Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

HRW: Пакистан полициясын реформалоо зарыл


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму адамдарды далилсиз кармап, кордойт, кыйнайт деп Пакистан полициясын айыптады.

Ошондой эле күч түзүмдөрүн реформалоо зарылдыгын айтып, өлкө бийлигине кайрылды.

Уюмдун 26-сентябрдагы баяндамасында 30 полициячы жана 50дөн ашуун жабырлануучу жана зомбулук күбөлөрү менен маектешүү камтылган.

Анда союл жана кайыш курлар менен уруп-сабоо, дене-бойду керүү, уктатпоо жана башка психикалык кыйноолор мисал келтирилет.

Ошондой эле баяндамада, өзгөчө качкындар, бей-бечаралар жана диний азчылык өкүлдөрү күч органдарынын зомбулугуна көбүрөөк тушугары белгиленген.

XS
SM
MD
LG