Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

“Акыйкат” партиясынын төрагасы президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүн узартабыз дегендер бекер эле аны уят кылып жатат деп эсептейт.

“Азаттык”: Сиздин партия президенттик шайлоого катышабы, эгер катышса жалгыз барасыздарбы, же башка партияларга жармакташыппы?

Аликбек Жекшенкулов: Шайлоого өлкөдөгү бардык саясий күчтөр катышат. Анын ичинде “Акыйкат” партиясы да катышат. Бирок кайсы бир коалициябы, же союз менен барабызбы, аны азырынча чече элекпиз. Анткени шайлоого расмий түрдө старт бериле элек.

“Азаттык”: Сиздерди шайлоого “Ар-намыс” партиясы менен барат экен деген сөздөр чыгып жатат. Сүйлөшүүлөр болуп жатабы?

Аликбек Жекшенкулов: Азыр аны айтыш эрте. Кайсы партия менен барарыбызды убакыт тактайт. Бирок биздин партия Кыргызстандын келечегин ойлогон, патриот күчтөр менен демократияга негизделген коом түзгөнгө багыт алган партиялар менен иштешкенге даяр.

“Азаттык”: Кыргызстанда азыркыдай шартта президенттик шайлоо өлкөгө залакасын тийгизбейби? Кайра саясий оюндар башталып дегендей...

Аликбек Жекшенкулов: Өзүңөр деле байкап атсаңар керек, тилекке каршы саясий оюндар башталды. Парламенттин отуруму болуп атканда да, саясий лидерлер интервью берип чыгып атканда да саясий оюндар катуу башталганын байкасак болот. Кээ бирлери өтө эрте баштап алды, анын жыйынтыгы кандай болоорун убакыт көрсөтөт.

Менимче, Кыргызстан абдан татаал жолду тандап алды. Биримдик, ынтымак маселеси, же Кыргызстандын келечеги, демократиялык жолдон тайбайбызбы, же таябызбы деген чоң суроо туулуп жатат.

“Азаттык”: Бул ирээт да парламенттик шайлоодогудай тышкы күчтөрдүн аралашуусу мүмкүнбү?

Аликбек Жекшенкулов: Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алардын аралашуусу президенттикке талапкерлерден көп көз каранды. Ошолор кандай багыт алса, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын астыга койсо алар кирише албайт. Жок, эптеп бир мамлекетке жагынайын, ошолордон бир каражат жардам алайын деген лидер болсо анда таасир этиши мүмкүн.

Бирок кайсы мамлекет болсун, кошуна мамлекетпи, же чоң геосаясат ойногон мамлекеттер болобу таасир эткенге аракет кылганы бул мыйзам ченемдүү нерсе. Кайсы мамлекеттин тарыхын алсаңар да ар дайым ушундай болгон. Мына, убагында Мао Цзэдун СССРдин жардамы менен бийликке келген. Ленин болсо Германиянын жардамы менен Октябрь революциясын жасаган. Ошондуктан бул жерде маанилүү маселе – саясий лидерлер кайсы жолду тандайт дегенде турат.

“Азаттык”:
Былтыркы парламенттик шайлоо административдик ресурстар салыштырмалуу аз колдонулуп, таза өттү деп бааланды эле. Сиздин оюңузча, парламенттик шайлоодон президенттик шайлоого кандай сабактар алынышы керек?

Аликбек Жекшенкулов: Ачык айтыш керек, бул жерде баягыдай жогору жактан көрсөтмө түшүп, чоң административдик ресурстар иштеген жок. Бирок райондун деңгээлинде, анан участкалык комиссиянын деңгээлинде административдик ресурс иштеди. Андан сырткары акчалуу партиялар участкалык комиссияларды коррупция менен, коркутуп-үркүтүү менен добуштарды көп топтоп алды. Мына ушундай кемчиликтер президенттик шайлоодо да болушу мүмкүн.

Октябрдагы шайлоодон кийин бир топ партиялар келечекте ошондой кемчиликтерди жоюу үчүн көп орчундуу маселелерди көтөргөн. Бүгүнкү күндө республиканын, облустун, райондун жана участкалык комиссиянын деңгээлинде кандай кемчиликтер болушу мүмкүн экенин коомчулук билет. Эми бийликтин максаты ошол кемчиликтерди жоюп, ачык-айкын шайлоо өткөрүшү керек. Ал эми шайлоого катышкан саясий лидерлер паракорчулукту, криминалды пайдаланган учурларга барбашы керек.

“Азаттык”: Азыркы президент Роза Отунбаеванын мөөнөтүн узартып коюу тууралуу андан-мындан сунуштар, демилгелер көтөрүлүп жатат. Буга кандай карайсыз?

Аликбек Жекшенкулов: Менимче, бул мыйзамга жатпайт. Мындай демилге көтөргөндөр Роза Отунбаеваны бекер эле уят кылып жатышат. Ал кишини мен жакшы билем, чогуу иштешкенбиз, мындай болбойт. Өзүңөр билесиңер, бул жерде жагынуу катарында чыккан майда-чүйдө топтор чыгышы мүмкүн. Ал киши мындайга жол бербейт го деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG