Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Guardian: Жикчил Ош бийлигине жардам берилбесин


 Мелис Мырзакматов 20-августтагы Ошто өткөн демонстрацияада
Мелис Мырзакматов 20-августтагы Ошто өткөн демонстрацияада

Кыргызстандагы оор кырдаал дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда кала берүүдө. "Гардиан" гезити эл аралык донорлордун жардамы ашкере улутчулдукту карманган Ош бийликтерине берилбеши керектигин жазса, Орусиялык гезит Москва үстөмдүк кылган уюмдун курамында Борбор Азия үчүн биргелешкен бейпилдик полиция күчтөрүн түзүү керектигин жазды.

Өткөн ишембиде Арменияда аяктаган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун самити Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү маселесин чече алган жок. Ушуга байланыштуу 25-августтагы санында Орусиянын "Независимая газета" басылмасы кыргыз коогасы бул уюмдун караманча алсыз экендигин айгинелегенин жазды.

«Өзбекстандын президенти Каримов 72 жашта, ага бир нерсе болсо, өзбек коогасынын жанында Кыргызстандагы трагедия баланын оюнчугу болуп калат» деп эскерткен басылма ЖКК уюмунун Жамааттык Тез жайгаштырылуучу күчтөрү кагаз жүзүндө гана бар экендигин белгилеп, ЖККУ биринчи кезекте улуттар аралык, социалдык жана башка жаңжалдарды алдын-алуу үчүн биргелешкен тынчтык полиция күчтөрүнө муктаж экендигин жазды.

23-августта бул гезитте «Кыргызстан бөлүнүп-жарылууда» деген макала жарыяланган. Анда өлкө бүткүл Борбор Азияны бейстабилдештирүүнүн очогу болуп калышы мүмкүн экендиги айтылган. Кыргызстандын экономикалык көйгөйлөрүнө токтолуп келип, автор Виктория Панфилова «Кыргызстандын саясий системасы таптакыр жабык, финансы тармагында да абал ушундай» деген Германиянын Эл аралык Проблемалар жана Коопсуздук Институтунун өкүлү Андреа Шмитстин айткандарын келтирет. Автор ошондой эле өлкөнүн аймактык биримдиги коркунучта экендигин, президент Роза Отунбаева мисалга өлкөнүн түштүгүн башкара албай калгандыгын баяндайт.

«Азиянын жүрөгүндөгү боштук» деп аталган макала британиялык "Гардиан" (The Guardian) журналынын интернет сайтында жарык көрдү. Макаланын автору ушул дүйшөмбүдө июнь коогасы боюнча отчетун жарыялаган Эл аралык кризис тобунун президенти Луиз Арбор. Ал Кыргызстан бүгүн Борбор Азиянын картасындагы «тешикке» айланганын, бир кезде аймактагы салыштырмалуу демократиянын түркүгү болгон өлкө бүгүн бөлүнүп жарылган, иш жүзүндө башкарууга келбей калган мамлекетке айланганын жазат.

«Түштүктө Ош шаарынын мэри, ырайымсыз улутчул Мелис Мырзакматов бул жаңжалдан саясий упай топтоп, экстремисттик мандаты бекемделип чыкты, өткөн аптада аны кызматтан алуу аракетинин ишке ашпай калышы мэрдин турумун гана бекемдеди» деп жазат канадалык юрист жана укук коргоочу Луиз Арбор.

Ал жетектеген көз карандысыз Эл аралык Кризистик топ өкмөттөргө жана Бириккен Улуттар уюму, Европа Биримдиги, Дүйнөлүк Банк сыяктуу уюмдарга кандуу жаңжалдарды алдын алуу боюнча кеп-кеңеш берип турат. Автор эгер Ош областынын бийлиги улуттук азчылыктарды обочодо калтыруу саясатын улантса жана борбордук бийликке баш ийбесе, донорлор Ош бийликтерине кайра куруу боюнча жардам бербеши керек деп эсептейт. Луис Арбор ошондой эле көз карандысыз иликтөөнү талап кылган эл аралык коомчулук азыркыдан алда-канча активдүү чараларды көрбөсө, Кыргызстанды ыдыроодон сактап калуу мүмкүн болбой калышы ыктымал деп эскертет.

Пакистандык "Дейли Таймс" (Dayly Times) басылмасы Кыргызстанда улутчулдуктун баш көтөргөнүн жазды. «Эл аралык полиция күчтөрүнүн келишине каршы демонстрацияларда саясий активисттер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз тектүүлөрдүн өлүктөрүнүн сүрөтүн таркатып жүрүшөт» деп жазган гезит андан ары Бишкектеги жарнамаларга кайрылат. Борбордук Чүй көчөсүндөгү жарнамада төрт көкүл кыргыз кыздын сүрөтү тартылган, алдында «Мен сага ишенем» деген жазуу. Бул кыздын жанына төрт көкүл өзбек кыздын сүрөтүн кошуп койсо болбойт беле? Мындай суроого жергиликтүү журналист «анда эле жарнаманы жулуп ташташмак» деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG