Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Айрым аймактарда тиешелүү органдардын кылмыш дүйнөсүнүн аракетине көз жумду мамилеси элди нааразылык акцияларына чыгууга чейин алып келүүдө.

Кыргызстанда кылмыштуулуктун күч алышы, милиция жана прокуратура тармагындагы кылмыш дүйнөсүнүн аракетине көз жумду мамиле, коррупциянын тамырына балта чабуу аракеттери тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна башкы прокурор Кубатбек Байболов жооп берди.

"Азаттык": Кубатбек мырза, кечээ Майлы-Сууда өткөн митингде Жалал-Абат облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы аталган шаардын ички иштер башкармалыгынын башчысы төрт орун басары менен кошо кызматтан алынганын билдирди. Сизде расмий маалымат барбы ушул боюнча?

Байболов: Албетте, бизде маалымат бар, а түгүл кызматтык иликтөө да жүргүзгөнбүз. Андан тышкары өкмөт тарабынан да кызматтык иликтөө дайындалып, азыр ошол иликтөөлөр жүрүп жатат. Биз 12-февралда президенттин катышуусунда өтө турган жылдык жыйында бул маселени карап туруп, сөзсүз түрдө өтө катаал чараларды көрөбүз.

"Азаттык": Митингге чыккандар шаар прокурорун да кызматтан алууну талап кылып атат, облус прокурору анын үстүнөн козголгон кызматтык иликтөө аягына чыгып калганын билдирүүдө. Кызматтык иликтөө эмне себептен жүргүзүлүп жатат?

Байболов: Мындан бир айга жакын убакыт мурда да Майлы-Сууда митинг болгон, анда да ушул талаптар коюлган. Бул эле окуя эмес, жалаң эле Майлы-Суунун прокурору эмес дагы бир топ прокурорлорго да абдан катаал дооматтарды коёбуз. Себеби буга окшогон көрүнүштөр – жасалып жаткан кылмыштарга көз жумду мамилелер бир гана Майлы-Сууда эмес, башка жерлерде да бар.

"Азаттык": Кыргызстанда кылмыш дүйнөсү, өзгөчө уюшкан кылмыштуулук өкүм сүрө баштаганын 5-февраль күнү мамлекет башчы да айтып кетти, ошентсе да жыл жаңыргандан бери кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш күч алганы байкалып атат. Бирок эл арасында «кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү дагы эле эркиндикте, чабактар гана кармалып атат» деген нааразылыктар да бар…

Байболов: Албетте, бир нечелеген жылдан бери кеңири орун алып калган көрүнүштү биз беш-он күндүн ичинде жоюп жиберүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок чечкиндүүлү чечим кабыл алынган, бул тууралуу мамлекет башчы да бир нече ирет айтып өттү. Биз акулалар болобу, чабактар болобу бардыгын өз ордуна коюп, мыйзамда көрсөтүлгөн чараларга негизделген жоопкерчиликти тарттырууга даярбыз.

"Азаттык": Милиция, прокуратура органдарындагы коррупция, жең ичинен кылмыш дүйнөсү менен табакташ болуп алышына бөгөт коюу иштери аягына чыгабы? Мисалы Грузияда бул маселе башка өлкөлөргө салыштырмалуу бат эле чечилди…

Байболов: Өзүңүздөргө белгилүү, прокуратура кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу деген болуп көргөн эмес. Өзгөчө акыркы беш-он жыл ичинде прокуратура жана башка күч органдарынын кызматкерлери өздөрүн кудайдай эле сезип калышкан. Мына жаңы маанай, жаңы заман башталып, жаңы талаптар коюла баштагандан бери, сиздер билесиздер Бишкек шаар прокуратурасынын кээ бир кызматкерлери жоопкерчиликке тартылып, а түгүл алды камалып, оор кылмыш жасагандыктары үчүн жооп берүүнүн алдында турушат. Мындан башка дагы бир топ катуу чаралар көрүлүп атат.

"Азаттык": Мисалы кандай чаралар?..

Байболов: Мисалы кызматтык иликтөөлөр. Жанагыдай кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жабыр тарткан карапайым адамдарга көз жумду мамиле жасаган прокурорлор сөзсүз түрдө кызматтык жана башка укуктук жоопкерчиликтерге тартылып жатышат.

"Азаттык": Кармалган адамдарды камакка алууга уруксат кагаз берүү иши прокуратура органынан сотко өткөрүп берилишине да ушул прокуратура тармагындагы коррупция себеп болгон эле. Ошого карабай, милиция менен прокуратура коррупцияга чогуу малынган деген түшүнүк элдин аң-сезиминен кеңири орун алган. Мына ушул түшүнүктү жоюу үчүн сиздер дагы кандай катаал чараларды көрө аласыздар?

Байболов: Маселен прокуратуранын ичинде азыр кызматтык иликтөө бөлүмү иштеп жатат, мындай мурда жок болчу. Анда бир топ атайын кызматкерлер жалаң ички иштер, тагыраак айтканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган прокурорлордун үстүнөн иштеп жатышат. Алар ар бир ошондой маалыматты териштирип, изилдеп чыгышат. Бул биринчиден. Экинчиден, 1-февралдан тарта прокуратура органына кызматка алуу тартиби түп-тамырынан өзгөрдү. Мурда эптеп-септеп, жөн гана илип-жарма жолдору менен прокуратура органына ишке алынып келген болсо, азыр илгери КГБ органына кызматка алынгандай тартип менен текшерилип, бери дегенде алты ай текшерүүдөн өткөн соң гана алынып атат. Прокуратура тармагына иштейм деген адамдарды жети атасына чейин изилдеп туруп, анын урук-туугандары кандай кылмыштарга барышы мүмкүн, мына ушулардын баарын терең иликтегенден кийин гана кызматка алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай чаралар дагы биздин органдын тазаланышына чоң өбөлгө болот деп ишенем.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG