Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Баткен облусун кыдырып жүргөн президент Роза Отунбаева чек араларды тактоо ишин тездетүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Чек ара маселелеринин айланасында Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты, чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Токон Мамытовду кепке арттык.

- Токон мырза, мамлекет башчы Баткенге жасаган иш сапарын эң алгач эле чек араларды кыдыруудан баштады. Президент Роза Отунбаева буга чейин да кыргыз-тажик чек арасын көздүн карегиндей сактоо зарылдыгын айткан эле. Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси катары айтсаңыз, кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздук маселеси ушунчалык курчпу?

- Чын эле кыргыз-тажик чек арасынын абалы өтө оор. Өзүңөр билгендей бул чек аранын узундугу – 971 чакырым. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын болгону 40% такталган. Эмгиче ошол чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин улантып келе жатканы менен майнап чыкпады. Өкмөттөр аралык комиссия 7-апрелге чейин иштеп, андан кийин токтоп калган.

Эми бүгүнкү өкмөт мына ушул ишти кайра баштап, ошол токтогон жеринен улантып кетиши керек. Себеби чек ара такталбаган соң коопсуздук маселелери курчуй берет. Мен бир нерсени айтып коёюн, Ош окуясында кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Ооганстан, Пакистандан согушчандар келген, алар дагы атышкан деген маалыматтар айтылып атпайбы. Мен дагы бул ошол кыргыз-тажик чек арасынын такталбаганынан улам болду деп эсептейм. Бул бир. Экинчиден, чек ара такталбаган соң диний-экстремисттик күчтөрдөн, террорчулардан, баңгизаттарды мыйзамсыз тегереткен күчтөрдөн коркунучтар боло берет. Бул түздөн-түз чек ара коопсуздугуна таасир этет. Ошондуктан, биз буга көңүл бурушубуз керек, президенттин чек ара тууралуу айтканы туура.

- Кыргыз-тажик чек арасынан коркунуч чоң экени Баткен коогалаңынан кийин эле анык болгон эмеспи. Бир нече жыл мурда сиз чек ара кызматын жетектеп турган учурда ушул чек араны үтүр, чекитине чейин тактап, чечип алууга кандай тоскоолдуктар бар экенине көзүңүз жеттиби?

- Ачыгын айтканда кыргыз-тажик чек арасына 2005-жылкы март ыңкылабына чейин деле көңүл бурулган эмес. Кийинчерээк бир аз такталып келип, кайра токтоп калган. Бул маселеде укук коргоо же чек ара кызматынын тиешеси жок. Бул жерде түздөн-түз чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишине көз каранды. Мурда бул комиссияны Саламат Аламанов жетектеп турчу. Мына ошол комиссия бул маселени иликтеши керек эле. Угармандарга түшүнүктүү болсун үчүн баса белгилеп айтып коёюн, чек араны тактоо маселесине келгенде эле кыргыз тарап менен тажик тараптын позициясы, пикири келишпей талаш чыгып, чечилбей кала берчү. Кыргыз тарап чек ара 1924-жылкы документтин негизинде каралышы керек деп талап кылганбыз, ал эми тажиктер “Жок, 1927-жылкы келишимдин негизинде каралат,” деп талашчу. Ушундай талаш-тартыштар көп убакытты, көп жумушту алып келди.

Ошол үчүн дагы кыргыз-тажик чек арасынын 40% эле такталып, калганы азыркы учурга чейин суроолуу бойдон турат. Буга карабастан, мен ошол чек ара кызматын жетектеп турган учурда эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын чек ара, коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуп, алар менен бир келишимге кол коюуга жетишкем. Анда чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин аягына чыгарыла элек болсо дагы чек араны чогуу кайтаралы, күзөттөрдү бирге чыгаралы деген сунушка макулдатып келгем. Ошого ылайык кыргыз-тажик чек арасын алты жоокер кайтаруу керек болсо, үчөө кыргызстандык чек арачы, үчөө тажикстандык чек арачы жоокер чыгып, ушундай ыкма менен кайтарып келгенбиз.

- Чек ара коопсуздугу деп атабыз, чек араны бекемдөөгө быйылкы республикалык бюджетте каралган акча-каражат жетеби? Мына сиз мүчө болгон парламент быйылкы бюджетти бир далай эле талкууладыңыздар...

- Республикалык бюджеттин мурунку долбоорунда чек араны бекемдөөгө бөлүнгөн акча өтө эле аз болчу. Азыр өкмөт жаңы параметрдеги долбоорду апкелди, бирок ошентсе да бул сумма деле жетишпейт. Чек ара кызматын өнүктүрүү, чек аранын коопсуздугун күчөтүү боюнча канча акча берсе деле аздык кылат. Бирок маселени баары башкада жатат, 1998-жылы “Кыргызстандын чек ара кызматын өнүктүрүү боюнча” атайын программа кабыл алынган, ал программа он жылга белгиленген болчу. Бирок ошол программа аткарылбай калган. Аткарылса дагы 5-10% гана ишке ашып, калганы кагаз жүзүндө гана кала берген. Убагында бул маселени мен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда да ал кездеги президент Курманбек Бакиевге айтып, козгоп чыккам. Бирок ал дагы кайдыгер карап, көңүл бурган эмес. Мына азыр дагы ошонун азабын тартып, башаламан болуп айлабызды таппай отурабыз.

- Токон мырза, сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG