Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Акимдер депутаттарды кантип күтөт?


ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттардын тобу Баткенде, февраль, 2013.
ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттардын тобу Баткенде, февраль, 2013.

Жогорку Кеңеш депутаттары апта башынан бери аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт.

Журт ичинде эл аралаган депутаттарды, борбордон келгендерди жергиликтүү бийликтер эт-ашка толгон дасторкон жайып, тосуп алат деген кептер бар. “Азаттык” бул сөздөрдүн чын-төгүнүнө, депутаттардын жолугушуулары кандай өтөрүнө кызыгып көрдү.

Борбордон баргандар акимдерге "ашка жүкпү?"

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, борбордон барган депутаттар же жогорку жетекчилер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түйшүк жараткан учурлар жок эмес. Депутат өзү жакында Талас облусундагы төрт районду кыдырып келген.

- Мындай көрүнүштөр чындыгында эле бар. Андай оорчулукту акимдерге бир гана депутаттар эмес, кээ бир убакта өкмөт башчылары, министрлер да жаратат. Алар барып өздөрүнүн жумушун гана кылбастан, жатаканаларын, ичкен тамактарын акимдерге “илген” убактары көп болгон. Ал эми жеке өзүм жөнүндө айта турган болсом, менде андай жок.

Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев да бул күндөрү Сокулук районунда шайлоочулар менен жолугушту. Бирок ал депутаттар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө “мен баратам” деп, алдын-ала кабар берет дегенге кошулбайт.

- Мен “кой союп кой, мал союп кой” деген депутат эмесмин. Өз тажрыйбамда андай депутаттарды деле көрө элекмин. Азыр гана Сокулуктун эли менен жолугушуп келдик. Андай нерсе менде жок. Кээ бир алыс жерлерге барганда чай-пайын өзүнүн демилгеси менен берген учурлар кездешет. Бирок депутаттардын “мындай кылгыла” деп талап кылганын уга элекмин.

Нарында депутаттарды кантип күттү?

Ушул күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар Нарын облусунда жүрөт. Алардын катарында Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Эсенгул Исаков, Абдыманап Кутушев, Алмазбек Баатырбеков жана Майрамгүл Тиленчиева бар. Мындан тышкары алар менен билим берүү министри Канат Садыков жана бир катар министрлердин орун басарлары жүрөт.

Ат-Башы районунун акими Ильичбек Максутов “Азаттыкка” борбордон барган конокторду кандайча күткөнүн айтып берди:

- Булар кечээ Ат-Башыга келишти. Эч кандай кой сойгон жокпуз, устукан тарткан жокпуз. Кой сойбой, жөн гана биринчисине борщ, экинчисине куурдак берип жөнөттүк. Бизге кой сойдурбай коюшту. Негизи биз өзүбүз соёлу дегенбиз. Бул эми өзүбүздүн намысыбыз да. Кыргыз деген төрө пейил, меймандос, конок тосконго мыкты эмеспизби.

Башка акимдер да борбордон келген чоңдор жергиликтүү бийликке жүк артат дегенди четке кагууга аракет кылышты. Нарында жүргөн Социал-демократтар фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” маегинде буларды белгиледи:

- Мен негизи жергиликтүү бийликтин коштоосунда эл кыдырбайм. Өзүмдүн жардамчыларым менен гана кыдырам айылдарды. Бул жолу биз Нарынга төрага менен бирге келип, кыдырып жүрөбүз. Биз башында эле облустук жетекчиликке да, райондук жетекчилерге да бизге беш бармактын жана башка нерсенин кереги жок деп айтканбыз.

Жолдошева: акимдер бут тосууда

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева да ушул мезгилде Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып жүрөт. Ал тескерисичинче акимдер жолугушуу өткөрүүгө бут тосуп жатканын маалымдады. Алдын-ала сүйлөшүлгөнүнө карабай Ошто акимдер эл менен жолугушууларды уюштурууга шарт түзүп беришкен эмес деди депутат:

-Ноокатта эл менен жолугушууну мамлекеттик администрацияда өткөрөлү десек, жок маданият үйүндө өткөрөсүңөр деген. Макул деп биз өзүбүздүн планыбызга маданият үйү деп белгилегенбиз. Бирок жергиликтүү бийлик “жок, Жолдошева келбейт, кете бергиле. Биз маданият үйүн ачып бербейбиз” дешиптир.

Бирок Оштогу бир катар райондорунун акимдери депутат айымдын билдирүүлөрү чындыкка коошпойт деп билдиришти. Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров депутат Жолдошева өзү белгиленген убактысына үч саат кечиккенине карабай, жолугушууга шарт түзүп беришкенин айтат:

- Биз саат он бирге жалпы жыйын өткөрмөкпүз. Депутат айымды күттүк, ал саат он бирге келген жок. Андан кийин экиге жолугушуу уюштуруп бергиле деди. Макул деп уюштуруп бердик. Ал эл менен жолугушуп, анан кетти.

Ал эми Жогорку Кеңештин башка бир депутаты Өмүрбек Абдрахманов азыркы айрым чоңдордун иш-аракетин бай-манаптык психология деп мүнөздөдү. Ал муну жемкорлуктун бири дейт.

- Биздин чоңдор чоңдугун көрсөтөйүн дешет. Анын ичинде депутаттар да бар. “Мен силердин маселеңерди чечип жатам” деп, жергиликтүү бийликти кыйнайт. Алар болсо дагы бирөөлөрдү кыйнайт. Кошоматчылар да көп. Чоңдор менен танышып калсам, кызматыман көтөрүлүп калсам дегендер бар. Жылкы да союлат, башка да иштерди кылышат. Аны көрүп эле жүрбөйлүбү.

Кыргызстандын элин меймандос деп сыпатташат. Келген коногуна үстөл белин ийилте дасторкон жаймай салты бар. Анткен менен буга жергиликтүү бийликтин борборго көз карандылыгы да өз таасирин тийгизип жаткан көрүнөт.

XS
SM
MD
LG