Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Соттор кеңешинин алдында Тартип комиссиясын түзүү сунушталууда


Соттор кеңешинин алдында Тартип комиссиясын түзүү боюнча жаңы конституциялык ченемдерди жүзөгө ашыруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Сот реформасы боюнча кеңештин онунчу отурумунда айтылды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, отурумда сот реформасы боюнча жети мыйзам долбоору тааныштырылды. Анын экөө судьяларды тандоо жараянын өркүндөтүүгө, экөө судьялыкка талапкерлерди сапаттуу окутууга багытталган. Бул мыйзам долбоорлору боюнча депутаттар Өмүрбек Бабанов жана Максат Сабиров баяндама жасады.

Эксперттик топ даярдаган дагы үч мыйзам долбоору Соттор кеңешинин алдында Тартип комиссиясын түзүү боюнча жаңы конституциялык ченемдерди жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.

Сунушталган документтер Сот реформасы боюнча кеңештин март айындагы отурумунда талкууланмай болду.

Бүгүнкү жыйын өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун төрагалыгында өттү. (SE)

XS
SM
MD
LG