Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы айрым маселелерди референдум менен чечип алууну сунуштап жатат.

Алардын арасында Кыргызстандын атын өзгөртүү, мектептерде жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоо жана хижаб маселеси бар. Бирок бул айтылгандарды референдумга салуу демилгесин колдобогондор арбын.

“Ар-намыс” фракциясы референдумга салууну сунуштап жаткан маселелер боюнча “Азаттык” Бишкектеги карапайым тургундардын пикирине кызыкты. Сүйлөп бергендердин дээрлик баары өлкөнүн аталышын алмаштырууга, хижаб маселесин референдумга салууга каршы экенин билдиришти. Депутаттарды болоор-болбос маселелерди көтөрөт деп сындагандар да болду.

12-сентябрда парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында Кыргызстандын атын “Республика Кыргыз эл”, же болбосо “Республика Кыргыз” деп өзгөртүү сунушу айтылды. Ошондой эле референдум аркылуу жаңы окуу жылын 1-сентябрдан эмес, 15-сентябрдан башталышына элдин макул же макул эместиги суралсын дешти.

“Арнамысчылар” Конституцияга да бир топ өзгөртүүлөрдү референдум менен киргизүүнү көздөп жатат. Ага ылайык, сот чечимдеринин мыйзамдуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында Жогорку Сотко президиум институтун киргизүү демилгеси бар. Ошондой эле партиянын же фракциянын уставын бир канча жолу бузган, ишенимден чыккан, бөлүнүп кеткен Жогорку Кеңештин депутаттарын мандатынан ажыратуу боюнча жобо киргизүүнү сунуштоодо. “Арнамысчы” депутат Айнуру Алтыбаева референдум өткөрүү көп деле каражатты талап кылбасын айтууда:

- Биздин партиянын жаштар канатынын демилгелерин бүгүн фракция жыйынында талкууладык. Көтөрүлгөн айрым маселелер патриоттук багытта болуп жатат. Демилгелүү топтун сунушу боюнча эмдиги жылы парламенттик шайлоо маалында өзүнчө бюллетень кылып, ушул маселелер коюлсун деп сунуштап жатышат. Чындыгында референдумга кошумча каражат кетпейт.

Бирок референдум өткөрүү демилгесин кескин сынга алгандар бар. Алардын бири Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин Манас таануу институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин баамында, бул иштер кошумча түйшүктү гана жаратат:

- Өлкөнүн казынасында мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө, дагы башка маанилүү иштерге каражат жок. Анан ушундай учурда “Ар-намыс” кошумча түйшүк жараткысы келет бекен? Экинчиси, эмне себептен окуу жылы 15-сентябрда башталсын деп жатышат. Анда эмнеге 1-октябрда эмес? Кандай жүйөлөрү бар экен? Мунун баары болбогон эле нерсе.

"Арнамысчылар" шайлоого даярданып жатабы?

Саясат талдоочу Эмил Жураев "Азаттыктагы" маегинде референдум өткөрүү демилгесин жакындап калган парламенттик шайлоого карата "арнамысчылардын" саясий жүрүшү деп сыпаттады:

- Кыргызстандын саясий турмушунда референдум өткөрүү демилгелери тез эле ишке ашып келген. Ошондуктан мындай демилгелердин көтөрүлүшүн олуттуу деп эле атоого болот. Бирок референдумду эмне үчүн өткөргөнү жатышат, чакырыктар эмнеден улам пайда болуп жатат деген суроо кое турган болсок, анда муну саясий оюндун ар кандай катышуучуларынын, партиялардын кызыкчылыгы деп атоого болот. Жогорку Кеңеште отурган партиялардын шайлоочуларга берген, бирок аткара албаган убадалары бар. Бирок ушундай шайлоого байланышкан, же болбосо дагы башка саясий өнөктүк алдында Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, аны менен кошо саясий талкууларды өткөрүү, элдин көңүлүн ушундай мыйзамды алмаштыруу дегендей абстрактуу нерселерге буруу деген максат турса керек. Бул көнүмүш адатка айланды. “Ар-намыс” партиясынын демилгесин ушул алкактан түшүндүрсө болот.

Президент деле жакында эле Конституциянын кемчилиги көрүнүп калды деп айтып кетти. Оппозиция дагы бул Баш мыйзамдын кемчилиги бар, парламенттик Конституция болбой калды деп жүрүшөт. Маселе чынында эле көп. Жаңы Конституция менен жаңы система орнотуу үчүн маселелер чыга берет. “Ар-намыс” партиясынын бул демилгелеринин азыркы учурда эч кандай жүйөсү жок. Кыргызстандын атын алмаштыруу деле сөз менен ойноо болуп эсептелет. Эгер саясатты театр деп ала турган болсок, сахнада “Ар-намыстын” аброю, жетишкендиктери көңүл жылытаарлык деле эмес.

“Арнамысчылар” референдум өткөрүү боюнча коомдук талкууларды да уюштурганы жатат.

Кыргызстанда соңку референдумду 2010-жылы Апрель ыңкылабынын шары менен келген бийлик июнь коогасынан кийин өткөргөн. Анда өлкөнүн жаңы Баш мыйзамы кабыл алынган жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ыйгарым укугу бекемделген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG