Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Үч депутаттын иши боюнча сот өкүмү катардагы адамдар гана эмес, юристтер арасында да талаш жаратууда.

Сот өкүмүнө мамлекеттик айыптоочулар да, соттолгон депутаттар да нааразы.
Депутаттар сот бийликтин тапшырмасы менен өкүм чыгарды десе, прокурорлор депутаттар кылган кылмыштарын ылайык жаза албай калганын айтууда. Андыктан эки тарап тең соттун жогорку баскычтарына кайрыла турганын билдиришти.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов баштаган жети адам боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмү катардагы адамдар гана эмес, юристтер арасында да талаш жаратты.

Соттун чыгарган өкүмүн ар башка түшүнгөндөр жана чечмелегендер болууда. Бирок азырынча сот өзүнүн чыгарган өкүмү боюнча кеңири түшүндүрмө бере элек.

29-марттагы сотто судья Адылбек Субанкулов өкүм менен мындайча тааныштырды:

- Кожоналиевден башкасынын баары 30-берене (кылмышка шериктеш болуу) жана 28-295-берене (кылмыш далалаты жана бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча айыптуу деп табылып, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго бир жарым жыл, калгандарын бир жыл эркинен ажыратуу жазасы белгиленди. Кубат Кожоналиев күнөөсү жоктугуна байланыштуу акталды. Соттолуучулардын жазасын өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 4-октябрынан баштап ар бир өтөгөн күнү эки күн деп эсептелет.

Кылмыш жана жаза

Негизи депутаттарга Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча иш козгогон. Булар: бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу кылмыш далалаты (28-295-берене), экинчиси - Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо (297-берене). Мындан тышкары кылмышка шериктеш болуу (30-берене) жана мыйзамсыз курал-жарак сактоо (241-берене) бар.

Мыйзамсыз курал-жаракты сактоо айыбы боюнча актаган өкүм чыкса, Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо (297-берене) ашыкча коюлган айып катары сыпатталды.

Булардын ичинен эң оор берене болуп, бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу аракети (28-295-берене) эсептелет. Бул берене оор кылмыш деп саналгандыктан,12 жылдан 20 жылга чейинки жаза берилет. Ошондой эле ал боюнча жоопкерчиликке тартууда депутаттардын кол тийбестигин парламенттен сурап отуруу талап кылынбайт.

Ал эми башка беренелер боюнча парламенттин макулдугу алынышы керек. Сот 28-295-беренеси боюнча өкүм чыгарганы жана жазаны жеңил бергени бир катар күмөн саноолорду жаратты.

Депутат Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот бийликтин буйругун аткарып, кандай да болсун депутаттарды “соттолгон” деп табууга аракет кылды деп эсептейт:

- Депутаттарды өтө оор берене менен соттоду. Эгер оор кылмыш менен соттой турган болсо, анда аларга эң аз дегенде 12 жыл бериш керек болчу. Бирок аларды 1,5 жылга соттоп жатат, жеңил кылмыш же берене сыяктуу. Аларды соттогон кылмыш беренеси менен берилген жазанын айкалышпагандыгы эле чечимдин мыйзамдуулугуна күмөн жаратат. Алардын эң башкы максаты - Ташиев жана башка депутаттарды эптеп соттоо менен депутаттык укугунан ажыратуу. Соттолгондо алар депутаттык мандаттан ажырайт. Ошондой эле кийин депутаттыкка жана президенттикке да талапкерлигин коё албай калат. Бул иштердин баары аларды саясий майдандан сүрүп чыгаруу максатында жасалды. Сот ал тапшырманы аткарып берди. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Ошондуктан бул саясий иш.

Депутаттардын адвокаттары билдиргендей, алар өкүмдү жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. Ал эми укук коргоочу, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абрасулова депутаттарды оор берене менен соттоого барганын судьянын абалдан буйтап чыгып кеткени катары сыпаттады. Эгер 297-берене менен соттой турган болсо, анда парламент депутаттарды жоокерчиликке тартууга макулдук берет беле деген суроо бар.

Абдрасулованын оюнча, сот далилденбеген кылмыш боюнча өкүм чыгарып, парламенттин макулдугун алуудан качты:

- 295-берене далилденген жок деп сот өзү айтып жатты. Натыйжада бул берене боюнча бардыгы эле акталышы керек болчу. 297-беренеде “чакырык” тууралуу кеп болот. Чакырык кимде бар? Ташиев өзү “мен бийликти алабыз деп айтканым чын, бийликти алуунун көп жолу бар” деп айтып жаткан. Бул жерде 297ни далилдеп, ал боюнча сот жообуна тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле. Сот парламенттин уруксатын алып жүргөндөн качты.

Мыйзамда 297-берене же “чакырык” боюнча айып пул же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен гана ажыратуу жазасы каралган.

“Карышкыр ток, кой да аман”

Ошол эле кезде Башкы прокуратура да судья жеңил жаза берип койду деп сот өкүмүнө нааразы. Соттун өкүмү чыгар замат мамлекеттик айыптоочулар анын менен макул эместиктерин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыктарын айтышты. Алардын оюнча, чыгарылган өкүм депутаттар баштаган 7 адамдын кылган кылмышына ылайык болгон жок.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, соттун өкүмү “карышкыр ток, кой да аман” деген макалды эске салат.

- Менимче, соттун өкүмү адилеттүү чыкты. Берилген мөөнөттөр да туура берилди деп эсептейм. Кылмыш кодексинин башка беренелери боюнча эмес, “бийликти басып алууга аракет кылуу” күнөөсү коюлганы да туура. Сот өз чечиминде өлкөнү дестабилдештирбөө үчүн саясий жагын да ойлогон. Бирок укуктук эрежелерге таянып, катуу жаза берсе, ал өлкөдө кырдаалдын курчушуна алып келээрин судья түшүнөт. Анын чечимине саясий себептер да таасир этти.

Тергөө абагында отурган бир күн эки күнгө эсептелерин эске алсак, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка бир жылга кесилгендердин баары: депутат Талант Мамытов жана Ташиевдин жансакчылары 3-апрелде бошонуп чыгышы керек. Ал эми эки депутат камакта дагы үч ай отура турганы айтылууда.

Ал эми бийликчил Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкүм чыгарууда сот бийликтин саясий чечимин аткарды дегенди четке кагып, депутаттар тиешелүү жаза алышы керектигин белгиледи.

- Эгер алар айткандай саясий чечим болсо, анда дал ошол депутаттарга пайдалуу болуптур деп айтаар элем. Бирок “мен бийликти алчумун, Чыңгызхандай болчумун", - деп Ак үйдү көздөй жулунуп, секирип алып, жаза албай турган болсо, анда Кыргызстан башаламандыкка кирип кетпейби.

Мыйзамга ылайык, соттолгон депутаттар өкүм күчүнө киргенден тарта депутаттык мандатынан ажырашы керек

“Ата-Журттун” үч депутаты жана Ташиевдин үч жан сакчысы өткөн жылдын 3-октябрындагы Бишкектеги митингден кийин бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Мындан тышкары коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев үй камагына алынган.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр кени боюнча уюштурулган митингде Камчыбек Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар ал аракеттери үчүн депутаттарды 10 жылга, Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга, Камчыбек Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Тасмада: Сот өкүмүн угузууда

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG