Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Саясат таанучу Марс Сариев быйыл Кыргызстанда саясий-экономикалык абал аябай татаалдашып кетиши мүмкүн деп боолголойт.

"Азаттык": Айрым маалыматтар боюнча, ушул жылы өтө турган президенттик шайлоого бир топ белгилүү аткаминерлер камданып башташкан экен. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттикке ат салышуу боюнча кырдаалга жараша чечим кабыл алаарын “Азаттыкка” берген маегинде билдирген эле. Сиздин оюңузча, Кыргызстанда презинденттик орунга потенциалдуу талапкерлер кимдер?

Марс Сариев: Менин оюмча, ушул президенттик шайлоого Адахан Мадумаров, Феликс Кулов барат. Менимче Алмазбек Атамбаев дагы даярданат. Башка лидерлер деле дайынданат болуш керек. Бирок азырынча айтыш кыйын.

"Азаттык": Марс мырза, 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган баш мыйзамга ылайык президентке караганда өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары көбүрөөк. Буга карабастан эмне себептен президенттик орунга көпчүлүк сиз айткан аткаминерлердин бүйүрү кызып, аттанганы турушат?

Марс Сариев: Чын эле сиз туура айтасыз. Мыйзам боюнча премьер-министрдин укугу көбүрөөк. Бирок даярданып жатканына караганда кыргыз элитасы түшүнүп жатат, президенттик бийлик иштейт, а бул парламенттик республика көп узак жашай албайт деген ой болуп жатат да. Ошентип эптеп жатып президенттик-парламенттик, же президенттик башкарууга келебиз. Азыр ошентип эле аябай даярданып жатканына караганда ушундай ой туулуп жатат.

"Азаттык": Эреже боюнча азыркы таптагы президент 2011-жылдын акырына чейин президенттикти өткөрүп бериши керек. Кыргызстандагы кырдаалды эске алганда, президенттик шайлоо белгиленген убакта, өз маалында өтөбү?

Марс Сариев: Азыр айтыш аябай эле кыйын. Ким билет, кандай болуп кетет? Ушу жазында, күзүндө аябай эле Кыргызстанда татаал абал болот. Абал аябай начарлайт деп ойлойм. Каржы жагынан Орусиядан жардам келсе да, бирок билебиз Ооганстанда абал кандай болуп жатканын. Ошо Орто Азияны жарганга, туруксуздаштырууга даярданып жаткан көп тышкы күчтөр бар. Ошондуктан менимче, мүмкүн президенттик шайлоого жетпей эле туруксуз абал башталышы мүмкүн. Ошон үчүн азыр айтыш кыйын. Бирок президентти шайлаганга ушул жыл көп мүмкүнчүлүк деле бербейт го. Себеби акыбал аябай татаал болот.

"Азаттык": Мына жакында эле “Манас Ордо” коомунун башчысы Анарбек Усупбаев президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүн беш жылга узартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул учурда кандай болот? Эгер калк тарабынан колдоо табылса, кайрадан референдум өткөрүлүшү керекпи?

Марс Сариев: Эми айтыш кыйын. Бирок Усупбаевдин демилгесин мен деле окудум. Ушундай демилгелер пайда эмес, зыяны көбүрөөк да. Бирок бул эмнени туудуруп жатат? Азыр биздин элита да кайта бири-бири менен алышып, бийликке тырмышып атаандашуу күчөп жатат. Азыркы Кыргызстандын акыбалы кандай болуп жатканын карап жатабыз. Бирок бул Кыргызстандын элитасы бир мунаса таап, Кыргызстанды келечекке жылдыралы деген ойдон алыс го деп ойлоп жатам.

"Азаттык": Президенттик шайлоонун өтүш-өтпөсү туурасында алдын ала айтуу кыйын деп сөзүңүздө белгилеп кеттиңиз. Ошол эле учурда жогоруда айткандай азыркы президенттин мөөнөтүн узартуу демилгелери көтөрүлүп жатат. Мындай болгон учурда бул маселе баары бир референдум жолу менен чечилиши керекпи?

Марс Сариев: Эгер аябай эле акыбал курчуп кетчү болсо анда азыркы бийликти алмаштырып, кайта шайлоо өткөрүү деген аябай кыйын, татаал болуп калат. Анда референдум жолу менен ыйгарым укуктарды, мөөнөттү узартуу жолу эле калат. Натыйжада эки эле жол бар. А мен ойлойм, ушул жыл аябай татаал болот. Ошондуктан экинчи варианттын ыктымалдуулугу көбүрөөк.

"Азаттык": Негизи карап келсек, көпчүлүк шайлоолордо сырткы күчтөрдүн таасири болот эмеспи. Мисалы, АКШ, Орусия, Кытай өңдүү ири державалар дагы өздөрүнүн кызыкчылыгын кайсы бир саясатчы аркылуу ишке ашырышы мүмкүн. Президенттик шайлоого сырткы күчтөрдүн таасири канчалык болушу мүмкүн?

Марс Сариев: Мен ойлойм, бул жерде сырткы күчтөр аябай эле жакшы иштеп жатышат. Ушул Кыргызстанда болуп жаткан оюндарда каржы жагынан, идеология жагынан сырткы күчтөрдүн, оюнчулардын таасири аябай эле чоң. Сырткы күчтөрдүн таасири болбосо бул жерде деле көп процесстер болбойт эле дейм да. Анан эмне коркунуч бар? Кыргызстан ушу сырткы оюнчулардын оюнчугу болуп калышы мүмкүн. Ансыз деле биздин акыбалыбызды карап жатасыздар, сырттан каржылык колдоо келмейинче Кыргызстан бутуна тура албайт. Ошон үчүн азырынча биздин мамлекет өзүнчө көз карандысыз, суверендүү деп айтыш кыйын. Ошондуктан, мен ойлойм, сырткы күчтөр аябай эле чоң оюнда ролу чоңураак болот да.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG