Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Беш жылга берилген баа


Президенттин жылдык жыйынына 156 журналист катышты
Президенттин жылдык жыйынына 156 журналист катышты

1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине беш жыл толду.

Президент Атамбаев бул мезгилде өлкөдө туруктуулук орногонун билдирди. Өткөн беш жылда Кыргызстанда эмне өзгөрдү? Жетишкендигибиз менен өксүгүбүз эмне болду?

“Арай көз чарай” талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев, юрист Клара Сооронкулова катышты.

“Азаттык”: Курманбек мырза, президенттин беш жылдыгын кандай баалайсыз? Эмне өзгөрдү? Кыскача айтып өтсөңүз.

Курманбек Дыйканбаев: Беш жылда эң алгач Кыргызстанда туруктуулук орноду. Беш жыл аралыгында бир топ өзгөрүү болду. Анда бүгүн программага конок болуп жаткан адамдар жана башка ишмерлердин салымы менен бир катар иштер аткарылды.

“Азаттык”: Маселен, конкреттүү түрдө санап бере аласызбы?

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.

Курманбек Дыйканбаев: Тактап айтсак, ыңкылаптан кийин Кыргызстан жарадар денедей болуп, согуш чыгып кетүү коркунучунан араң сакталып калган. Экономика кескин түрдө ылдый түшүп кеткен эле. Бүгүн бир эле мисалды келтирсек, 2010-жылы биздин ИДПнын көлөмү 220 миллиард сом болсо, бүгүн 454 миллиард сом болуптур. Түшүнгөн кишиге эки эседен ашык көбөйүп жатат.

“Азаттык”: Клара айым, Атамбаев беш жылда өлкөдө туруктуулук орноп, элге улуу улут экенин сезди деп айтып жатат. Муну жетишкендик катары санасак болобу жана чынында эле ушундайбы?

Клара Сооронкулова: Мүмкүн президентке ошондой сезилип жатышы мүмкүн. Бирок андай сезилбейт. Мен юрист катары кандай гана көрүнүш болбосун укуктук жактан анализдейм.

2010-жылы Баш мыйзамды кабыл алып жатканда президенттин ыйгарым укуктарын кескин түрдө кыскартканбыз. Мурдагы Конституциядагы президент өзү каалагандай бийлеген укуктары кыскартылып, ыйгарым укуктары азайган. Бирок маалымат жыйынында көргөнүбүздөй, өкмөт эмне иш кылып жатканы белгисиз, бардык ишти президент кылдым деп жатат. Тышкы мамилеге деле, социалдык маселеге деле президент аралашып, чечип жаткандай сезилди.

“Азаттык”: Бул 2010-жылы түптөлгөн саясий системанын өз нугунда өнүгүшүнө президент аралашып, бузуп койду дегенди түшүндүрөбү?

Клара Сооронкулова: Президент Конституциянын чегинен чыгып кетти. Биз буга чейин президент Баш мыйзам чегинен чыкпасын, ыйгарым укуктарын ашкере пайдаланбасын деп күрөшүп келсек, ошол бузулду. Президент 2020-жылда толук парламенттик башкарууга өтүүгө жол ачышы керек болчу. Бирок андай болгон жок.

“Азаттык”: Абдырахман мырза, Алмазбек Атамбаев өлкө башчысынын кызматына киришкенде убада кылган бир нече ири улуттук долбоор ишке өз мөөнөтүндө ашпаганы айтылып жатат. Маселен, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Түндүк-түштүк кошумча жолу, коррупция менен күрөш, сот жана укук коргоо органдары деген сыяктуу. Бул сындар канчалык жүйөлүү?

Абдырахман Маматалиев: Булардын бир тобу ишке ашырылды. Маселен, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулуп, энергетикалык көз карандысыздык болду. Экинчиден, альтернативалуу жол курулуп, бүткөнү калды. Камбар-Ата, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушу боюнча айтсак, бардык эле нерсе президентке байланыштуу, ал күнөөлүү деген туура эмес. Чет өлкөлүк, дүйнөлүк кризиске туш келип калды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG