Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

18-мартта Кыргызстандын Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы абалды жана улуттар аралык концепцияны талкуулады.

Коргоо кеңешинин жыйыны өлкө экономикасынын негизи болгон энергетика тармагын жана аны өнүктүрүү чараларын талкуулоодон башталды.

Президент Алмазбек Атамбаев бул тармактагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилери энергокризистен чыгуу үчүн электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштап жатканын, бирок аны колдобой турганын айтты.

Президенттин маалымдашынча, 2012-жылы бир киловатт электр энергиясынын өндүрүлгөн баасы 18,5 тыйын, ал эми анын кардарга жеткендеги баасы 37 тыйынды түзгөн.

- Эгер дүңүнөн ала турган болсок, 2012-жылы “Түндүкэлектр” ишканасы бир киловатт электр энергиясын элге 70 тыйындан сатып, 112 пайыз, ишканаларга 150 тыйындан сатып, 354 пайыз киреше көргөн. Эгерде бизди алдайм же калп айтам десеңер, анте албайсыңар, баары так көрүнүп турат. Андан көрө “мурдагыдай иштеп, көнүп алыппыз. Ширшовдун, Максимдин схемалары уланып жатат” деп, акырындан түйүнчөгүңөрдү түйүп, кете бергиле. Азыр бизге тил эмизгенди токтоткула.

Бул тармактагы абалды баяндаган энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов шартты оор деп баалап, бирок электр энергиясындагы жоготуулар жыл сайын азайып баратканына токтолду:

- Жалпы жоготуу 36 пайыздан 21 пайызга азайды. Ошонун ичинен коммерциялык жоготуулар 3,6 пайыз. Бул коммерциялык жоготууларды чындап эле уурдоолор деп айтсак болот.

Анткен менен Коргоо кеңешинин мүчөлөрүн министрдин жообу анчейин канааттандырган жок. Атамбаев энергетикадагы коррупциялык көрүнүштөрдү Коргоо кеңешинин дагы бир жыйынында өзүнчө талкуулоону сунуш кылды.

Этнос аралык концепция сунушталды

Ушул эле күнү Коргоо кеңеши Кыргызстан элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын талкуулады. Ар бир жаран кайсы улуттан экенине карабай кыргыз тилин билиши керектигин белгилеген президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилге “урдум-соктум” мамиле болуп жаткан чакта өлкөдө туруктуулук болушу күмөн деген ойдо.

- Көп улуттуу Кыргызстан элинин өзөгү - кыргыздар. Жагабы, жакпайбы, кыргыз тилин үйрөнүш керек. Албетте биз да шарт түзөлү. Нарындагы бир айылда документ ишин жүргүзүү кыргызча болсун десе, гезиттин баарына ар нерсени жазып жатышат. Кыргызстанда жашагандар, кээ бир саясатчылар уялбай чуу чыгарышууда. Орус элчилигине, Орусияга кайрылуу жөнөтүшүп... Бул уят иш.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдү экинчи окууда кабыл алган болчу. Бирок ал Кыргызстандагы айрым орус улутундагылардын жана орус тилдүүлөрдүн сынына кабылган.

Ал мыйзамдагы өзгөртүүлөр кызмат адамдарын мамлекеттик тилден сынак берүүгө милдеттендирет жана расмий жолугушуулар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору мамлекеттик бийликте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарынын түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоо жана башка талаптар бар.

Ал эми Коргоо кеңешинде талкууланган Кыргызстан элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы буга чейин депутаттар жана Кыргызстан элинин ассамблеясы тарабынан сунушталып келаткан бир канча долбоордун негизинде иштелип чыккан. Аны президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү даярдаган. Концепциянын негизги максаты - улуттук биримдикти этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү аркылуу камсыз кылуу, өлкөнүн маданий мурастарын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо болмокчу. Аны Коргоо кеңешинин мүчөлөрү сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырганы айтылды.

Коргоо кеңешинин жыйынына премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция башчылары, ошондой эле тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG