган кытай тараптын документтерин адвокаттар соттун кароосуна бергени чын. Автобустар мурда көрсөтүлгөн баада алынганы жана анын ичине аларды ташып жеткирүү кызмат акысы да кошулганы анык болуп турат. Анан сот чечим кабыл алууда бул маанилүү жагдайды эске албай койбошу керек эле. Мен муну соттук практиканы жакшы билген адам катары айтып жатам.

Башкы прокуратуранын айтымында, келишимге ылайык, автобустарды Бишкекке чейин жеткирип берүү аны чыгарган заводдун эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Ал эми Бишкек шаарынын ошол кездеги мэриясы автобустарды ташып жеткирүүгө кеткен чыгымдар үчүн деген негизде ашыкча каражат чыгыштаган деп айыпталган. Башкы прокурор Аида Салянова парламентте бул алды-саттынын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп айткан болчу:

- Нариман Түлеев казына каражатын уурдоо жолу менен жеке пайда көрүү максатында 2008-жылы атайылап мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү демилгесин көтөргөн. Мунун кесепетинен мамлекеттин казынасына 1 миллион 812 миң 600 доллар зыян келтирилген.

Домино принциби же түшүнүктүн үстөмдүгү

Мындай айыптоо менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындары макул эмес. Алардын айтымында, мамлекеттик айыптоо Түлеевге койгон дооматтарды төгүндөй турган Кытайдын “Ясин” компаниясынын документалдуу далилдерин жана анын расмий өкүлдөрүнүн тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн сот эске албастан өкүм чыгарган. Ошондуктан Түлеев баштаган соттолуучулардын жактоочулары Ленин райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна даттанышты. Бишкек шаардык соту бул ишти качан карары азырынча белгисиз.

Саясат таануучу Марс Сариев чуулгандуу иштер боюнча айыпталуучуларга карата бир кылка эмес мамилеге байланыштуу жагдайга токтолду:

- Башында Батукаевди Орусиядагы таасирдүү адамдын суранычы боюнча чыгарып жиберишти. Анан быйыл Акматбек Келдибеков камактан чыгып кетти. Иса Өмүркулов акталды. Анан албетте Нариман Түлеевдин тарапташтары да анын бошотулушун талап кылып жатышат. Анын артында да жакындары, санаалаштары бар. Алар дагы “эмне үчүн Түлеев чыкпашы керек?” деп жатышат. Алардын дагы келтирип жаткан жүйөлөрү бар. Муну домино принциби деп коёт. Мыйзамдуулук бузулган шартта мына ушундай түшүнүктөр үстөмдүк кыла баштайт.

Түлеевдин жактоочулары ага карата өкүмдү экспертизадан өткөрүү талабын коюшууда. Анткени сотто окулган өкүм менен кийин колго берилген анын көчүрмөсүндө айырмачылык чыгып калган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Нариман Түлеевди кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыптуу деп таап, аны он бир жылга эркинен ажыраткан. Аны менен бирге мурдагы вице-мэр Валерий Корниенко он жылга, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурунку башчысы Руслан Бейшенбаев он жылга, “Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси Бакыт Сыдыков беш жылга, жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын мурдагы директору Медет Кожобергенов 13 жылга жана мэриянын алдындагы мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Токтобеков 10 жылга соттолгон.

Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри, ЖК депутаты Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. (29.07.2013)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG