Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

МАКСЫМ АЙРАНДАН, МАКСИМ АЙДАРДАН ӨТТҮБҮ?


“Акаев талкалап кеткен өлкөнүн экономикасын бутуна тургузуп, бир жылда оңдоп салгыдай колуңузда сыйкырчынын таягы жок. Министрлериңиз, унчукпаган губернаторлоруңуз, өз көмөчүнө күл тарткан акимдериңиз бар, бирок алар чыныгы команда болуп бере албады. Токтогул суу сактагычындагы суу январь айына жетиши мүмкүн деп жатышат. Сиз айткандай азыр тергенге талаада тезек да калбады. Былтыркы жылга караганда кадыр-баркыңыз эл алдында басайып, ылдыйга кетип баратат. Шайлоо жакындап келатат, парламентиңиздин кебетесин караңыз, теңинен көбү кечээги Акаевдин куйруктары, революция учурунда жаныңызда жүргөн А. Бекназаров, Б. Асанов, Ү. Сыдыков, И. Исаков, Т. Тургуналиев ж.б. Садыркуловдун таасиринен сизден алыстап калды”.

Бүгүн жарык көргөн “Жаңы ордо” гезити аркылуу президент К. Бакиевге жазган ачык катында гезиттин башкы редактору Бекен Назаралиев ушинтип жазып чыкты. Автор андан ары эл арасында Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышына, андагы электр энергиясынын сатылышына Балкыбеков, Шершов жана Бакиевдин уулу Максимдин аферага катышы бар деген сөз аралап жүргөнүн, Токтогул суу сактагычын “уйдай” ээмп келаткан Шершов 7-кабатка байма-бай каттап турарын айтышарын, эгер Максимдин катышы жок болсо анда теле аркылуу элге жооп берүүсү керектигин, элде бүгүн “Айрандан өткөн максым бар, Айдардан өткөн Максим бар” деген сөз бекер айтылбаганын, кезинде Акаев да баласы Айдарга сын айталбай жүрүп аягы кандайча бүткөнүн Бакиевдин эсине салуу менен, бүгүн да Акүйдө Акаев тушундагыдай оюндар кайталанып жатат, аягы жамандыкка алып барат, азыркы күндүн ачуу чындыгы ушул деп баяндады. Гезит ошондой эле А. Мадумаров менен интервью жарыялап, “Президенттин “кара жолтой” админстрация башчысы... же кезегинде Аскар Акаевдин бийлигинин башын жуткан Медет Садыркулов азыркы бийликтин да башын жутабы?” деген макаласын басты.

Бийликтеги үйбүлө маселесин сөз кылгысы келген дагы бир “Жаңы кылым” гезити, “Агым” гезитинин ушул жылдын 5-сентябрындагы санында “Энесай” жана “Трибуна” гезиттери М. Садыркуловду шыбагандан кийин Аман Акматов деген жашыруун ысымга калкаланып, “Иттер үрүп жатат, кербенде Бакиев менен Садыркулов бирге жүрүп атат” деген макала жарыялаганын, кайым айтышка түшкөн эки тарап тең өздөрүн Бакиевдин эң жакын адамдары катары санашарын, “Агым” гезити кыйыр түрдө “Трибуна” жана “Энесай” гезиттериндеги макалалардын артында президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев турат дегендей пикирди айтканын, ошол эле учурда президенттин жубайы Татьянага, Германиядагы элчи иниси Марат Бакиевге, уулу Максимге кошуп Медет Садыркуловду Бакиевдин эң жакын таянычтары катары баа берип, аны менен катар президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт бөлүмүнүн башчысы Жаныш Бакиевди анын оппоненти катары баалаганын, кыскасы белгилей кетүүчү бир жагдай, мурдагы президент Аскар Акаевдин үйбүлөсүндө да Аскар Акаев, Бермет Акаева, Адил Тойгонбаев башында турган бир команда менен Майрам Акаева, Айдар Акаев башында турган экинчи команда ортосунда карама-каршылыктар акыры бийликтин түбүнө жеткенин эскертип, эми дагы ушул тарых кайталаганы турабы деген суроону койду.

“Агым” гезити “Ысык-Көл Орусиянын аскер полигионуна айланды” деген тема алдында макалаларды жарыя кылды. “Тоо этектеринде дүңгүрөп бомба жарылып, Кант авиабазасында ракеталар атылууда. Жүз миңдей кой-козуларды батырган Күңгөй Ала-Тоо жайыты тарып барат. Калмак Ашуу кашка суусу бул темп менен жүрүп олтурса эртең эле ок-дары, газ, авиакеросин, бомбалардан ууланган башка сууга айланат. Көлдүн бүт кереметин кетирип, балыгын тап душмандай тазалап, өмүр бою кесел кетпеген радиоактивдүү аймакта жашагыбыз келип жатабы? Айланасындагы аскер сынак эле эмес, көл астында сыналып аткан орус торпедолору, үстүндөгү торпедо катерлери, Кум Төрдүн уулуу “жугундулары” ушуну айттырганга аргасыз кылат деп кеп кылды Балыкчыдан “Эл көзөмөлү” коомдук уюмунун жетекчиси Талгар Аденов.

Гезит баяндамачысы Алым Токтомушев “Россия “чыныгы дос” катары Кыргызстанды аскерий бекер полигонго айлантып, суусун булгап, абасын уулап атыр да, Кыргызстандын карызын кечпей келет, ошол эле учурда Африка өлкөлөрүнүн жүздөгөн миллиард карызын кечип койду, Путин өткөн жылы Түркмөнстанга барганда “Кыргызстан бизге накта өнөктөш болууга даяр эмес” деп айтса, КМШ өлкөлөрү Институтунун Кавказ бөлүмүнүн башчысы Михаил Александров “Гудок” гезитине берген интервьюсунда “Биз Кыргызстан менен Өзбекстанды АКШ аскер базасын айдап чыгууга мажбурлайбыз” деп үстөлүн бир койгонун, кыскасы орустун арзан ашын татып, бекер билимин алган, коммунисттик идеолгоия аркылуу карапайым калктын каны соруп жүрүп жыргал турмушка жеткен муун алмашмайын кыргыздын кулдук психологиядан кутулушу кыйын экендигин айтты.

“Аалам” гезити жакында болуп өткөн авиакырсыкка байланыштуу транспорт министри Нурлан Сулайманов менен Данияр Үсөнов баштаган бир катар “киттер”тузакка илиниши мүмкүн экендиги айтылып жатканын, кан кудалар Мыктыбек Абдылдаев менен Азимбек Бекназаров оппозицияда активдешүү ниетин көздөп, саясый жаңы оюндарды баштаганы турганын, бул уюшкан топто Үсөн Сыдыков, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов өңдүү саясатчылар барын, бүгүн республика боюнча мектептерге 68 миң 448 тонна көмүр керектигин, мындан сырткары 2011 жылга чейин 1 миң 117 мектеп кайрадан көмүр жакканга өтөрүн кабарлады.

Ушул эле санга “Улуттук канал мечитке айланабы?” деген макала басылды. Анда бир катар бейөкмөт уюмдары Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулуна, вице-премьер министр Элмира Ибраимовага, УТРКнын башкы деректири Мелис Эшимкановго атайын кат менен кайрылып, кыргыз коомчулугунда илсамды саясатташтыруу, чет элдик радикалдык ислам уюмдарынын таасирин жайылтуу аракеттери күч алганын, ушундай аракет УТРК аркылуу Мыктыбек Арстанбектин жетекчилиги менен 30 саатттык программа даярдалып, улуттук канал аркылуу эфирге бекер чыгарылып келатканын, исламга жамынган диний радикалдык уюмдардын дал ушундай үгүт-насаатынын аягы коңшулаш тажик элине кезинде кандай апааттарды алып келгенине көңүлдөрүн бурду.
XS
SM
MD
LG