Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Алмазбек Атамбаев “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор боюнча эки тараптуу макулдашуу узартылбай турганын билдирди.

Атамбаевдин мындай билдирүүсү эл аралык маалымат каражаттарында талкуу жаратып, АКШнын мамлекеттик департаменттинин өкүлү Виктория Нуланд Кыргызстандын жаңы бийлиги менен бул боюнча кеңешмелер болоорун белгилеген. Атамбаевдин мындай билдирүүсү Кыргызстандын коомчулугунда да талкууга алына баштады.

Коопсуздукка коркунуч каяктан?

Президенттик шайлоодо жеңүүчү деп айтылып жаткан Алмазбек Атамбаев 1-ноябрь күнкү маалымат жыйынында “Манас” аба майданында аскердик мүнөздөгү америкалык транзиттик борбордун турушуна каршы экендигин айтып чыкты. Алмазбек Атамбаев анда чет элдик аскер базасынын Кыргызстандын аймагында турушу коопсуздука коркунуч туудурарын белгиледи:

- Америка Кошмо Штаттары көптөгөн аскердик чыр-чатактарга катышып жүрөт. Бул ошол эле Ирак, андан кийин Ооганстан. Мына азыр АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиле курч болуп турат. Мен мына ошол мамлекеттердин бири качандыр бир учурда биздин аймакта турган бул аскерий базага карата сокку урушун каалабайт элем. Ошондуктан жарандык багыттагы аба майданы жарандык кызматтарды аткарууга гана иштеши керек. Мына ошондо гана бизге бир кыйла коопсузураак болот деп ойлойм.
Бул базаны кетиребиз-кетирбейбиз деп жүрүп Кыргызстан тышкы саясатта туруктуу эмес экендигин көргөзүп алды.
Мирослав Ниязов


Атамбаевдин аталган билдирүүсүнө карата АКШнын мамлекеттик департаментинин жообун эл аралык маалымат агенттиктери жазып чыкты. Анда департаменттин өкүлү Виктория Нуланд 2014-жылга чейин транзиттик борборду иштетүү боюнча Кыргызстан менен бекитилген макулдашуу бар экендиги жана ал мөөнөт аяктаганда гана борбордун келечеги туурасында сүйлөшүүлөр болооруна ишенимин билдирген.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов америкалык база боюнча Кыргызстандын тышкы саясаты туруктуу болбой жаткандыгын сынга алды:

- Бул базаны кетиребиз-кетирбейбиз деп жүрүп Кыргызстан тышкы саясатта туруктуу эмес экендигин көргөзүп алды. Бизге көп учурда ишенбей калышты. Албетте тышкы саясатта түбөлүктүү дос, түбөлүк душман дагы болбойт. Бирок түбөлүктүү улуттук кызыкчылык болот. Биз мына ушул базага байланыштуу маселени мына ошол улуттук кызыкчылыкка карата чечсек жакшы болот эле. Мисалы үчүн азыр Ооганстан тараптан коркунуч барбы же жокпу? Болсо калтыралы, болбосо анда аны чыгара берсек болот. Бирок менин оюмча, азыр Ооганстан жактан биздин коопсуздугубузга коркунуч бар. Ошондуктан ушундай жагдайларды эске алып, анан чечим кабыл алышыбыз керек.

Талдоочулар болсо Орусиянын жетекчилиги Атамбаевдин америкалык транзиттик база боюнча билдирүүсүнөн кийин гана аны жеңиши менен куттуктагандыгын белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов Атамбаевдин база боюнча билдирүүсүн Кремлге карата жасалган жагынуучулук ишараты катары баалады:

- Биздин президенттер Орусияга бара калып эле ал жактан карыз акча алууга макулдашса эле, эмне кылаарын билбей АКШ базасын чыгара койобуз деп чыгышат. Мына Бакиев “чыгара койом” деп 300 миллион АКШ долларын алган. Атамбаев болсо ЕврАзЕШтин фонду аркылуу Орусия 106 миллион доллар карыз беребиз десе мурда берген убадасын аткарып, шайланаары менен аталган билдирүүсүн жарыялап жатат. Бул туура эмес. Биз бир мамлекеттин каалоосун аткарбай, бирөөнө жагына бербей көп жактуу тышкы саясат жүргүзгөндө гана эгемендикти сактап калабыз.


Чуулган издөөнүн жолдору

Негизи эле президенттик кызматка бекий электе эле ушундай маселе боюнча билдирүү жасагандын өзү туура эмес.
Уран Ботобеков

Ошол эле кезде дүйнөлүк прессада Атамбаевдин америкалык транзиттик борбор боюнча айтканын ашкере чуулдатып, ага геосаясий түс берүүгө аракеттер болду дегендер да жок эмес. Анткени Атамбаев эл аралык келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин сактала тургандыгын жана андан ары чет элдик базаны калтырууга негиз жок экендигин белгилеген Кыргызстандын расмий позициясын гана кайталаган.

“Айкөл эл” саясий партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирүүнү эл аралык журналисттер көбүртүп-жабыртып жиберишти деген ойдо:

- Мунун бардыгын Бишкекке бир күнгө шайлоону чагылдырганы келишкен эл аралык журналисттер дуулдатып жиберишти. Бирок айтылган билдирүүдө кандайдыр бир олуттуу бурулушка багыт бере тургандай жаңылык деле жок болчу. АКШга Кыргызстандын позициясы белгилүү. Анда эки тараптуу келишимди так аткарабыз, бирок 2014-жылдан кийин база бул жерде болбошу керек деген мазмун жатат. Бул бир эле Атамбаевдин пикири эмес. Ал былтыр 7-апрелден кийин бийликке келген саясий жетекчиликтин бир ооздон кабыл алган чечими.

Анткен менен эл аралык мамилелер боюнча адистер Атамбаевдин америкалык транзиттик база боюнча жообун дипломатиялык эрежелерге сыйбай тургандыгын айтып, сынга алышты.

Серепчи Уран Ботобеков мамлекет башчылык кызматка киришкени турган адамдын курч мүнөздө айтылган ал билдирүүсү эки тараптуу мамилеге таасирин тийгизип койушу мүмкүн экендигине токтолду:


- Бул нерсе биздин тышкы саясатка өтө таасир эте турган билдирүү болуп калды. Биздин батыштагы өнөктөштөр өздөрүнүн дипломатиялык каналдары аркылуу бул жагдайды тереңирээк билүүгө кызыгышат болуш керек. Негизи эле президенттик кызматка бекий электе эле мына ушундай маселе боюнча билдирүү жасагандын өзү туура эмес. Ал мамлекет башчысы катары ишке киришкен учурда да мына ушундай билдирүү менен чыгып, кандайдыр бир кадамдарга барганда аны түшүнсө болот эле.

“Манас” аба майданындагы америкалык аскерий-аба базасы 2001-жылы ачылып, ал 2009-жылкы президенттик шайлоонун алдында транзиттик жүк ташуучу борбор болуп өзгөргөн болчу. Андагы 2014-жылга чейин белгиленген жаңыдан түзүлгөн макулдашууга ылайык, расмий Вашингтон базанын акысын жылына алтымыш миллион АКШ долларына көтөргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG