Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Молдалиев: Жаңжалсыз жашаганга көнүшүбүз керек


Бишкекте дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы аймактык жаңжалдар, алардын алдын алуу боюнча илимий талкуу өтүүдө.

Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде өткөнү жатканы бул иш чараны утурлай президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Көп түрлүү, көп диндүү, көп улуттуу элдер арасында бир мунасага келип жашоо мүмкүнбү? Кыргызстандагы жаңжалдар тууралуу сөз болгондо, башка өлкөлөргө, адатта Европага, АКШга салыштыруу, аларды өрнөк катары көрсөтүү мода болуп калгандай. Бирок бул өлкөлөрдө аймактык жаңжалдар бир канча ондогон жылдардан кийин жөнгө салынган эмеспи.

Орозбек Молдалиев: Негизинен конфликтсиз жашоо болбойт. Биз муну эске алып туруп жашашыбыз керек. Ошон үчүн жаңжалдын алдын алганды, конфликт чыкканда аны жөнгө салганды жана конфликттен кийинки кырдаалды оңдогонду үйрөнүшүбүз керек.

Адамзаттын байыркы тарыхынан бери жаңжалдар болгон. Мисалы сиз мисал кылган Европада 30 жылдык согуштан кийин Версаль тынчтык келишимине кол коюлуп, ошондон кийин Европа цивилизациялуу жолго түшүп баштаганы менен эки дүйнөлүк согуш тең Европада болду.

Биринчи да, экинчи да дүйнөлүк согуш Европада болду. Ошолордун азабын тарткан европалыктар туура жыйынтык чыгарып, конфликттер боюнча чоң тажрыйба топтоп, Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түзүлүшү, тынчтык боюнча көп демилгелердин чыгып жатышынын себеби да ошондо.

Советтер Союзу тарап кеткенден кийин, кансыз согуштан кийин дүйнө жүзүндө майда конфликттер көбөйүп кетти. Бул көбүнчө этникалык, диний, жикчил негизде болгон жаңжалдар. Ушундай жаңжалдар, анын алдын алуу, жоюу, чечүү жолдорун талкуулап-талдоо боюнча иш-чаралар уюштурулушу керек.

“Азаттык”: Кыргызстан былтыркы коогадан туура жыйынтык чыгара алдыбы?

Орозбек Молдалиев: Туура жыйынтык чыгара алды деп ойлойм. Анткени ар кандай көз карандысыз жана улуттук комиссия иликтеди. Баарынын тең негизги жыйынтыктары бир эле болуп жатат. Конфликттин келип чыгышы, себептери бир эле болуп жатат. Эми үстүртөн айтып, саясатташтырган пикирлер жок эмес. Бул үчүн убактылуу өкмөттү күнөөлөй коюп, айрым саясий лидерлерге айып тагып болбойт. Бул жаңжалдын негизги себеби тереңде. Аны улуттук комиссиянын корутундусунда жазып чыкканбыз. Тарыхый, экономикалык себептери бар.

Мисалы 2008-жылкы, андан кийин 2009-жылкы социологиялык иликтөөлөрдү салыштырсак, 2009-жылы калктын 40 пайыздан көбү этникалык жаңжал чыгышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин айтышкан. Мунун өзу эле жаңжал тутана баштаганын билдирип турган. Эми жаңжалдардын алдын алуу чаралары колдонулат, бирок дайыма эле көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калат.

“Азаттык”: Этностор аралык мамиле тууралуу сөз болгондо кыргыздар мыйзамдуу эле талаптарды коюп жатат деген жүйөө да айтылат. Анткени кыргыздардын Кыргызстандан башка мекени жок, алар ушул гана өлкөдө улуттук кызыкчылыктарын, маданиятын, тилин коргоп, ата мурасын сактап кала алат дешет. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттар муну жетиштүү эле аңдап-түшүнүп жатат деп ойлосузбу?

Орозбек Молдалиев: Туура маселени козгоп жатасыз. Биринчиден, чынын айтыш керек, муну биз кыргыздар, улуттук элитанын өкүлдөрү өзүбүз сезе элекпиз.

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам киргизип жаткан кезде Чыңгыз Айтматовдун “кыргыз тилинин өнүгө турган бир эле жери бар. Ал – Кыргызстан. Башка тилдердин өнүгүп кете турган өз мекени бар”, - деп айтканы бар. Ал кишини улутчул деп айыпташкан. Ошон үчүн азыр жаңы кабыл алына турган этностор аралык мамилени мындан ары өнүктүрүү боюнча концепциянын негизинде кыргыз тилин бардык улуттар үйрөнүп, кыргыз тилинин тегерегинде биригүү тууралуу идея бар.

Ушундай идеяларды биз өзүбүз алдыга алып чыгып баштабасак, муну ким жасайт? Адегенде өзүбүздүн тилибизди өзүбүз сыйлап, өзүбүз сүйлөп, калган этностор бул тилде сүйлөгөнгө шарт түзүп беришибиз керек. Бирок шарт түзүп берүү дегенди кээ бир этностун өкүлдөрү ар бирибиздин үйүбүзгө бирден репетитор, келип анан биз үйрөнөбүз деп түшүнүшөт экен. Ал андай эмес да.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG