Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Ташиев үй камагына чыгабы?


Качыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012-жыл.
Качыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012-жыл.

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтирди.

Сотко өтүнүч депутатка жүргүзүлгөн психологиялык-психикалык экпертизанын жыйынтыгына негизделип келтирилген. Бирок Ташиевдин адвокаты ал экспертиза мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн деп эсептейт.

Болбой калган сот

31-октябрь түштөн кийин “Ата-Журт” партиясынын лидери жана депутаты Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна белгиленген сот отуруму болбой калды. Депутаттын адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдиришинче, тергөө тобу тарабынан тишелүү документтер алынып келинбегендиктен, Ташиев да сотко алынып барылган жок. Натыйжада сот 1-ноябрга жылдырылды.

Ташиевдин баш коргоо чарасы башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде каралмак. Атап айтсак, башкы прокуратура депутат Камчыбек Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч жиберген.

Ал өтүнүч депутатка жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгына негизделгенин башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргалбек Курманбеков айтты:

- Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Камчыбек Ташиевге комплекстүү соттук психологиялык-психикалык экспертиза дайындалган. Аталган соттук психологиялык-психикалык экспертизанын чечиминин жана сунушунун негизинде, башкы прокуратура тарабынан Биринчи май райондук сотуна Ташиевдин бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнүч берилген.

Экспертизанын мазмуну менен тааныш эмес экенин билдирген Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов ал экспертизаны жүргүзүүдө мыйзам бузуулар болгон дейт.

- Ал эмне болгон экспертиза экенин мен азыр айта албайм. Экспертизага мени чакырган эмес. Бизди экспертиза менен өз учурунда тааныштырышы керек болчу. Бизди тааныштырышкан жок. Ал эми ал экспертиза дайындалганы боюнча да мага адвокат катары кабардар кылышы керек болчу. Аны да кылышкан эмес.

Башка депутаттарчы?

Ал эми 1-ноябрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, вице-спикер Талант Мамытовдун баш коргоо чарасы Жогорку Сотто каралат. Анын адвокаты Искендер Журабаев Мамытовду камакта кармоого эч бир негиз жок дейт.

Абактагы “Ата-Журт” фракциясынын дагы бир депутаты Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов буларга токтолду:

- Эгер мыйзамдуу чечим боло турган болсо, булар токтоосуз түрдө бошотулуш керек болчу. Эгер чындап эле биз мыйзамдуу өлкөнү курабыз десек, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев боштондукта болуш керек. Анан калганын тергөө көрсөтмөк. Эгер күнөөсү далилденсе, ага биз каршы эмеспиз, булар жазасын алыш керек.

Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы Жогорку Сотто качан каралат азырынча белгисиз.

Башкы прокуратура болсо “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына козголгон кылмыш иши жана тергөө амалдары мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирип келатат. Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев:

- Ачык-айкын көрүнүп турган нерсени кантип саясат дейбиз. Тосмодон ашып түшкөн адамдын аракетин кантип саясат деп айтабыз. Депутатпы, жөнөкөй жаранбы, министрби, же прокурор, сот болобу, мыйзамды бузса, аларды мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Азыркы мезгилде тергөө жүрүп жатат. Бардык тергөө амалдары мыйзам чегинде.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров 3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, анын арты депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов баштаган бир топ адамдын Ак үйдүн тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган. Натыйжада кылмыш иши козголуп, үч депутат УКМКнын тергөө абагына эки айга камалышкан болчу.

XS
SM
MD
LG