Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.

Атамбаев: бир аймакка электр арзан болсун деген талапка кошулбайм

Президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

18:52 27.12.2014

18:36 27.12.2014

Маалымат жыйында суроолордун басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине байланыштуу берилди. Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигинин пайдалуу жактарын тизмектеп берди. Бул уюмга кирбегенде өлкө келечеги оор болмоктугун эскертти:

- Кыргызда “Чакырганда келбеген, ымдаганга зар болот” деген сөз бар. Биз Бажы биримдигине араң кирдик. Ага мүчө үч мамлекеттин бирөө биздин киришибизге каршы болду. Мен эмне бул уюмга өзүмдү ойлоп кирип жатат дейсиңерби? Эгер кирбесек 1,5 миллиард доллар акча келмек эмес. Чек аралар жабылмак. “Дордой” өңдүү базарларда товар туруп калмак. Бензин, ун кымбаттамак. Анан кайра эле “эмнеге кирбей койду”, деп президентти шыбамаксыңар. Мен баарын эсептеп туруп кирип жатам. Ишканалар ачылсын, элге иш берилсин, Орусияда жүргөн жарым миллион жараныбыз кул болбой, милициядан коркпой ээн-эркин басып жүрсүн деп кирип жатабыз.

Журналисттер өлкөнүн ички жана тышкы саясатына кызыкты. Президенттин пикиринде, коңшулар Кыргызстан менен эсептеше баштаганда гана чек араны тактоо иштери илгерилейт.

Атамбаевдин айтымында, газ, электр энергиясынын таңкыстыгы өңдүү кыйынчылыктарга карабай, өлкөнүн эгемендигине, көз карандысыздыгына жол чабылып жатат. Ал ошондой эле Нарында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы нааразылык акцияларды сынга алды. Аны бир ууч гана адам уюштуруп жатканын кыйытты:

- Нарынга тарифтер арзандасын, башкаларга ошол бойдон калсын деген талапка такыр кошулбайм. Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда отурат. Нарындыктарды ансыз деле кыргыз эли багып жатат. Мисалы, Аксы районунда кээ бир адамдардын эки сотых гана сугат жери бар. Нарында болсо эки гектардан алгандар чыгат. Кимдин турмушу кыйын? Ооба, мисалы Ат-Башынын кышы абдан кийин. Бирок нарындыктар Ат-Башыны Кыргызстандын “керчөөсү” деп аташат. Эң сонун жер. Чөбү эки метрге чейин өсөт, малга жайыты кенен. Биздин турмуш кыйын, баткендиктер жыргап жүрөт деген туура эмес. Тарифтер боюнча митингдерди 40-50 ОБОН гана баштап жатат. Болбосо ал талапты жергиликтүү эл колдобойт.

Президент Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу боюнча позициясын билдирди. Азыркы Конституция өтө чукул жазылгандыктан анын кынтыксыз эмес экенин айтты, сот реформасы, шайлоого байланышкан айрым жагдайларды жөнгөрүү үчүн айрым беренелер өзгөрүшү керек деп белгиледи:

- Сот реформасын жүргүзгөнгө мыйзам жол бербей жатат. Акимди жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлап жатат, бирок анын аягы эмне менен бүтүп жатканын көрүп жатабыз. Кээде шайлай албай тарап да кетип жатат. Шайлоо да кандай өтүп жатканын көрүп жатабыз. Парламент Кыргызстандын келечеги үчүн Конституцияны деле коркпой эле карап көрүшү керек. Өлкө келечеги үчүн Баш мыйзамдын айрым беренелери өзгөрүшү керек.

“Азаттык” Атамбаевдин Кумтөр, аны улутташтыруу тууралуу сунуштар тууралуу пикирине кызыкты. Бул маселе тереңдеп кеткенин, аны чечүү орлошуп баратканына токтолду:

- Менин билишимче “Центерранын” жетекчилери азыр кетенчиктеп жатат. Бул маселе боюнча мен өлкө кызыкчылыгына кесепети тийбесин деп кандайдыр бир кескин сөз айткым келбейт. Бул маселени өтө кылдат чечишибиз керек. Өтө татаал маселе.

Атамбаевдин уулдарына таандык "Автомаш-Энерго" компаниясы тууралуу суроого төмөнкүчө жооп берди:

- “Автомаш-Энерго” “Кыргызавтомашка” келген электр энергиясынын баасын арзандатуу үчүн Акаевдин тушунда эле түзүлгөн. Ишкананын айланасындагы ушак мурунку бийликтердин тушунда деле көтөрүлгөн. Мен уулдарымды чакырып алып “мени жаманатты кылбай бул ишканадан кутулбайсыңарбы”, деп деле айткам. Сейтек деген уулум кетип калды. Сейит уулум болсо “ата, Акаевдин да, Бакиевдин тушунда да ар кандай кыйынчылыктарга карабай иштегенбиз, мына азыр да прокуратура маал-маалы менен чакырат, мен таптаза иштеп жатсам эмнеге китишим керек, такыр кетпейм, жаман бир нерсе кылсам анда камашсын” деп айтты. Уулум 38 жашта. Керек болсо камап салгыла. Кудайдан корксоңор боло, адам таза иштеп жатат.

Маалымат жыйында Аида Салянова кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганы маалым болду. Президент суроолорго жооп берип жатып баш прокурорду кыйла мактап өттү, алтүгүл эмки президент Саляновадай болсо деген тилеги бар экенин ачыктады:

- Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтып коеюн, буга чейин арыз жазган учуру болгон. Аны түшүнсө болот, жумушу абдан оор, найзанын учунда жүрөт. Эс алууга уруксат сурады, мен уруксат бердим. Прокурор ким болсо деле мен президент болуп турганда коррупцияга каршы күрөш токтобойт. Канчалаган журналисттер Салянованы каралап, жамандап жазып жатат. Аны деле билесиңер.

Атамбаев быйылкы жыл жалпысынан жаман болгон жок деп жыйынтыктады. Өлкө жакыр мамлекеттер катарынан чыкканын, нааразылык акциялардын саны үч эсеге азайганын башкы жетишкендик деп баалады.

18:22 27.12.2014

18:20 27.12.2014

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG