Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

КМШ министрлери ЖККУ ролун талкуулайт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат. Анда он бешке жакын маселе каралат. Талкуунун өзөгүн коопсуздук темасы түзөт.

Ошондой эле чек ара көйгөйлөрүн чечүү, маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташтык каралат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жыйындын күн тартиби тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлери карай турган маселелердин ичинде коопсуздук темасы да бар экен. Бул соңку учурда глобалдык проблемага айланган диний коопсуздукпу же башка маселеби?

Исаков: Негизи, коопсуздуктун бир канча жагдайы талкууга алынат. Арасында диний коопсуздук албетте, көтөрүлөт. Ооганстан тараптан келип жаткан коркунуч да каралат. Кечээ коңшу Тажикстанда ЖККУнун жыйыны болду. Анда тажик тарап уюм тарабынан буга чейин берилген убадалар аткарылбай жатканы тууралуу маселе көтөрдү. Бүгүнкү талкууда бул суроо дагы көтөрүлүшү мүмкүн. ЖККУ төрагасы Николай Бордюжа да келет. Сиз айткан диний кырдаал Кыргызстанда да олуттуу болуп турат. Биз мамлекетибиздин коопсуздугу тууралуу ойлонушубуз керек. Ал үчүн бизге жамааттык коопсуздук зарыл.

“Азаттык”: Өзбекстандан да өкүлдөр келет экен. Коңшулар менен соңку беш жылдан бери солгундап кеткен мамилени жандантуу жаатында жыйындын алкагында сүйлөшүү болобу?

Исаков: Жыйын жүрүшүндө бул маселе көтөрүлбөйт. Анткени, бул көп тараптуу чогулуш. Бирок эки тараптуу жолугушуу болушу мүмкүн. Ошондо мамлекеттер арасындагы ымала темасы каралат.

“Азаттык”: КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны канча күнгө созулат? Соңунда биргелешкен кандайдыр бир документ кабыл алынабы?

Исаков: Бул бир күндүк жыйын. Министрлер талкуудан соң президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушат. Жыйындын алкагында бир канча чечим кабыл алынып, документтерге кол коюлат. Кыргызстан 2016-жылдан тарта КМШга төрагалык кылат. Азыр төрагалык милдет Казакстанда. Бишкек анын орунбасарынын миссиясын аткарууда. Тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү жыйынын келерки жылга даярдык катары карасак да болот. Бул талкуу абдан маанилүү. Кабыл алынган документтер түз эле президенттерге кол коюуга жиберилет.

XS
SM
MD
LG