Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

АКСЫ КҮЙҮТҮ АЙЫКПАЙ ТУРГАН ЖАРАБЫ?


Мындан алты жыл илгери ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровдун боштондугун талап кылып жөө жүрүшкө чыккан аксылыктарга каршы милиция ок аткан. Бул Кыргызстан тарыхында Аксы окуясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/55D622B3-822E-4DA3-B2B4-57488335C2C3.asp деген ат менен калып, анын айланасындагы талаш-тартыш ушул күнгө чейин соңуна чыкпай келе жатат. Быйыл аксылыктар элдик сот өткөрүп, Аксы окуясынын тарыхын дагы бир окуя менен байытты.

Кыргызстан бийлигинин 2005-жылы мартта күч менен алмашуусуна Аксы окуясынын олуттуу шарт түзүп бергендигин талдоочулар нечен курдай айтып жүрүшөт. Аксылык жабырлануучулар да 24-марттан кийин мурдагы бийликтин учурундагы элге каршы ок атууга жаңы бийлик укуктук баа берип, акыйкаттык орнойт деген терең ишенимге ээ болушкан. Атүгүл бийлик оошкондон кийин жаңы жагдайларга байланыштуу деген негиз менен мурдагы бийлик учурундагы сот чечимдери жокко чыгарылып, кайра баштан кылмыш иши козголгон.



Алгачкылардан болуп бул ишке ыңкылаптан кийин баш прокурор болгон Азимбек Бекназаров киришкен. Бекназаровдун кызматтан түшкөндөн кийин билдиргенине караганда, бул ишти илгерилетүүгө ириде президент Курманбек Бакиев өзү кызыкдар болгон эмес. Өз кезегинде Курманбек Бакиев тескерисинче Азимбек Бекназаровду Аксы окуясын акырына чыгара албагандыгы учүн сындаган:

- Мен муну Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп барганда биринчи күнү айткам. Азимбек Анаркулович, Сиздин эң биринчи милдетиңиз ушу болсун. Аксы окуясы боюнча аягына чыгыңыз эми. Сиз башкы прокурор, мен премьер-министр, президенттин милдетин аткарып атам. Башка иштин баарын токтотуп, ушунун аягына чыгың дедим. Башкы прокурор болуп алты ай иштеди, аягына чыга албады.

Дегинкиси ар бир жаңы баш прокурор Аксы окуясын башкы милдеттеринин бири деп жарыялап, иш козгоп, сотко чейин жеткирип, кандайдыр бир деңгээлде Аксы окуясы көңүл сыртында калбагандай маанай түзүп келатат. Мындай аракетти мурдагы баш прокурор Камабаралы Конгантиев да жасаган. Акыркы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев да былтыртан бери бул ишти өзү жетектеп келатат.



Натыйжада акыркы бир жылда Аксы окуясына тикелей тиешеси бар саналган экс-депутат, ошол кездеги Жалалабат облусунун губернатору Султан Урманаев, облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов, облмилициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев күнөөлүү деп табылып сот жообуна тартылышты. Ушул эле кылмыш иштердин чегинде тергелген мурдагы президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун иши ден соолугуна, ички иштер министринин орун басары Садырбек Дубанаевдин иши далилдин жоктугуна байланыштуу деп кыскартылды.

Өткөн жумада болсо Башкы прокуратура 18-марттагы ок атуу боюнча иш козгоп, эми ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Калмурат Садиев баштаган мамлекеттик кызматкерлердин айланасында тергөө кайрадан баштады. Бирок аксылык жабырлануучулардын оюнда мындай аракеттер алаксытуу максатындагы эле бийликтин кезектеги жүрүшү болуп калды. Бул тууралуу аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибеков мындай деди:

- Эми жылда эле 17-марттын ары жак, бери жагында козгоп, жандандырат. Анан он беш күндөн кийин кыскартып, токтотуп коет. Ал жылда эле кайталана берет.

Негизинен аксылык жабырлануучулар жана алардын тарапкерлери акыйкаттыкка жетүү үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин көрсөтмөлөрүн угуудан баштоону каалашууда. Азимбек Бекназаров ал баш прокурор кезинде күбө катары суракка келип, ал аркылуу өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө, чыныгы күнөкөр Аскар Акаевди да тергөөгө келтирүүгө жол салууга президент Бакиевди ынандырып, бирок соңунан өзү кызматынан ыргып кеткендигин да айтып жүрөт.

Ошол эле мезгилде экс-президенттин да, азыркы президенттин да суракка келишине зарылчылык али пайда боло электигин Аксы окуясынын беш жылдыгынан кийин берген маалымат жыйынында Элмурза Сатыбалдиев да билдирген болчу:

- Мен бул ишти өзүм иликтеп чыккам. Сиз атагандарды тергөө органдары тарабынан суракка алганга эч кандай негиз жок.

Аксы окуясы боюнча айрыкча ашыкча маалымат айтпаган баш прокурордун журналисттерге чыгышына анда «Тайфун» операциясына ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевдин кол койгондугу тууралуу маалыматтын таралышы түрткү болгон.



Укук коргоочулардын баамында, Аксы окуясына мамлекет тарабынан укуктук баа берилерине ишенгендер барган сайын сейректеп баратат. Аксы окуясын бийликтин дагы, оппозициянын дагы саясий куралына айланып, муундан муунга өтүп кала бере турган кара так катары баалагандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты, аксылык депутат Бегаалы Наргозуев азыркы бийлик Аксы окуясына чекит коеруна кудурети жетерине ишенген саясатчылардын бири:

- Азыркы бийликти меним оюмча бир гана нерсе токтотуп жатса керек: эгер ошого күнөөлүү укук коргоо органдарын жазалап жатсак, дагы кайсы бир балээ чыгып кетсе, ошого кантип жумшайбыз, ошондо укук коргоо органдары биздин тилибизди алабы деп, ошого эле калкалап келе жатат деп ойлойм. Бирок буга акырындап чекит коюлат, алар өз жазасын алат деп ойлойм.

Бирок коомчулуктун Аксы окуясына укуктук баа берилеринен күдөрүн үздүк деген бөлүгү, анын ичинде аксылык жабырлануучулар жакында Аксы окуясына байланышкан ишти токтотууну сураган кайрылууну Жогорку Сотко жолдошту. Элдик сот өткөрүү, ал аркылуу күнөөлүүлөрдүн аттарын атап, тарыхтын таразасына коюу демилгеси да мына ушул жагдайдан келип чыккан.



Элдик сот кырктан ашык кишини айыпка шектүү деп Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышы түзгөн парламенттик комиссиянын тыянагынын негизинде тандап алган болчу. Бирок мындай жолду жактабаган юстиция министри Марат Кайыпов бардык кылмыш иштерине, анын ичинде Аксы окуясына дагы мыйзам чегинде гана укуктук баа берилиши керек дейт.

Азимбек Бекназаров аксылыктардын бул аракетин арга кеткендеги кадам катары баалоодо. Мындай пикирди жактаган укук коргоочу Азиза Абдырасулова элдик сот өткөрүүнүн мыйзамга каршы өңүтү жок, бирок бул мамлекеттик соттун тыянагынан элдик соттун тыянагынын жүгү оор болорун белгиледи.



Ошентип Аксы окуясынын алты жылдыгы Элдик сот өткөрүү менен тарыхка жазылды. Ага жараша аксылык жабырлануучулар жана алардын тарапкерлеринин басымдуу бөлүгү кандуу күн катары эсептелген Аксы районунун Каражыгач айылында өткөрүшүп, өлкөнүн башка аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында эскерүү чаралары өткөн жок. Окко учкандарга облустук деңгээлдеги расмий жетекчилер куран окутушту.

Белгилеп койчу маалымат: 2002-жылы 17-мартта Боспиектеги милициянын куралынан аксылык Тагаев Советбек, Сапаралиев Кадыркул, Үркүнбаев Сатинбай, Четинбаев Эркинаалы окко учушкан. 18-мартта Кербен айылында атылган октон Элдияр Үмөталиев каза болгон. Маркум Медетбек Бекмуратов 18-март күнү жеген милициянын таягынан мерт болгондугу айтылып келет. Ал эми Азимбек Беканазаровдун боштондугун талап кылган Бишкектеги ачкачылык акциясынын маалында мерт болгон Шералы Назаркулов да Аксы окуясынын курмандыктарынын катарында аталып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG