Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Фракция башчылары ЕККУнун жыйынында сүйлөшөт


ЕККУнун Польшадагы жыйыны.
ЕККУнун Польшадагы жыйыны.

КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракцияларынын лидерлери ЕККУнун жыйынына катышып, Кадыржан Батыровдун жыйынга катышып, сөз сүйлөгөнү боюнча пикирлери менен бөлүшмөкчү. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында маалым болду. Анда айтылгандай, фракция башчылары мекенинде кылмышкер деп таанылган Батыровго эл аралык уюм аянтча берип жатканына нааразылыгын айтышат. Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев Еврокеңештин парламент ассамблеясында чыгып сүйлөшөт.

2010-жылкы июнь коогасын уюштурган, көптөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болгон деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров 20-сентябрь күнү Польшада ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, кыргыз бийлигин айыптаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу нааразылыгын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG