Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

УКМКны кайтарган милиция көбөйдү


УКМК алдына митингге чыккан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун тарапкерлери жана жарандык активисттер милиция кызматкерлерин сүрүп өтүп, имаратка кирүүгө аракеттенди. Бирок тартип сакчылары ага жол берген жок. "Ата Мекен" фракциясынан билдиришкендей, азыр имараттын алдында күч кызматкерлеринин саны көбөйдү.

Алмамбет Шыкмаматов саат 10дон тартып атайын кызматта сурак берип жатат. Анын тарапкерлери жана жарандык активисттер президент Алмазбек Атамбаевден оппозицияны куугунтукка алууну токтотууну, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып турушат.

Башкы прокуратура Шыкмаматовго 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG