Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

УКМК Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузду


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузду. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча үй камагына алынды.

Тергөөнүн маалыматында 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 автоунаасын 14600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан.

Атайын кызмат «Азия-Оценка» ЖЧКсынын эксперттери бул унаанын базар баасы ошол кезде 10 миң доллар гана болгонун эсептеп чыгышканын кошумчалады.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ага козголгон кылмыш ишти мыйзамсыз деп атап, сотто күнөөсү жок экенин далилдеп берүүгө даяр экенин айтты:

- Ал тендердик комиссияда жети киши мүчө болгон. Алты кишинин документтерде колу бар, менин колум жок. Ал аз келгенсип “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам боюнча мамлекетке бир да сом зыян келген эмес. Андыктан мунун бардыгы сотто далилденет.

Шыкмаматов бүгүн УКМКга барып, коюлган айыбы менен таанышып келгенин да кошумчалады.​ (SDz)

XS
SM
MD
LG