Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Коалициядагы катуу сөз


Өкмөт башчы Атамбаев менен ЖК төрагасы Келдибеков, 2010-жылдын 17-декабры
Өкмөт башчы Атамбаев менен ЖК төрагасы Келдибеков, 2010-жылдын 17-декабры

Парламенттик коалициянын ичинде айрым келишпестиктер пайда болуп, ал коалициянын келечегине коркунуч туудура баштаганы айтылууда.

Бул арада өкмөт башчы тарабынан нааразы тараптын талаптарын орундатуу боюнча айрым кадамдар жасала баштады.

Коалициянын кызматка дайындоолору

Коалициянын ортосундагы келишпестиктер кызмат орундарды бөлүштүрүүгө байланыштуу болгону аныкталууда. Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында коалиция түзгөн КСДП, “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары өкмөттөгү кызматтарды эле эмес, жергиликтүү бийлик, ири акционердик коомдорду да бөлүштүрүп алган. Ошого жараша ар бир фракция өз адамдарын өзүнө таандык мекеме, регион жана акционердик коомдорго дайындап жатат.
Кыргыз парламенти

Маселен, акыркы дайындоолорго көз салсак, Финансы полициясы, “Азык-түлүк корпорациясы”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Учкун” басмаканасына “Республика” фракциясы өз кишилерин дайындады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчиси, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдын акыркы дайындоолорунун бири “Кыргызалтынга” болду. Бул жерге эски социал-демократтардын бири, мурунку энергетика министри Осмон Артыкбаев келип отурду.

"Ата-Журттун" арманы

Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов өз кишилерин дайындоодо эч кандай административдик тоскоолдуктарга дуушар болбосо, “Ата-Журттун” кадрларын дайындоодо “сурануу” зарылчылыгы турат. Анткени кызматтарга дайындоо өкмөт башчы аркылуу жүргүзүлөт. Мына ушул жагдайга байланыштуу “Ата-Журт” фракциясында коалиция боюнча өнөктөштөрүнө суроолор пайда боло баштаган. Ал суроолор өткөн жуманын соңунда катуу коюлуп, эгерде коалициялык келишимдер аткарылбаса, анда “Ата-Журт” коалициядан чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйыткан.
"Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев.

Кыязы, “Ата-Журттун” талаптары өкмөт башчыга таасир эткенби, айтор дүйшөмбү күнү айрым кызмат орундарга бул партиянын адамдары дайындала баштады. Маселен, партиянын тизмесиндеги Ажыбай Калмаматов “Кыргызпатентке”, Юруслан Тойчубеков Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине, Ормон Шаршенов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчылыгына дайындалды. Бирок муну менен “Ата-Журттун” талабы толук аткарылды дешке жарабайт экен. Анткени бул фракция Башкы прокуратура жана “Кыргызтелеком” сыяктуу мекемелерге өз кишилерин дайындоого жетишүүнү көздөп турат.

Белгилүү болгондой, адегенде КСДП “Ар-Намыс” жана “Республика” менен коалиция түзүүгө аракеттенгенде Башкы прокуратураны “Ар-Намыска” берүүгө даяр болгон. Кыязы коалициялык кийинки макулдашууда да “Ата-Журтка” Башкы прокуратура калган.

Роза Отунбаева прокуратураны эмнеге сындады?

Бул жагынан алганда Роза Отунбаеванын прокуратура кызматына карай айтылган сыны коалициялык макулдашууну аткарууга кыртыш даярдоонун амалындай. Роза Отунбаева апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан “Альфанын” кызматкерлеринин антитеррордук операцияга катышуусу үчүн прокуратура кызматын айыптады. А чындыгында соттолуп жаткандар ал операцияларга УКМКнын жетекчилери Кеңешбек Дүйшөбаев жана Марат Иманкуловдун буйругу менен барганы белгилүү. Буларды болсо президент жеке өзү дайындаган.

Конституцияга ылайык Башкы прокурорго талапкерди президент көрсөтүп, парламент бекитүүгө тийиш. Бирок бул иш ушул кезге чейин жасала элек.

“Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев коалициянын ичиндеги маселелер ушул кезге чейин сүйлөшүүлөр менен чечилип келатканын билдирген.

Саясат таануучу Табылды Акеров коалициянын калган мүчөлөрү “Ата-Журттун” талаптарын аткарат деген пикирде:


- Менимче, аткарат. Себеп дегенде жаз келатат. Жазда дагы ар кандай "оюндар" болуп кетиши мүмкүн. Мына Кулов, Мадумаровдардын дагы кыймылдары коалицияга бүтүндөй жоопкерчиликти тапшырууга түртүп жатат десек болот. Мына ошондуктан алардын талаптары аткарылат. Коалицияны сактап калыш үчүн дагы ушул шартка барыш керек болот.

Коалициянын кыйрашы “Ар-Намыс” үчүн эң ыңгайлуу. Анткени өкмөт башчылыкты көздөп келаткан Феликс Куловдун максатын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Фракциялар ортосундагы кызмат бөлүштүрүүлөрдү парламентке кирбей калган саясий күчтөр сындап келатат. Бирок бийликтеги күчтөр коалициялык өкмөттүн түзүлүш табияты ушундай болоорун айтып жооп берип келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG