Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Бийлик мунарасында маалымат согушу күч алды


Алмазбек Атамбаев Акматбек Келдибековду Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланышы менен куттуктоодо. 2010-жылдын 17-декабры.
Алмазбек Атамбаев Акматбек Келдибековду Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланышы менен куттуктоодо. 2010-жылдын 17-декабры.

Парламенттик башкаруу коалициясын түзүп, жогорку кызматтарды бөлүштүрүү алдында саясий күчтөрдүн ортосунда маалымат согушу күч алды.

Тараптар бири-биринин кыңыр иштерин ашкерелеп, коомчулуктун алдында кимдин кимдигин аныктоого ашыгууда.


Кадимки кара пиардын кармашыбы?..
Төраганын ишиндеги кемчиликтер боюнча сын-пикирлерди айтсак эле ошонун кызмат ордун тартып алууга жандалбастап жатыптыр деген туура эмес да.
Чыныбай Турсунбеков


Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген Социал-демократтар жана “Ата-Журт” фракцияларынын ортосунда тирешүү орун алды. Ага КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Келдибековдун ишмердүүлүгүн сынга алган талкуу себеп болду.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов муну жаңы коалиция куроонун алдындагы саясий оюн катары баалады:

- Мунун бардыгы өздөрүнө жакпаган “Ата-Журт” сыяктуу фракцияны сыртка сүрүп чыгарып, анан калганын өзүбүз билгендей жасайбыз деген аракет. Эгерде төраганын ишинде мыйзамсыздыктар болсо аны карап, териштирүүнүн тартиби бар. Аны кызматтан алуунун жолдору да мыйзамда жана баш мыйзамда жазылган. Анан чын бышыгын аныктабай туруп эле каралап чыгуунун кажети бар беле. Бул уюштурулган кара пиар. Бул туруктуулука шек келтирет.

Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү.
Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү.

Буга чейин жалпы парламенттин чыгымдарынын ашкере көбөйгөндүгү жана төраганын ишмердүүлүгүн камсыздоодо ысырапкорчулукка жол берилгендиги сынга алынган болчу. Мунун бардыгы парламенттин иш башкармалыгынын каржылык баяндамасын угуу учурунда белгилүү болду.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков кемчиликтерди жарыялоону “атажуртчулар” оор сокку катары кабыл алып, ага курулай каралоо менен жооп берип жатышат деген ойдо:

- Төраганын ишиндеги кемчиликтер боюнча сын-пикирлерди айтсак эле ошонун кызмат ордун тартып алууга жандалбастап жатыптыр деген туура эмес да. Алар кантип актанышаарын билишпейт, тескерисинче мага каршы каралоону өздөрү уюштуруп башташты. Анткени чындык ачуу болот. Бирок биз кызматка барайын деген максатта эмес, болгону парламентте кетирилип жаткан каржылык кемчиликтер боюнча гана пикирибизди айтып чыктык.


Президент менен өкмөттүн чыгымын эмнеге эсептешпеди?


Анткен менен “Ата-Журт” фракциясынын айрым мүчөлөрү төраганы каралоонун артында аталган фракцияны башкаруучу коалицияга киргизбей сүрүп чыгаруу аракети турат деп шекшишти. Анткени алар парламенттин бардык чыгымдары үчүн төраганы айыптоого орчундуу негиз жок деп эсептешет.

Мамлекеттин каражатын чыгымдоодо президент менен өкмөттүн аппараты парламенттен ашып түшөөрүнө Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мындайча мисал келтирди:

- Президенттин иш башкармалыгы жылына бир жарым миллиард сом, өкмөт болсо бардык министрликтери менен кошкондо 20 миллиард сом чыгымдап жатат. Биздин парламенттин бюджети болсо болгону жылына жети жүз кырк миллионду түзөт. Анан мына ушундай көзгө сайса да көрүнүп турган айныгыс факт турса бизди кайра каралап жатышканы кандай...


Башбакандыктын “баасы” бычылганбы?


Мындан сырткары премьер-министрлик сыяктуу чечүүчү кызмат орундары үчүн да маалымат согушу орун алууда. Өкмөт башчылыкка талапкерлердин бири катар айтылып жаткан башбакандын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов кыргыз-казак инвестициялык фондунун эсебин чет өлкөдө жашырыкча ачкан деген маалыматты башкы “атамекенчи” Өмүрбек Текебаев жарыялап чыкты.

Бирок Бабановдун иш-аракеттери анын кызмат тепкичине жогорулашына тоскоол боло албайт деп эсептейт саясатчы Исхак Масалиев:

- Негизи эле жогорку мамлекеттик кызматка ишкердин барышы туура эмес. Бул боюнча мен учурунда Данияр Үсөнов өкмөт башчысы болгондо да айтып чыккам. Ишкерлер өзүнүн чөнтөк кызыкчылыгы менен өкмөттүкүн айырмалай албай калышат. Бирок бул жолу деле өкмөт башчысын тандоодо дагы бир дасыккан ишкер Бабанов мырзага жол ачылганы турат. Анткени бул маселе шайлоонун алдында эле чечилип калган.

Ошол эле кезде мезгилдүү басма сөздө бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн оң же терс жактары байма-бай чагылдырыла баштады. Мунун бардыгы жогорку бийлик орундарын кайрадан бөлүштүрүүгө байланыштуу дешет серепчилер.

Медиа талдоочу Абдымомун Мамараимовдун айтымында, атка минерлер тууралуу майда-барат кыңыр иштер боюнча маалыматтардын чыгышы аларды тандоого таасир эте албайт:

- Эгерде жогорку кызматка бара турган тигил же бул саясатчы тууралуу өтө олуттуу “бомбадай” жарылган фактылар эле чыгып калбаса, майда-барат ушак-айыңдар, же болбосо алардын мурдагы ишинде аныкталбаган кемчиликтери алардын кызмат абалына таасир эте албайт. Ошондуктан маалымат согушу коомдук пикирди түзүп, чечимдердин өзгөрүшүнө багыт бере алат деп айта албайм.

Серепчилер жогорку мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн сатып алуу, соодалашуу же опузалоо сыяктуу саясий күрөштүн башка түрлөрү да колдонулушу мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт.

XS
SM
MD
LG