Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматчылардын жаңы муунун аренага чыгаруу аракети башталаарын жар салды.

Өкмөт 2014-жылга чейин кыргыз, орус жана англис тилдерин сөз жок билүүнү жана башка катаал талаптарга төп келген адистерди аткаруу аппараттарына алууну көздөп жатышат. Ушунча кыска убакта дүйнөлүк стандартта иштей алган мамлекеттик бюрократияны жаратса болобу, буга чейин Акаев менен Бакиевдин кадрдык саясатынан неге майнап чыкпай калды?


Студиянын коноктору Аалыбек Акунов - профессор, саясат таануучу, Сейтек Качкыналиев - Жапонияда билим алып аткан кыргыз жараны, Жыргалбек Турдукожоев – президенттик аппараттын өкүлү.


Кыскартуу – негизги реформа эмес


“Азаттык”: Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын 20% кыскартып, аткаруу бийлигин кайра түзүп чыгуу демилгесин көтөрүүдө. Өкмөттүн соңку жыйынында Алмазбек Атамбаев бир апта ичинде мамлекеттик кызматта отургандарды 20 пайызга кыскартуу боюнча сунуш иштеп чыгууга көрсөтмө берди. Ошол эле учурда кызматкерлердин жоопкерчилигин, милдетин да жогорулатып, айлыгын да көтөрбүз деп атат. Бирок алынган кадрлар үч тилди: кыргыз, орус, англис тилин билиши керек экен. Ушул талаптарды кандай көрүп атасыздар?

Жыргалбек Турдукожоев: Өкмөттүн айтылып жаткан чечими жаңы чечимдерден эмес. Акыркы 20 жылдын ичинде президент, өкмөт, парламент тарабынан жүздөгөн чечим кабыл алынган. Бирок бири дагы аягына чейин ишке ашырылган эмес. Бул жолу өкмөттүн койгон максатын аягына чейин чыгарат деп тилейли. Кыскартуунун өзү жакшы.

Мамлекеттик кызмат республикалык бюджеттин 29 пайызын жейт деген эмне тамтык, бул үчтөн бир деген сөз. Ошол эле учурда социалдык чөйрөгө 41 пайыз берилет. Мындай дүйнөдө эч бир мамлекетте жок. Бюджетибиздин алсыздыгын эске алсак, сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматтын сапатын көтөрүү менен, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу менен кызматкерлердин санын кыскартыш керек. Жөн эле кыскарта бербей албетте ар бир мамлекеттик мекемеде кайсы тармагында канчага кыскарыш керек, функционалдык жагын, азыркы шартты эске алуу менен кыскартып алыш керек.

“Азаттык”: Кадрлар туура тандалып алынып атабы?

Аалыбек Акунов: Биздин республикада иштелип чыккан илимий негизде кадр саясаты жок. Кадр боюнча реформа десе эле, булар кыскартууну түшүнүшөт. Кыскартуу бул дагы реформа, бирок бул реформанын негизгиси эмес. Мамлекеттик кызматкерлердин курамын болжол менен экиге бөлсө болот. Бир бөлүгү совет мезгилинен баштап иштеп калган, тажрыйба топтогондор. Бирок жаңыча менеджерлик принципти анча өздөштүрбөгөн, компьютерде иштегенди билбеген, бирок байланышты түзө билген советтик типтеги кадрлар. Экинчи, азыраак бөлүгү бул жаштар. Аларда менеджерлик билими бар, бирок аларда тажрыйба жок, мамиле кылганды билишпейт. Экөөнүн ортосунда карама-каршылыктар бар.

XXI кылым кадрларды даярдоо менен мамлекет өзү акча төлөп чет өлкөдөн окутуп алгандарын да карабайт. Өзүнүн акчасына окуп келгендер мындай эле турсун. 20 пайыз кыскартуу деген Акаевдин мезгилинен эле келатат. Ошондон бери кыскарып отурса алар мурда эле жок калмак. Ал ишке ашкан деле жок. Тилди билген, чет өлкөдөн окуп келгендер кыскарып атат. Азыркы мамлекеттик кызматчылар эч качан орундарын бербейт, буга чейин да берген эмес.


Кадр тандоо жана жайгаштыруу


“Азаттык”: Сейтек мырза, сиз Жапонияда бир топ убакыттан бери жүрөсүз. Ал жакта башкаруу бийлик бутактары кандай түзүлөт, кандайча кадр тандалат, салыштырып айта кетсеңиз?
Биздин өлкөгө 12 эле министрлик жетмек. Булардын айлыгын үч эсе көтөрсө болмок. Экинчиден, жаңы түзүлгөн структурага нөлдөн баштап конкурс менен алса чыныгы профессионалдар келмек. Мамлекеттик бюджет 3 жылдын ичинде 7-8 млрд. жетмек...


Сейтек Качкыналиев: Жапонияда Комуниседо деген система бар. Бул мамлекеттик кызматка кире турган атайын илимий негизде иштелип чыккан система. Бул системаны башкарган өзүнчө мамлекеттик аппарат бар. Биздин өлкөдө мамлекеттик кадр кызматы деген бар, ошол сыяктуу. Алар жыл сайын мамлекеттик кызматтарга коридор сыяктуу бир учурда бүткүл мамлекеттик борбордук, айылдык, райондук кызматтарга сынак өткөрөт. Ошол сынактан өткөн кишилер гана мамлекеттик кызматка тартылат. Ал жерде кайсы уруудан экенсиң, кимдин тууганы экенсиң деп карабайт.

Бизде бул кандай формада өткөрөт, кайсы критерийлер болот, ошолор тууралуу телевидение, гезиттер, фейсбук аркылуу элге айтылган жок. Илгерки бойдон эле кала берет. Жакында Токиодон биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов менен чогуу учуп калдык, мамлекеттик кызматка келбейсиңерби дейт. Барабыз силер чакырсаңар десем, “биз силерди чакырбашыбыз керек, силер өзүңөр келип мамлекеттик кызматка киришиңер керек” дейт. Мен айттым, расмий мамлекеттик кызматка кире турган коридорду түзгүлө, биз кирели. Силер дайыма текчеден киргизип, өзүңөргө керектүү кишилерди гана тартып атасыңар дедим.

“Азаттык”: Сиз азыраак айлык болсо мамлекеттин өнүгүшүнө иштеп берейин деп келет белеңиз. Канча айлыкка келмексиз?

Сейтек Качкыналиев: Материалдык жагы да абдан кызыктыра турган нерсе. Бирок айлыкты көтөрө турган бир механизми бар, структуралык реформаны кылса болот. Биздин кыргыз мамлекетинде 5 млн. калкы бар. 37 министрлик бар, расмий айтканда 19, калгандары агенттик менен фонддор. Алардын 20 пайызын эмес, 60 пайызын кыскартыш керек. Биздин өлкөгө 12 эле министрлик жетмек. Булардын айлыгын үч эсе көтөрсө болмок. Экинчиден, жаңы түзүлгөн структурага нөлдөн баштап конкурс менен алса чыныгы профессионалдар келмек. Мамлекеттик бюджет 3 жылдын ичинде 7-8 млрд. жетмек.
Мамлекеттик кызматка кирейин деп расмий эшик издеп көрсөм, бир дагы министрликтин эшиги жок экен. Текчеден кириш керек болуп атат...


Аалыбек Акунов: Биздин премьер-министр министрликтерге бир жума убакыт берди, кандай кыскартыш керек сунуш бергиле деди. Кадр маселесин чечкенде 2-3 маселеси бар, кадрды даярдоо, тандоо жана жайгаштыруу деген. 20 пайыз кыскартуу деген тандоо деген сөз, өзүн көрсөтө албагандар, адашып келип калгандар кетсин деген сөз. Премьер-министр дагы кээ бирөөлөрдү жумуштан кетирип жатып, эмне үчүн кетирдиң десе бүгүнкү күндө жооп бере албайт.

“Азаттык”: Азыр өкмөт сыноо менен, тилдерди билгендерди, мыкты кадрларды алабыз деп айтып атпайбы. Сиз өкмөттүн ушинтип айтканына ишенесизби?

Сейтек Качкыналиев: Эч ишенбейм. Бул тафтология, айтылып эле келген сөз. Ал үчүн биринчи кадр кызматын азыр толугу менен таркатып туруп, 14 эле кишини алып келсе болот. Жарымын кыргыздардан, калган жетөөнү кадрдык системада иштеп жүргөн алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдөн бирден менеджер алып келсе, бирин-бири аңдып, байкап турат. Болбосо карышкырларга кой кайтарткандай эле болот.

“Азаттык”: XXI кылымдын кадрлары деген программанын алкагында чет өлкөдө окутуп, алтургай окуусун төлөп берген учурлар да болбоду беле Акаевдин учурунда. Кийин деле уланып жүрдү. Бул деле ошондой болуп калбайбы?

Жыргалбек Турдукожоев: Уланып атат кагаз жүзүндө, иш жүзүндө уланган жок. Бул багытта зарыл иштер жасалган жок. Жаш кадрлар болобу, тажрыйбалуу кадрлар болобу өзү менен өзү болуп атат. Бул тармакта системалуу иш жүргүзүлгөн жок.

“Азаттык”: Ушундай сөздөр болуп атат деп Ак үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгүңүз барбы?

Жыргалбек Турдукожоев: Мен жарандык парзым катары эсептейм. Өзүмдүн кызматтык милдетим президентке, бийликтин жоргорку органдарына сунуштарды берип туруш.


Эшиктен эмес, тешиктен кириш керекпи?


“Азаттык”: XXI кылымдын кадрлары тажрыйбасы көрсөттү да, чет өлкөгө окууга жөнөттү, бирок алар кайрылып келбей койбодубу?
Чет мамлекеттен билим алып келгендерди мамлекет албай койгону менен алар өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүп атышат. Муну мамлекет пайдаланыш керек эле, бирок орун жок....


Аалыбек Акунов: Айтып аткан башаламандык мамлекеттик кызматтын ичинде. Эки бөлүп караш керек. Жеке менчик сектор деген бар. Чет мамлекеттен билим алып келгендерди мамлекет албай койгону менен алар өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүп атышат. Муну мамлекет пайдаланыш керек эле, бирок орун жок.

Сейтек Качкыналиев: Мамлекеттик кызматка кирейин деп расмий эшик издеп көрсөм, бир дагы министрликтин эшиги жок экен. Текчеден кириш керек болуп атат. Сынак кылып эшикти ачсын, анан киребиз да.

Жыргалбек Турдукожоев: Азыр көп министрликтерде, расмий гезиттерде конкурс жарыяланган. Ушул сынактын бирөөнө катыштың беле?

Сейтек Качкыналиев: Мен тышкы иштер министрлигине документтеримди бергем. Бирок бир дагы жолу сынак болгон жок. АКИпресске чыкты эле, кайсы бир министрликке сынак болуп атат шпаргалка менен кармалды деп, ал эмне үчүн телевидениге тартылып көрсөтүлгөн жок, сөгүш берилген жок, камалган жок.

Аалыбек Акунов: Тигил же бул партия бийликке келсе саясий кызматты алмаштырбайбы, эмне үчүн административдик кызматкерлерди, айыл өкмөтүнө чейин биздин партиянын өкүлү болсун дейт. Биз изилдесек, мени кызматтан алды дейт, себеби эмне десек, менин ордум башка партияга бөлүнүп калыптыр дейт. Саясат жоктугунан ушундай болуп атат.

“Азаттык”: Үч тилди билиш керек деп талап коюп атышат. Бирок үч тилди билгени менен жөндөмдүүлүгү жок болсо кандай болот? Мисалы англис тилин билбей, кыргыз, орус тилин билген адамдар аябай жөндөмдүү, мыкты иштейт, алар кайда барат?

Аалыбек Акунов: Саясат жок болсо, иштелип чыккан консепцияң жок болсо, алдыда шайлоолор турса жакшы сөздөрдү айтыш керек да.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, сиз мамлекеттик кызматкерсиз. Азыраак айлык болсо деле мамлекеттик кызматка өзүнүн бизнесин коргош үчүн барат деген сөздөр бар. Сиз ушундай пикирге макулсузбу?

Жыргалбек Турдукожоев: Ал пикирдин чындыгы бар. Себеби ушул кезге чейин бизде мамлекеттик бийлик бизнестин, коммерциянын бир түрү болуп келген. Президенттик дагы, премьер-министрлик дагы коммерциялык кызмат болуп калган. Ушул салттан биз тилекке каршы ажырай албай атабыз.

“Азаттык”: Азыр мамлекеттик кызматка келем деген жаштар, ошол эле чет өлкөдөн окуп келген мыкты билими бар патриот балдарга айтып койсоңуз, мамлекеттик кызматтын кандай артыкчылыктары бар?

Жыргалбек Турдукожоев: Мамлекеттик кызмат азыр өтө жоопкерчиликти талап кылат. Эгерде адам өзү жоопкерчиликтүү, даяр болсо, жөндөмү, мүмкүнчүлүгү, тажрыйбасы, билими бар болсо, бул өтө оор, жоопкерчиликтүү кызмат. Бизнес стуруктурага, жарандык секторго караганда мамлекеттик кызматта абдан аз төлөнөт.

“Азаттык”: Мисалы сиздин айлык акыңыз канча?

Жыргалбек Турдукожоев: Мен 30 жылга жакын тажрыйбам менен, күндүр-түндүр, дем алышы жок иштегеним үчүн, жашыруун сырларды сактап жүргөнүм үчүн, класстык чиндердин баары кошулгандан кийин 20 миңдин тегерегинде алам. Менин кызматым саясий кызмат болуп эсептелет.

“Азаттык”: Өкмөт айтып атат, азыр акимдерден бери тил билген, билимдүүлөрдү сынак менен алабыз деп. Сейтек сиз 30-35 миң айлыкка аким болуп артта калган районду башкарып иштегенге макул болот белеңиз?

Сейтек Качкыналиев: Эгер өзүм кызыкдар болуп, сынактан өтсөм бармакмын. Мамлекеттик кызмат экиге бөлүнөт. Саясий кызмат бул министрликтер, министрдин орун басарлары. Жеңген партия коалиция биригип чече турган топту гана ээлей турган нерсе. Ал эми астындагы ачкыч кармай тургандар кесипкөй, адситер болуш керек. Аларды бир дагы министр кызматтан алалбаш керек.

“Азаттык”: Сынак деген жакшы үмүттү пайда кылат жаштарга. Бул ушул көз карашты сындыра алабы?

Аалыбек Акунов: Сынак сындыра алат деп айтыш өтө кыйын. Кадрды тандоонун сынактан башка дүйнө жүзүндө электен өтүү жолу бул - шайлоо. Бурмаланып өткөн шайлоо дагы сынактан өйдө турат.

Сейтек Качкыналиев: Эгерде конкурсту жарыялап Отунбаева, же Атамбаев болобу телевидениеден, фейсбуктан чыгып, мен силерге кепилдик берем, жакынкы иштер бар, эки жылдан кийин мындай кылабыз деп жалындуу сөздөр менен айтса бардык кыргыздар ишенип, артынан ээрчип кетмек. Ошону кыла албай атат, саясий эрк жок.

Аалыбек Акунов: Ак ниети менен иштебегендерди электен өткөрбөй коё турган система керек. Келдиңби каалайсыңбы, каалабайсыңбы ак ниетиң менен иштейсиң. Эгерде андай кылбасаң жоопкерчик күтүп турат. Бүгүн жоопкерчилик жок.

“Азаттык”: Силер айткан суроо талаптар, пикирлер эске алынат деген үмүттөбүз. Рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG