Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Эгемендикке байланышкан салтанатта Орусиянын президенттик администрация жетекчиси Сергей Нарышкин буга чейинки Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүү боюнча убадалар аткарылаарын айтты.

Айрым саясий серепчилер муну расмий Москванын Кыргызстандагы таасирин бекемдөө аракети катары баалашты.

Орусиянын президенттик администрация жетекчиси Сергей Нарышкин президент Дмитрий Медведевдин атынан куттуктоо сөзүн айтып, Кыргызстан жыйырма жыл ичинде катаал сыноолорду баштан кечиргендигине токтолду.


Колдоо көрсөтүү "кожоюндукпу" же кошуналыкпы?


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Орусиянын президенттик администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде. Бишкек, 30-август, 2011.
Ошондой эле Нарышкин Кыргызстандын экономикасын колдоого алуу боюнча бир катар долбоорлор даярдалып жаткандыгын белгиледи:

- Биз Кыргызстандагы абалдын турукташына көмөктөшүүгө даярбыз. Алдыда биздин өнөктөштүктү жаңы долбоорлор менен байытуу милдети турат. Мына ушуга байланыштуу учурда Кыргызстандын энергетика, газ жана мунайзат тармактарында кызматташуу боюнча макулдашуулар даяр болуп калды. Ошондой эле буга Орусиядан мунайзатын ташып келүүнү үзгүлтүксүз камсыздоо да кирет.

Кремль төбөлдөрүнүн биринин эгемендик күнүн алдында Бишкекке болгон бул иш-сапары коомчулукта түрдүүчө кабылданды. Бирөөлөрү муну Кыргызстанда президенттик шайлоонун алдындагы саясий жүрүш катары карашса, айрымдары аны ызаат көрсөтүүнүн белгиси деп мүнөздөштү.

Ошондой эле муну барган сайын Борбор Азиядагы таасиринен ажырап бараткан расмий Москванын өзүнө имерүү аракети дегендер да аз эмес. Саясат талдоочу Санжар Тажиматов бул үчүн Орусия аймактагы энергоресурстарды колуна алууга кызыкдар деп эсептейт:

- Орусия кийинки он жылда дүйнөдөгү энергетикалык ресурстарды колуна топтоону негизги страгетиялык багытка айлантты. Борбор Азиядагы газ, мунайзат жана электр энергиясы сыяктуу ресурстарды да колго алуу аракеттери башынан эле байкалып келе жатат. Мисалы Орусия Кыргызстандагы Нарын дарыясынын алабында ГЭСтерди куруу жана суу энергетикалык ачкычты колго алуу менен биздин кошуналарга да таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат. Аны булар жакшы түшүнүп турушат. Мында Кыргызстанды таяныч пунтку катары пайдалануу аракети көрүнүп турат.

Анткен менен Кыргызстанда мындай божомолдор менен макул эмес саясий күчтөр да аз эмес. Буга алар тарыхый байланыштын жана көптөн берки кошуначылык мамилелердин болгондугун мисалга тартышат.

“Республика” фракциясынан депутат Назаралы Арипов Орусия Кыргызстанда тынчтыктын жана өнүгүүнүн болушуна кызыкдар деген ойдо:

- Бизде тынчтык болсо, бизде өнүгүү болсо Орусияга эле жакшы экендигин ал жактагылар жакшы түшүнүшөт. Анткени биз кошуна турабыз. Бизди канча убакыттан берки тарых байланыштырып турат. Ошондуктан энергетика болобу, газ жана мунай болобу биз өзүбүзгө келгенге чейин Орусия жардам бергенге эмнеге болбосун? Биздеги абалга тынчсызданышкандыктан ал жактан келишип, кабар алышып жатышат да.


Имерүүнүн "ийкемдүүлүгү"


Ал арада Кремлдин империялык дымагы ойгонуп, аны кеңейтүү үчүн ири долбоорлордун үстүндө иштер жүргүзүлүп жаткандыгын талдагандар бар. Алар Орусия, Казакстан, Белорусия Бажы биримдигин түзүү аркылуу эми ага мурдагы союздук республикаларды киргизүү аракеттери башталгандыгын мисалга тартышат. Өз кезегинде Бажы биримдиги жалпы экономикалык мейкиндикти көздөй тургандыгын жана анын алкагында бирдиктүү валютаны киргизүү мерчеми бар экендигин Кремль төбөлдөрү буга чейин өздөрү дагы ачык айтып келишкен.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов экономикалык колдоо көрсөтүү деп эки жылдан бери айтылып келе жаткан Кремлдин убадалары алыстан ыргытылган чалма болушу мүмкүн деген ойду карманат:

- Дүйнө жүзүндө мунайга болгон баанын өсүшү Орусиянын мурдагы империялык дымагын жогору көтөрүп, ал азыр мурдагы СССРди кайрадан башкача бир формада тургузууну көздөп жаткандыгы жашыруун эмес. Биз менен чын ниеттен эгемендигибизди сыйлап кызматташтык кылбай, “буларды мындай жолдорго салсак, негизги түйүндөрүн колубузга алып алсак биздин көзүбүздү карабай кимдикин карамак эле” деген көмүскө максат жатат. Мына ушундай жолдор аркылуу бизди тышыбыздан башкарып турсак деген ниеттери бар. Биз мындай тузакка илинип калбай этияттап мамиле кылышыбыз керек.

Былтыр Орусия Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында Кыргызстанга аскердик техника жана каржылык жактан жардам берүүнү убада кылып, бирок ал убадалар бир жылдан бери аткарыла элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG