Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Президенттик администрация менен Жогорку Кеңеш “Ысык-Көл – Аврора” эс алуу жайын талаша баштады. Парламент алгачкы токтомдорунун бири менен мамлекеттик резиденция катары эсептелинген эс алуу жайын өз карамагына өткөрүп алууну көздөсө, президенттин иш башкармалыгы аны мыйзамга каршы аракет катары баалап жатат.

“Аврора” пансионаты жайгашкан Ысык-Көлдөгү Булан-Сөгөттү айылынын өкүлдөрү анын Жогорку Кеңештин карамагына өтүшүнө каршы нааразылыктарын билдиришти. Аталган эс алуу жайы президенттин иш башкармалыгынын карамагында мамлекеттик резиденция катары иш жүргүзүп келген. Өткөн жылы 29-декабрда Жогорку Кеңеш аталган эс алуу жайын өз карамагына алуу токтомун чыгарган.

“Кабар” агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында Мырза Исаков жергиликтүү коомчулуктун атынан парламентке аталган токтомду жокко чыгаруу талабын койду:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин социалдык-турмуш тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында Жогорку Кеңеш токтом кылат деп туруп, анан аталган мамлекеттик резиденция анын карамагына өткөрүлүп берилсин деп жатат. Мурда бир президент жана анын үй-бүлөсүн тейлеп, ошону менен кармашып келсек, азыр эми мына 120 депутат жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн мойнубузга мингизе турган болуп жатабыз. Мен сезип эле турам аларга өтө турган болсо жеңилдетилген шарттар менен 120 депутат, алардын тууган-уругу, дос-чары ал жерге толуп алат.

"Ысык-Көл - Аврора” эс алуу жайы 145 адамга ылайыкташып, заманбап шарттары менен өзгөчөлөнгөн эс алуу жайлардын бири. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда аталган мамлекеттик резиденциянын аймагына “Аврора - Гриин” жана “Аврора Плюс” жеке менчик эс алуу жайлары курулган болчу. 7-апрелден соң Убактылуу өкмөт ал объектилерди улутташтыруу чечимин чыгарган.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиев Жогорку Кеңештин аталган токтомун негизсиз мүлк бөлүштүрүү аракети катары сыпаттады:

- Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин бийлик-укуктары даана көрсөтүлгөн. Анда парламент мыйзам чыгаруу ишин алып баруу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө укугуна ээ деп турат. Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу укугу болсо өкмөттүн мойнунда. "Мамлекеттик резиденция жалгыз президенттин, өкмөт башчысынын же Жогорку Кеңештин төрагасынын карамагында болуш керек" деген эч жерде жок. Бул объект жалпы мамлекеттин карамагында экендигин тигилер түшүнбөй жатышпайбы. Туруктуулук болуп, кичине экономика менен иштей баштайт экенбиз десе, булар келбей жатып эле мүлк бөлүштүрүүгө өтүштү. Кандай максаттары бар экендигин түшүнбөйсүң.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаттары мындай чечимди парламенттин турумун бекемдөөдөгү негизги чара катары баалашат. Андыктан алар мамлекеттин карамагындагы айрым объектилерди башкарууну президенттин иш башкармалыгынан алып салууну туура көрүшөт.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов муну парламенттик башкарууну күчөтүүдөгү мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрдү:

- Парламенттик башкарууга өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш толук кандуу бийлик кылышы керек. Ошондуктан президенттин иш башкармалыгына караган айрым объектилерди парламент өткөрүп алышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Негизи парламенттик республикаларда бардыгы ошолордун колунда болуп, өкмөткө да, президентке да парламент берип турат. Бизде да ошол мүлктү тейлей турган иш башкармалыгы бар. Ошондуктан 120 депутат ал жакка барып кожоюндук кылып алат дегенге кошулбайм.

Жогорку Кеңештин карамагында буга чейин “Алтын-Көл” эс алуу жайы иштеп келген. Эл өкүлдөрү аталган пансионатты билим берүү министрлигине өткөзүп берүү чечимине келишти. “Ысык-Көл-Аврора” мамлекеттик резиденциясын парламенттин карамагына өткөрүп алуу боюнча токтомду ишке ашыруу мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG