Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

5-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев бир катар жетекчилерди кызматтан бошотуп, алардын ордуна жаңы кадрларды дайындады.

Президенттин буйругуна ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп Абдил Сегизбаев дайындалды. Эмгек жолун бейөкмөт уюмдарда иштөө менен баштаган Сегизбаев коомчулукка 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган туңгуч президент Аскар Акаевдин акыркы маалымат катчысы катары белгилүү.

Ал 2010-жылкы революциядан кийин бийликке кайтып келип, 2011-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалап, соңку бир жылда УКМКнын орун басары кызматында иштеп келаткан.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Сегизбаевдин мындай олуттуу кызматка дайындалышын президенттин күч түзүмдөрүнө жаш кадрларды тартуу максаты менен байланыштырды. Ал регионалдык коопсуздук маселеси күчөп турган чакта эми Абдил Сегизбаевдин алдында чоң милдеттер турганын белгиледи.

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев

- Сегизбаев мурун деле күч түзүмүндө иштеп жаткан да. Негизи мындай кызматка бейөкмөт уюмдан алып келбеш керек эле. Кызматтык династия болуш керек, органда иштеген адамдар келиш керек. Бизде эки революциядан кийин бюрократиялык кызматтарда бул эрежелер бузулуп, ошондон бери кайра калыбына келе элек. Бирок бул этап да өтөт, оңолот. Бул жаңы кадр эмес. Ал орун басар болуп иштеп келаткан. Анын тажрыйбасы бар. Эми ушул адамдар иштеп кетсе эле болду.

Мурдагы коопсуздук кызматкери, эксперт Артур Медетбеков Сегизбаевдин бул кызматка дайындалышы күтүлгөн эле окуя болгонун, президенттин айланасындагы жакын адамдарды күч түзүмдөрүнө алып келүү аракетине азыр таң калуунун кажети жоктугун белгилейт. Ошентсе да Медетбеков Борбор Азияда терроризм, экстремизм коркунучтары күчөп турган маалда бул кызматка келген адам бийликтин кызыкчылыгында иштеп, саясий оюндардын оюнчугуна айланбай, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жагын көбүрөөк ойлонушу зарылдыгын эскертет.

- Кыргызстанда кесипкөй, таза, ачык иштеген, чекисттердин бир эмес, эки окуусун бүткөн, 3-4 тил билген, татыктуу адамдар жетиштүү. Бирок бийликке келген партиялар, ким бийликте болсо биринчи кезекте өзгөчө күч түзүмдөрүнө өз тегерегиндеги, өздөрү менен чогуу саясий багытты алган адамдарды койгонго аракет кылып калышты. Азыркыдай абал түзүлүп турганда бийликке келген адамдардын бардыгы жогорку деңгээлдеги кесипкөй болсо, бул өлкөнүн келечегине чоң пайда болмок. Кыргызстанда 24 жыл аралыгында УКМКнын жетекчилигине абдан көп адамдар дайындалды. Бирок алардын арасында бир-эки эле адам оперативдүү кызматта көп жыл иштеген чекисттер болгон. Көптөгөн алмашуулар ишти тактап, аныктап алууга терс таасирин тийгизет.

УКМКнын жетекчиси болуп 2013-жылы дайындалган Бусурманкул Табалдиев президенттин буйругу менен анын кеңешчиси болуп дайындалды. Президент бүгүн дагы бир кеңешчиси катары Икрамжан Илмияновду бекитти. Ал буга чейин Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. Быйыл жазында ал “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатакка байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, мындай кадамга өзү тууралуу ар кандай кеп сөздөргө негиз бербөө максатында барганын билдирген.

Марат Казакбаев Илмиянов арызын жазып кеткени менен, эч убакта бийликтен алыстабаганын, шайлоодо катуу иштегенин, ал президенттин ишенимдүү адамы катары кайра эле келгенин айтат.

Саясатчы Адахан Мадумаров шайлоодо өтө жигердүү иштеген адамдар жасаган ишине жараша бийликтен өз үлүшүн аларын белгилеп, Илмияновдун дайындалуусунда ушул шарт роль ойногонун айтууда.

Икрамжан Илмиянов

Икрамжан Илмиянов

- КСДПнын штабы шайлоодо катуу иштеди. Штабда иштеген инсандар четте калбаш керек. Шайлоодо иштеген ар бир киши жасаган жумушуна жараша үлүшүн алыш керек. Ошонун арты менен келди деп билишибиз керек. Шайлоо учурунда көзгө көрүнбөй, көмүскөдө жасалган иштер көп болот. Ошол көмүскөдө иштеген кишилер ушундай бийиктиктерге көтөрүлөт.

Бул дайындоолордон тышкары бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп Жаныбек Капаров бекиди. Башкы штабды буга чейин жетектеп келген Асанбек Алымкожоев кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Марат Кенжесариев Коргоо министрлигинин ордуна жаңы түзүлгөн Коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына келди.

Жаңы дайындалган адамдардын кесипкөй даярдыгынан эч күмөнү жок экенин белгилеген генерал Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлигин өзгөртүүнүн максатын түшүнбөгөнүн кошумчалады. Эми Башкы штабдын алдында жаңы түзүлгөн комитеттин макамы төмөнүрөөк болуп калгандыктан, Кыргызстандын алдында эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, жоболорго өзгөртүү киргизүү түйшүгү пайда болушу мүмкүн.

- Комитеттин статусу Башкы штабдан төмөндөдү. КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңеши бар. Ошол кеңешке коргоо министри расмий мүчө болчу. Акыркы кеңештерге коргоо министринин орун басары жана Башкы штабдын жетекчиси барган. Ошондо протокол боюнча отурганда президенттин жанында коргоо министринин орун басары отурду. Башкы штабдын жетекчиси болсо алысырак отурган. Ошондо эле башка өлкөлөр эл аралык макам боюнча кимге кантип баа берери көрүнүп калган. Эми мындан улам ошол көпчүлүк мыйзам, жобо, макулдашууларга өзгөртүү киргизүү керек болот. Кагаздарга көп өзгөртүүлөр киргизилет. Кыскасы, алардын аты гана өзгөрдү, ал эми функциясы ошол бойдон эле калды деп ойлойм. Негизи Коргоо министрлиги бойдон эле калса болмок. Менимче, ушул эки кызматтын ортосунда айрым тирешүүнү жоюу үчүн эле биринин макамын төмөндөтүп коюшту окшойт.

Президенттин дайындоолорун утурлай Жогорку Кеңеш да өкмөттүн курамын, программасын бекитип берди. Коргоо министрлиги менен катар эле Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызмат болуп өзгөрүп, анын айрым функциялары Социалдык өнүгүү министрлигине өттү. Ошондой эле Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлмөй болду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да холдинг болуп өзгөрө турган болду.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG