Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстан ушул аптада Бурунди жана Маршалл аралдары менен дипломатиялык байланыш түзүү боюнча келишимди кабыл алууда.

Буга чейин 143 өлкө менен дипломатиялык алака түзүлгөн. Бул өлкөлөр менен алака канчалык натыйжалуу болууда? Коңшу мамлекеттер менен мамиле бир кылка жөнгө салынбай турганда жаңы алака куруунун канчалык зарылдыгы бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитет төрага орун басары Абдувахап Нурбаев, эксперттер Эмил Каниметов жана Аскарбек Мамбеталиев катышат.

“Азаттык”: Абдувахап мырза, ушул аптада Жогорку Кеңеш кыргызстандыктарга анча белгисиз Бурунди жана Маршалл аралдары сыяктуу өлкөлөр менен дипломатиялык алака түзүүгө макул болду. Анда айрым депутаттар бул өлкөлөр менен дипломатиялык алака курууга зарылчылык жок деп айтып чыгышты. Бул келишимден кандай пайда болот?

Мындай иштер керек. Анткени, биздин өлкө эл аралык аренада өзүн таанытышы керек. БУУда добуш берүүдө же башка маселелер болгондо булардын добушу бизге керек болот.

Абдувахап Нурбаев: Негизи БУУга 193 өлкө мүчө. Биз учурда анын 143ү менен дипломатиялык мамиле түзгөнбүз. Быйылкы жылы 7-8 мамлекет менен байланыш түздүк. Мындай иштер керек. Анткени, биздин өлкө эл аралык аренада өзүн таанытышы керек. БУУда добуш берүүдө же башка маселелер болгондо булардын добушу бизге керек болот.

Экинчиден, алар менен дипломатиялык мамиле түзүүгө эч кандай деле каражат кетпейт. Мындан Кыргызстан утат. Өзүн башка мамлекеттерге таанытып, кызыкчылыгыбызды коргогонго өбөлгө түзөт. Биздин 27 мамлекетте элчилигибиз бар. Андан сырткары 36 өлкөдө ардактуу консулдарыбыз иштейт. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биз эл аралык аренада өзүбүздү таанытууну уланта беришибиз керек.

"Азаттык": Дипломатиялык алакабыз бар өлкөлөрдүн канчасы менен реалдуу кызматташтык жүрүп жатат? Көпчүлүк келишимдер эл көзүнө же декларативдүү түрдө болуп калган жокпу?

Абдувахап Нурбаев: 143 мамлекеттин баары менен реалдуу кызматташтык жүргүзүү мүмкүн эмес. Биз жаш мамлекетпиз. Эми гана таанылып жатабыз. Бирок эл аралык деңгээлде маселе чыкканда бизге алардын колдоосу керек болот.

Эми жогоруда саналып кеткен мамлекеттер Кыргызстандан кичинекей. Алар менен мамиле түзөбүз, мамилени жакшыртабыз эл аралык деңгээлге чыгабыз деген жетиле элек түшүнүк.

"Азаттык": Эмил мырза, бийлик улуттук кызыкчылыктарга багытталган саясат жүргүзөбүз деген принципти айтып келатат. Бирок учурда тышкы саясат канчалык туура жүрүп жатат?

Эмил Каниметов: Эми жогоруда саналып кеткен мамлекеттер Кыргызстандан эки-үч эсе кичинекей. Израиль, Эстония деле кичинекей мамлекеттер. Биз кичинекей мамлекетпиз, ошон үчүн жакшы мамиле түзөбүз, мамилелерди жакшыртабыз, эл аралык деңгээлге чыгабыз деген түшүнүк жетиле элек түшүнүк.

Депутат Нурбаев туура айтты, эл аралык мамилелерде Кыргызстандын атын чыгаруу аракетинин зыяны жок. Бирок ал мамиле канчалык деңгээлде пайда алып келип жатат, биздин дипломатиялык мекемелер кандай иштеп жатат бул башка маселе.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги жөнүндө, тышкы дипломатиялык мамилелер жөнүндө бардык мыйзамдарда улуттун, мамлекеттин, коомдун жана ар бир жарандык кызыкчылыгын коргогондой саясат жүргүзүү керек деп жазылып койгон. Эл болсо дипломатиялык жана элчилик кызматтагы өкүлчүлүктөр, анын ичинде президент кандай өлкөлөр менен мамиле түзүп жатат, чындап элдин кызыкчылыгын коргоп жатабы же башка мамлекеттердин жаңсоосу менен иштеп жатабы байкап турат. Бул абдан талылуу маселе.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG